Аялдардын сериалдарга тартылуусуна тыюу салган Талибан. Купуялуулук саясатын өзгөрткөн WhatsApp

22-ноябрь: Күндүн жаңылыктары

Афганистан: Талибан аялдардын сериалдарга тартылуусуна тыюу салды

Афган теле алып баруучу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Талибан өкмөтүнүн жаңы эрежесине ылайык, Афганистанда аялдарды телесериалдарга тартууга тыюу салынды.

Аял журналисттер менен теле алып баруучуларга экранга чыкканда жоолук салууга буйрук берилди. Бирок бул жол-жободо жоолуктун кайсы түрүн салынуу жөнүндө айтылган эмес.

Кабарчылардын айтымында, эрежелердин айрымдары так эмес жана аларды түрдүүчө чечмелөөгө болот.

Талибан Афганистандын бийлигин августтун ортосунда басып алган эле. Көпчүлүк алар катаал чектөөлөрдү бара-бара киргизе баштайт деп кооптонууда.

АКШ жана шериктеш күчтөр Афганистандан чыгып кеткенден кийин бийликти колго алган согушкер исламчыл топ кыздар менен аялдардын мектепке баруусуна бөгөт койгон.

Алар бийликте 1990-жылдары турган кезде аялдарга билим алууга жана иштөөгө тыюу салынган болчу.

Талибандын афган телеканалдары үчүн чыгарылган соңку көрсөтмөсү жаңы сегиз эрежени камтыйт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Алардын ичинде шариатка жана афган баалуулуктарына туура келбеген фильмдерге тыюу бар. Ошондой эле, эркектердин интимдик дене мүчөлөрү тартылган видеолорго дагы тыюу салынган.

Динге акарат келтирген же афгандарга кемсинткендей туюлган комедия жана көңүл ачуу программаларына дагы бөгөт коюлган.

Талибан чет элдин баалуулуктарын чагылдырган чет элдик фильмдер көрсөтүлбөшү керек деп көшөрүп келет.

Афган телеканалдары көбүнесе аял баш каармандарды камтыган чет элдик драмаларды көрсөтөт.

Афганистандагы журналисттердин уюмунун мүчөсү Хужжатулла Мужаддеди жаңы чектөөлөрдүн жар салынышы күтүүсүз болгонун айтты.

Ал Би-Би-Сиге билдиргендей, эрежелердин айрымдарын иш жүзүндө аткаруу мүмкүн эмес, эгерде ишке ашырыш керек болсо, анда телеканалдарды жабууга туура келип калышы ыктымал.

Мурдараак Талибан кыздар менен аялдарды мектепке барбай, үйдө отуруусуна буйрук берген эле. Ошентип, Афганистан өз калкынын жарымына билим алууга тыюу салган дүйнөдөгү жападан жалгыз өлкөгө айланган.

Борбор шаар Кабулдун мэри эгерде эркек кишилер табылса, анда муниципалдык кызматта иштеген аял кишилердин үйдө отуруусун айткан.

Талибандын билдиришинче, иштеген аялдарга жана билим алган кыздарга карата чектөөлөр “убактылуу” жана бардык жумуш орундары жана билим алуу жайлары алар үчүн “коопсуз” болушу үчүн киргизилген. (EA)

WhatsApp 225 млн евро айыппулдан кийин Европа үчүн купуялуулук саясатын өзгөрттү

WhatsApp өз кызматтарында эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгилеп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, WhatsApp өз кызматтарында эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгилеп жатат.

WhatsApp маалыматты коргоо боюнча чоң айып салынгандан кийин купуялуулук саясатын өзгөрттү.

Өткөзүлгөн иликтөөдөн кийин, Ирландиянын маалыматты коргоо уюму, GDPR (Негизги маалыматты коргоону жөндөө) тарыхындагы экинчи эң чоң - 225 млн евро айып салды.

WhatsApp айыпка каршы арыз берет, бирок Европадагы жана Британиядагы документтерине талапка ылайык өзгөртүүлөрдү киргизүүдө.

Ага карабастан, WhatsApp өз кызматтарында эч нерсе өзгөрбөгөнүн белгилеп жатат. Маалыматты коргоо саясатындагы өзгөрүүлөр европалык колдонуучулар үчүн гана колдонулат. Дүйнөнүн башка бөлүктөрү үчүн саясат өзгөрүүсүз калат. Жаңы өзгөртүүлөр токтоосуз ишке кирет.

WhatsApp колдонуучулары январда компаниянын эрежелерине киргизилген өзгөрттүлөрдү ага ээлик кылган, азыр Meta аталган, Facebook компаниясы менен бөлүшүү максатында болду деп эсептешкен.

Андан кийин бөгөттөөгө кабылган көптөгөн колдонуучулар, алардын аккаунттары жаңы саясат жана шарттар менен макул болбогондугунан улам жабылган деген пикирде.

Чындыгында эч нерсе деле өзгөргөн эмес. Бирок коомдук пикирдин каршылыгынан улам WhatsApp өзгөртүүлөрдү кийинкиге жылдырууга аргасыз болгон.

Бул нааразычылык учурунда миллиондогон колдонуучулар Signal сыяктуу анын атаандаштарына өтүп кеткен.

Бул жолку өзгөртүүлөр тууралуу: “Бул жаңыртуу колдонуучунун берилиштерин биз кандай иштеп чыгабыз, колдонобуз жана башкаларга, анын ичинде Meta менен бөлүшөбүз – өзгөртпөйт”, - деп жазылат.

Компания анын кызматы аяккыларды шифрлөө (бул билдирүүлөрдү баарлашып жаткандар гана көрө алат дегенди билдирет) боюнча экенин жана ошол бойдон кала берерин атайын баса белгилеген.

Жаңы купуялуулук саясатында колдонуучунун маалыматтары менен эмне кылынганы жана WhatsApp Meta менен кандай иштешери тууралуу көбүрөөк маалымат берилет. (CS)

Ата мекендик жаңы авиакомпания алгачкы каттамын жасады

Жаңы ата мекендик авиакомпания «Аэро Номад Эйрлайнс» деп аталат

Сүрөттүн булагы, airport.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы ата мекендик авиакомпания «Аэро Номад Эйрлайнс» деп аталат

«Аэро Номад Эйрлайнс» жаңы ата мекендик авиакомпаниясынын Бишкек-Дели-Бишкек маршруту боюнча алгачкы багыты учуп келди. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунан маалымдашты.

Чартердик каттам 2021-жылдын 19-ноябрында Airbus А320 аба кемесинде ишке ашырылды.

Авиакомпания Бишкек-Дели-Бишкек багыты боюнча каттамдарды ар жума сайын ишке ашырууну пландоодо.

Белгилей кетсек, тийиштүү иштердин жыйынтыгында 2021-жылдын 5-ноябрында аталган авиакомпания Жарандык авиация департаментинин эксплуатантынын сертификатына ээ болгон. (MD)