"Техас штаты бизди аз жерден өлтүрүп кое жаздады". Аборттон чыккан чыр

Видеонун түшүндүрмөсү, "Аборт жөнүндө варвардык мыйзам" аз жерден кош бойлуу аялдарды өлтүрүп кое жаздады

АКШнын Техас штатында ден соолугуна коркунуч келип турганына карабай, боюнан алдырууга уруксат берилбеди деген доо арыз менен беш аял сотко кайрылды.

Техаста абортко тыюу салынган, эң зарыл учурда гана уруксат, бул ишти мыйзамсыз жасаган дарыгерлер 99 жылга чейин түрмөгө түшөт.

Доого караганда, дарыгерлер соттолуп кеткенден коркуп, эң зарыл учурда дагы аборт процедурасын жасагандан баш тартышууда.

Башкы прокурор Кен Пакстондун кеңсесинин билдирүүсүндө алар штаттын "мыйзамдарынын сакталышын" камсыз кылары айтылат. Ошондой эле Пакстон "энелерди, үй-бүлөлөрдү, төрөлө элек балдарды коргоо үчүн колунан келгендин баарын жасайт" деп дагы айтылат.

Репродуктивдүү сот акыйкаттыгы борбору сотко доону беш аялдын атынан берди — Эшли Брандт, Лорен Холл, Лорен Миллер, Анна Заргарян жана Аманда Зуравски — о.э. бул доого дагы эки медициналык кызматкер кошулду.

Буларды жактаган топ өткөн жылы Конституциялык сот абортко конституциялык калканычты алып салгандан кийин кош бойлуу аялдар абортко тыюу салган мыйзамдарга каршы сотко арызданып жаткан биринчи окуя экенин белгилешүүдө.

"Азыр Техаста кош бойлуу болуу коркунучтуу", — деди шейшембиде Нэнси Нортап, борбордун президенти.

Abortion rights demonstrators march outside of the Harris County Courthouse during the Women's Wave march in Houston, Texas

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Техаста абортко тыюу салынганына нааразы болгондордун акциясы

Шейшембиде штаттын борборуна келген техастык беш аял өздөрүнүн башынан өткөн мүшкүл окуясын айтып беришти.

Алар боюна буткөндө чоң кубанычта болушканын, бирок өмүрүнө коркунуч болгондо доктурлар карабай коюшканын айтып арызданышты.

Аялдар абортко таптакыр тыюу салуу туура эмес, мамлекеттик чиновниктер чукул медициналык жардам кандай болорун так аныкташы керек деп жатышат.

Алар кош бойлуулук өмургө коркунуч жаратканда же түйүлдүк жатындан чыкканда жашай албай турган учурда дарыгерлер аборт жасашы керек дейт.

Техастагы мыйзам эң зарыл учурда уруксат берсе да дарыгерлер аборт жасагандан бир топ эле коркуп калыптыр, анткени түрмөгө түшүп же лицензиясынан ажырашы мүмкүн.

"Медициналык лицензиясын алдырып, жүз миңдеген доллар айып пулга жыгылып жана 99 жылга чейин түрмөгө камалып кетиши мүмкүн, ошондуктан дарыгерлер менен ооруканалар оорулуулардан, ал түгүл чукул медициналык жардамга муктаж болуп жаткандардан баш тартып жатканы таң калыштуу эмес",-деп айтылат доо арызда.

Абортко каршы болгондордун тобу өз кезегинде дарыгерлер аборт кылбай туруп эле керектүү жардамды көрсөтө алышат жана мыйзамдар каалаган убакта эле бойдон алдыруунун алдын алууда дешет.

Pew Research Center өткөн жылы жүргүзгөн сурамжылоого караганда, америкалыктардын 61% аборт мыйзамдуу болушу керек деп эсептешет, бирок бул процедурага коомчулуктун колдоосу азайып бараткандай.

Техастагы республикачылдардын көзөмөлүндөгү мыйзам чыгаруучу орган абортко каршы мыйзам кабыл алуу жагынан алдыда келатат, бул абортко толугу менен тыюу салган биринчи штат.

Жакында штатта аборт боюнча дагы бир кармаш башталат: ушул аптада техастык судья аборт үчүн чыккан таблеткалар боюнча чечим чыгарат.Трамп дайындаган АКШнын округдагы судьясы Мэтью Качмарик абортко колдонулган дарылардын бири мифепристон АКШда сатылышы керекпи деген маселеге чекит коет. (КС)