Коопсуздук кнопкасы: балдарды кантип коргойбуз?
Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы
Кыргызстанда кыз-келиндер жана балдарга карата зордук-зомбулук күч алып жаткан чакта айрым бейөкмөт уюмдары Акыйкатчы аркылуу өлкө ичинде атайын коопсуздук кнопкасын ишке киргизүүнү демилгелеп жатышат.

Омбудсмен Атыр Абдрахматова өлкөдө зордук-зомбулуктун курмандыктары жыл сайын көбөйүп, ал эми ИИМ анын алдын ала албай, кесепети менен гана күрөшүп жатат, дейт:
“Зордук-зомбулукка кабылганда бизде адатта кандай болот, милицияга кайрылсаң сөзсүз “кел, арыз жаз, анан аракет көрөбүз” дешет. Бул көнүмүш адат болуп калды. Жабыркаган тарап милицияга кайрылганда деле айрым учурларда алар кайра басмырлоо жана шылдыңдоого тушугат. Мисалы, “абайлабайт белең”, “өзүңдүн кебетеңди карабайсыңбы” деген сөздөр угушат”,- дейт Акыйкатчы. - “Ошондуктан биз коопсуздук кнопкасын киргизели деп атабыз. Андай учурда милиция факт түрүндө арызды күтүп отурбай, кылмыштын алдын алуу менен иштейт. Бала мектептеби, аялдамада кайда жүрбөсүн эгер андан сигнал келсе, шак эле, өкмөт тарабынан бекитилген иш-аракеттердин алгоритми ишке кириши керек”.
Бул тууралуу Атыр Абдрахматова парламентте маселе көтөрүүгө камынууда, ал депутаттардын колдоосуна үмүт кылып жатат.
Бирок азырынча бул демилгени кантип ишке ашары бүдөмүк .
Ириде анын механизмдерин иштеп чыгуу, андан кийин уюлдук операторлордон коопсуздук кнопкасы үчүн атайы номер бөлдүрүү жагы турат.

Сүрөттүн булагы, Official
Коопсуздук кнопкасы Кыргызстан үчүн жаңылык эмес, 2016-жылы ИИМдин алдында Патрулдук милиция башкармалыгы ачылып, ал иш алып барган бир жыл ичинде өлкөдө GPS менен иштей турган SOS тиркемеси ишке кирген.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
“Анда жеке менчик уюмдар ИИМге көмөктөшкөн. Андай кнопка кайсыл жерден басылса, дароо патрулдук милиция бара калчу. Бирок бир жыл өтпөй патрулдук милиция иштебей калып, ал долбоор да калып калган. Көйгөй бар болчу, бирок долбоорду иштетүү механизми жок болуп калган”, -деди ИИМдин басма сөз кызматынан Эрнис Осмонбаев.
Cоңку жылдары Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы коопсуздук кнопкасынын анологдорун ишке киргизүүнү демилгелеп келет. ИИМ дагы учурда Түркиянын бул жааттагы тажрыйбасын изилдеп жаткан чагы.
"Жакынкы эки айда KADES аттуу программанын негизинде пилоттук негизде жаңы долбоор баштап жатабыз. Ал коопсуздук кнопкасы аялдар жана балдар үчүн иштейт. Азыр программанын ачкычын алганы жатабыз, инфраструктураны да даярдайбыз",- деди парламентте ИИМ министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков.
Буга чейин ыктыярчылар дагы коркунучтуу жагдайга кабылган кыз-келин жана балдар үчүн “Тез жардам” мобилдик тиркемесин иштеп чыгып, бирок каражаттын жетишсиздигинен улам ал эл арасында кенен жайылбай калган.

Сүрөттүн булагы, Social media
“Айкын багыт” коомдук фондунун өкүлү Гулзат Мукалиева ал тиркемени IT адистерине атайын буйрутма берип, ал 2017-жылы эле иштелип чыкканын Би-Би-Сиге айтып берди.
“Ал тиркемени биз “Спасательный круг” деп атаганбыз. Кыргызчасы “Тез жардам” болчу. Бирок ал тиркеме бүгүнкү күнү андроиддердин купуялуулук шарттары өзгөргөнүнө байланыштуу убактылуу иштебей жатат. Биз купуялуулук саясатынын үстүндө кайрадан иштеп жатабыз. Бир-эки жумада кайрадан ишке кирет. Биздин тиркемени колдонуу абдан оңой. Аны жүктөп алып, настройкага кирип аты-жөнүмдү киргизип, кооптуу жагдай түзүлсө телефондун блокировкасы аркылуу жардам сураса болот. Ал үчүн алдын ала сен кимден жардам сурайсын жакындарыңдын номерлерин киргизип коюу оң. Блокировканы да настройкадан канча сандар аркылуу SOS сигналын берсе болот жөндөп алса болот. Жүктөгөндөрдүн санын акыркы жолу караганда бир миңден ашкан”.
Кыргызстанды быйыл 13 жашар кызды милиция кызматкерлери зордуктап жүргөнү тууралуу окуя бир селт эткизди. Андан кийин эле Кадамжайдагы 14 жашар кыздын үч эркек тарабынан зордукталып өлтүрүлүшү өлкөдө балдарга карата кылмыштар өсүп жатканына тынчсыздануу жаратты.
Жогорку Кеңеште ушу кундөрү ИИМ, өкмөт өкүлдөрү балдарга жасалган кылмыштар тууралуу отчет берип жатышат.
Анда айтылган маалыматтарга ылайык, быйыл жыл башынан бери Кыргызстанда балдардын жыныстык кол тийбестигине жана инсандык рухий адеп-ахлактык саламаттыгына каршы жасалган 121 кылмыш иши тергелип, анын 80 соттук кароого жөнөтүлгөн. Он иш кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу өндүрүштөн кыскартылып, 31 боюнча дагы деле тергөө уланууда.
Кыргызстанда соңку кездери аялдарга жана балдарга карата үрөй учурган зордук-зомбулук окуялары катталып жатат. Расмий маалыматтарга караганда, былтыр үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу он миңден ашуун факт катталган.







