Дарыгер: “Азабы жок аборт болбойт”
Венера Осмокеева, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, Кыргызстанда жылына жыйырма миңдин тегерегинде аял аборт жасатат. Алардын айрымдары медициналык жана социалдык көрсөткүчтөн улам боюнан алдырса, арасында жөн гана каалабагандыгы үчүн түйүлдүктөн баш тарткандар дагы жок эмес.
Аборт – бул жөн гана медицианалык термин эмес. Кесепети түбөлүккө кала турган тандоо. Мындай оор тандоо менен бет келишкен аялдар көп учурда өз чечимдерин ачыкка чыгара бериштейт. Атүгүл жакындарынан жаап-жашырган учурлар дагы көп болот.

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
Атын атап, жүзүн көрсөткүсү келбеген бул аялды биз шаардагы репродукция борборунан жолуктурдук. Анын каалоосу менен атын өзгөртүп, Жамиля деп кайрылып жаттык. Аталган борбор соңку 5-6 жыл аралыгында Жамиля эң көп келген жайга айланды. Учурда ал жатындын аденомиозу ооруусуна чалдыгып, дарыланып жатыптыр.
“Жалпак тил менен айтканда жатын чоңоюп, сыртына эт өсүп кетет экен. Аябай оорутат. Айызым келгенде катуу ооруп, кан кеткен учурлар болду. Дарыланып жатам, дарыгерлер операция кылуу керек деп жатышат”,- деди Жамиля.
Көптөгөн медициналык изилдөөлөрдө бойдон алдыруу жатынды сезгентип, аденомиоз илдетин пайда кылып жиберүү коркунучу бар экени айтылат. Ошол кездеги 22 жаштагы студент учурунда ойлонбой кабыл алган чечимдин кесепети мынчалык оор болоорун билген эмес. Жамиля бир эмес, эки жолу боюнан алдырган.
“Жолдомуш экөөбүз квартирада жашачубуз. Тун уулубуз төрөлүп үйгө отуруп калдым. Жолдошум болсо Россияга каттап соода кыла баштады. Бир күнү эле ал мени таштап кетти. Бир баламды колума кармап, экинчисин боюма көтөрүп жалгыз калдым. Ошентип боюмдан алдырып салдым. Күйөм кийин кайра келип жашайлы деп жүрдү. Аял киши экенбиз да, алдандымбы, айтор дагы кош бойлуу болуп калым. Бирок биздин мамиле жакшырган жок. Жолдошума айтсам эмне кылсаң өзүң бил деп койду. Аны дагы алдырууга туура келди. 9 жума болуп калган баланы алдыргандан кийин көйгөй башталды. Ошонун азабын азыркы күнгө чейин тартып жатам”,- деп кейиди ал.
Жамиля кийин жалгыз уулуна шерик кылып, дагы төрөп алгысы келген. Бирок боюна бүтпөй барбаган бакшысы, сыйынбаган мазары калган эмес. Канчалаган дарылануудан өтүп, анализ тапшырып, колунан келген аракеттин баарын жасаган:
“Мага тукумсуздук диагнозун коюшту. Доктурлар жаш кезде жасаткан аборттун кесепети дешти. Биздин учурда бойдон алдыруу азыркыдай коопсуз эмес эле, эски метод менен жасалчу. Тагыраагы темир инструмент менен баланы жатындан кырып алып салчу. Жаш кезде ден-соолукту ойлогон эмес экенмин. Азыр аябай өкүнөм”.
“Азабы жок аборт болбойт”

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Дарыгерлердин айтымында, бойго бүткөн убактан баштап эненин организми өзгөрүп, баланы көтөргөнгө даярдана баштайт. Ошондой учурда кескин түрдө таблетка колдонуп, же хирургиялык жол менен бойдон алдыруу, организмди стресске алып келет.
Бактыгүл Абдраманова, акушер-гинеколог: “Аборт эч качан коопсуз болбойт. Зат алмашуу, эндокриндик системасында чоң бузулуулар болушу мүмкүн. Эндокриндик бездердин иштеши бузулушу ыктымал. Ошон үчүн ар бир аборт организмге терс таасир тийгизет. Коопсуз деп айтабыз, бирок кийинки кесепети дагы бар. Маселен, жатын түтүкчөсүнүн сезгенүүсүнө, жатындан тышкары боюна бүтүп калууга, же тукумсуздукка алып келиш толук мүмкүн. Коопсуз деген менен кандай метод менен алынбасын организмге чоң залакасын тийгизет”.
Учурда медицинада бойдон алдыруунун коопсуз деп саналган бир канча ыкмалары колдонулат. Дарыгерлердин айтымында, 6 жумадан 12 жумага чейинки түйүлдүктү дары ичирип алып салууга уруксат берилет. Эгер 12 жумадан өтүп кетсе, тиешелүү бөлүмгө жаткырып хирургиялык жол менен аборт жасашат. Хирургиялык аборт вакуум аспирация, тагыраагы бир жолу колдонулуучу шприц менен сордуруп салуу же жатын моюнчасын дары-дармек менен жумшартып алып, тазалоо ыкмасы менен жүргүзүлөт.

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
“Репродуктивдүү ден-соолук мыйзамына ылайык, Кыргызстанда каалаган аял 12 жумага чейин кош бойлуулукту токтотсо болот. Ал эми 12 жумадан өтүп кетсе мыйзамдуу түрдө тыюу салынат. Бирок эгер аял кишинин ден-соолугуна байланыштуу болуп калса, же ичинде түйүлдүк туура эмес өрчүп, кандайдыр бир кемтик аныкталса 12 жумадан 22 жумага чейин уруксат берилет. 12 жумага чейин, тагыраагы 63 күн аралыгында үй шартында, үй-бүлөлүк медициналык мекемелерде атайын дарыгердин көзөмөлүндө жасаса болот”,- деди №3 үй-бүлөлүк медициналык борбордун акушер-гинекологу Жибек Өмүрзакова.
Улуттук статистика комитетинин аборт боюнча соңку үч жылга берген расмий маалыматы:


“Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы” уюмунун өкүлү Бактыгүл Бозгорпоева болсо, каттоого алынбаган бойдон алдыруу боюнча көрсөткүч үч эсе көп экенин айтты.
“Бойдон алдыруунун 60 пайыздан көбү жеке клиникаларда жасалат. Алар толук кандуу маалыматты беришпейт. Ошондуктан көптөгөн бойдон алдыруулар катталбай калып жатат. Орто эсеп менен карап көрсөк аборттун саны үч эсе көп. Эгер 20 миң расмий катталган болсо 60 миңге чейинки аборт өлкөдө жылына бейрасмий жасалат”,- деди ал.
Жеке клиникалардын кызмат көрсөтүү сапаты

Кыргызстанда гинекологиялык кызмат көрсөткөн жеке кабинеттердин же клиникалардын так санын айтуу кыйын. Ошол эле учурда алардын лицензиясынын бар же жогу, клиникалык протоколду сактап же сактабай жатканы дагы ойлондуруучу маселе. Тилекке каршы бул тууралуу аялдарга маалыматтын жетишсиздиги эң негизги чоң көйгөй дейт адистер.
“Клиниканын, дарыгердин сертификаты барбы же жокпу? Аборт кандай шартта жасалып жатат? Бул тууралуу биздин айымдар сурашпайт. Эптеп жасатып, кутулсам деген ой менен барышат. Дары-дармегиңиз кайсыл жерден келип жатат? деген суроону бир дагы аял бербейт. Абортту стоматолог жасаган учурлар дагы катталган. Мисалы, биз Жалал-Абадка мониторингге барган кезде жеке клиникада стоматолог өзү эле жасап коет экен. Схеманы ачып туруп эле, дарыны момундай ичесиң деп өзү дайындап берип коет экен. Бирок ошол кишиде сертификат барбы же жокпу? Аны эч ким иликтеген эмес”,- деп кошумчалады Бозгорпоева.
Программаны даярдап жүрүп бир нече жыл мурун дал ушул жеке клиникалардын биринде боюнан алдырган дагы бир аял менен таанышып калдык. Ал атын өзгөртүп, өзүн Аруужан деп тааныштырып, башынан өткөн окуясын баяндап берди:
“21 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум жакпай, аны менен келише албай жүргөн учурлар болду. Көп өтпөй боюмда болуп калды. Эч кимге айтпай, Ош базарынын жанында жеке клиникага барып алдырдым. Бир айлык болчу, дароо эле сордуруп салды. Алдыргандан кийин аябай кыйналдым, эндометрит болуп, температурам көтөрүлүп, капельница алып араң жакшы болдум. Кийин көп жыл боюмда болбой жүрүп, араң төрөдүм”.

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
Сын-пикир жана түшүнбөстүктөн корккондуктан көптөгөн аялдар бул маселеде чечимдерин ачыкка чыгарышпайт. Атүгүл алар жолдошунан, үй-бүлө мүчөлөрүнөн дагы жашырган учурлар болот. Мындай абал аларды оор чечимдин жүгүн жалгыз көтөрүүгө мажбурлайт.
“Мамлекеттик мекемеден тааныш-билиш көрүп калса эмне болот деп ойлоп, ошол жеке клникага бардым. Дарыгер деле баланы сактап кал деп кеп-кеңеш берген жок. Акчаңды төлөсөң эле алып берем деди, анан алдырып алдым”,- деди Аруужан.
Аруужан менен маектешкенден кийин биз Ош базарына келип жеке клиникаларга, гинекологиялык кабинеттерге баш багып көрдүк. Бир-эки кабинетке кирип өзүбүздү журналист катары тааныштырып, бойдон алдыруу тууралуу материал даярдап жатканыбызды айтканда, чоочуп кетиштиби, айтор алар эч кандай аборт кылбай турганын айтышты. Келген бейтаптарга жөн гана гинекологиялык кеңеш беребиз дешти.
Дагы бир-эки кабинетке кирип курбу кызыбыз күтүүсүздөн кош бойлуу болуп калганын, мөөнөтү 12 жумадан эбак өтүп кеткенин айтып түшүндүргөнүбүздө, алар алып салса болот дешти. Ошондой эле мындай иштер каттоого алынбай тургандыгын дагы ырасташты. Бирок арасында ар бир бойдон алдыруу сөзсүз каттоого алынаарын, бала чоңоюп калгандан кийин аборт жасабай тургандыктарын айтып, төрөп алууну сунуш кылган клиникалар дагы болду.
Саламаттык сактоо министрлиги эмне дейт?

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Раиса Асылбашева учурда Кыргызстанда жеке клиникалык мекемелерди тартипке келтирүү боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын айтат. Айрыкча гинекологиялык кызмат көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бурулуп, республика боюнча бойдон алдыруунун статистикалык маалыматынын электрондук базасы түзүлүүдө дейт:
“Албетте, өлкөдө каттоого алынбаган бойдон алдыруулар болуп турат. Бирок алардын саны “Үй-бүлөнү пландаштыруу альянсы” уюму көрсөтүп жаткандай 60 миңге чейин жетпейт. Маселен, он аял боюнан алдырса, алардын алты аял катталбай калган болушу мүмкүн. Мына ушундай кайчы көз караштар жаралбашы үчүн жеке клиникаларда жасалган абортторду милдеттүү түрдө каттоого алууга багытталган электрондук борбор түзүлүп жатат”,- деди ал.
Дүйнөдө абал кандай?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, жыл сайын дүйнө жүзү боюнча 73 миллионго жакын аборт жасалат. Алардын 61 пайызы каалабаган кош бойлуулуктан улам боюнан алдырган аялдар.
Ал эми кооптуулугу жагынан Түштүк жана Борбор Азия өлкөлөрү, Латын Америкасы жана Африка алдыда турат.
Дүйнөнүн 20 өлкөсүндө бойдон алдырууга толугу менен тыюу салынган. Аборт - бул арам иш экенин айтып, ага тыюу салуу керек деген маселе Кыргызстанда дагы маал-маалым менен көтөрүлө калып жүрөт.
Бирок адистердин айтымында, мындай чектөөлөр бойдон алдыруулардын санын азайтпайт. Тескерисинче, каалабаган кош бойлуулукту токтотуу үчүн аялдарды шектүү ыкмаларды колдонууга түртөт.

Сүрөттүн булагы, Руфат Эргешов
“Учурда АКШнын 11 штатында кандайдыр бир деңгээлде абортко тыюу салынды. Айрым штаттарында белгилүү бир мөөнөткө чейин уруксат берилсе, айрым штаттар такыр эле чектеп салды. Бирок ал жакта аялдарда тандоо бар. Кошмо штаттарынын жараны болуп туруп, башка штаттарга барып жасатып ала берет. Маселен, Ирландияда абортко бир канча жыл мурун гана уруксат берди, ага чейин тыюу салынган. Ал жакта аялдар Голландиянын, Британиянын туристтик кемесине отуруп алып, жээктен 100 метр алыс сүзүп барып, ошол кемелерде аборт кыдырышчу. Голландиядан атайын дарыгерлер келип, аялдарга көмөк көрсөтүшчү. Бул чындап бойдон алдырууну каалаган аял жолун таба тургандыгы тууралуу ачык мисалдар. Андай болсо эмнеге алардын жашоосун татаалдаштырышыбыз керек? Ушуга чейин бойдон алдырууга тыюу салган бир дагы өлкөдө аборт маселеси чечилген эмес. Изилдөөлөрдө далилденгендей аборт кылдырам деген аялдардын 20 пайызы кандай жол менен болсо дагы кылдырат. Эгер Кыргызстанда дагы тыюу салына турган болсо, криминалдык бойдон алдыруунун саны өсөт”,- деди “Репродуктивдүү ден соолук альянсы” коомдук бирикмесинин жетекчиси Галина Чиркина.
Алтынайдын амалы кетип турат...

Алтынай (аты өзгөртүлдү) учурда оор тандоонун алдына турат. Ал бүгүн бир айдан ашып калган түйүлдүктү алдырып салуу үчүн доктурга кеңеш сурап келди. Дарыгерлердин айтымында, анын ден-соолугу жакшы, түйүлдүктүн өөрчүшү дагы жайында. Болгону пландан тыш боюна бүтүп калган.
“Баары келип эле социалдык абалга такалат экен. Учурда эки кызым бар, экинчиси эми бир жарым жашка чыкты. Жолдошум экөөбүз кеңешип туруп ушундай чечимге келдик. Бирок дарыгерлер төрөп ал деп жатышат. Азыр ойлонуп жатат. Курсагымда көтөрүп жүргөн кичинекей бир жаныды алдырып таштоо мен үчүн деле жеңил болбой турат”,- ал.
Кыргызстанда Алтынай сыяктуу пландан тыш кош бойлуу болуп калып, аборт кылдыргандардын саны арбын. Мындай учурлар жашы жете электр арасында дагы кездешет. Дарыгерлер мунун баары аялдардын сактануу жол-жоболорун жакшы билбегендиги, билсе дагы кош көңүл мамиле жасагандыгы деп эсептейт.
“Абортко баргандан көрө аял кишилер сактанса жакшы болмок. Кыргызстанда сактануучу каражаттар жеткиликтүү эле. Спиралдын түрлөрү бар, презерватив кийип же, имплант койдуруп алса болот. Ошодой эле мектептерде, айрыкча чоң класстар үчүн дененин өзгөрүшү, контрацепция боюнча сабактар өтүлсө жакшы болмок”,- деди акушер-гинеколог Жибек Өмүрзакова.
“Керек болсо туугандыктан чийип салгыла”

Замира ар күнү тогуз жашар уулун карап, бир нече жыл мурун туура тандоо жасаганын эстеп кубанат. Баласынын ар бир кыймыл-аракети, кыял-жоругу жана күлкүсү анын жүрөгүн мээримге, кубанычка бөлөйт.
Ажырашуу, жалгыз бой эне болуу бир кезде анын жашоосун караңгылатса, учурда ал күндөр катуу бир өткүн катары гана эсинде калды. "Баламды көргөндө баардык кыйынчылыктарды унутам, эгер ошол кезде жакындарымдын кеңешин угуп боюмдан алдырып койсом, азыр эмне болмок элестете албайм”,- дейт ал.
“Ата-энем, туугандарым баланын төрөлүүсүнө каршы чыгышты. Алардын айтканына көнүп бейтапканага бардым. Дарыгер УЗИге тартып, баланын жүрөгүнүн согушун угузду. Ошондо үйгө жеткиче шолоктоп ыйлап бардым. Үйгө кирип барып эле, эмне кылсаңар ошол кылгыла. Керек болсо ата-энеликтен кечип, бир туугандыктан чийип салгыла. Мен баламды алдырбайм дедим. Эч ким үн каткан жок. Ошентип баламды сактап калдым”,-деп жылмайды Замира.
Бойдон алдыруу коомдо эң талаштуу, талуу жана эмоционалдуу темалардын бири. Статистика дүйнөдө жалпы энелер өлүмүнүн болжолдуу 4,7 пайыздан 13,2 пайызын коопсуз аборт менен байланыштырып келет.
Кыргызстанда дагы мындай бир же эки учур катталып турат. Андыктан адистер сапаттуу жана коопсуз репродуктивдик кызмат көрсөтүү, коргонуу каражаттары жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча комплекстүү иш-чараларды жүргүзүү маанилүү деп эсептейт.
Коомдун маалымдуулугун жогорулатуу, аялдардын укугун колдоо жана коргоо багытында мыйзамдарды өзгөртүү учур талабы экенин айтышат.












