Украинадагы согуш: Байден ATACMS ракеталары менен Орусиянын аймагына атууга уруксат берди

Сүрөттүн булагы, White Sands Missile Range
АКШ президенти Жо Байден өзүнүн президенттик мөөнөтүнүн эң соңку күндөрүндө Киев буга чейин айлап сурап келген өтүнүчүн орундатты. Ал ATACMS баллистикалык тактикалык ракеталар менен Орусиянын аймагына атууга Украинага уруксат берип, тыюуларды алып салды. Бул тууралуу америкалык бир нече гезит жана телекомпания Байдендин администрациясындагы өздүк булактарына таянып жазды.
Байдендин бул чечими тууралуу эң алгач 17-ноябрь күнү New York Times жана Washington Post гезиттери жазып чыкты. Андан соң өз каналдары аркылуу Би-Би-Синин АКШдагы өнөктөшү CNN, CBS телекомпаниялары билдирди.
Гезиттин жашыруун булактарынын айтымында, Түндүк Корея аскерлеринин Орусияга көмөктөшүү үчүн Курск облусундагы согушка жиберилгенине жооп иретинде Байден бул чечимди кабыл алган.
"Бул кадам Пхеньяндын Орусияга аскерлерди жиберүүсүн ооздуктоо үчүн жасалды. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын аскерлердин биринчи бөлүгүн жиберүүсү туура эмес иш болгонун, мунун кесепети чоң болоорун түшүнүүсү үчүн жасалды",- деген чиновниктин сөзүн Washington Post жазды.
Вашингтон азыркыга чейин эскалация күчөп кетет деп өз ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат бербей келген эле. АКШ жана НАТО уюмунун бир нече мамлекетинин көз карашы боюнча, Орусия куралга жооп кылып алардын өлкөсүнүн аймагында диверсияларды жасамак деп ойлошкон, дейт CNN телеканалынын талдоочусу.
Америкалык гезитке маек кургандардын пикирине караганда, мындай кооптонуулар дагы деле бар. Алардын биринин пикири боюнча, Байдендин ракетаны пайдаланууга уруксат берүүсүнүн кесепети "абдан конкреттүү жана чектелүү" болот.
Карнеги фондунун аскерий эксперти Майкл Кофман Washington Post гезитине ATACMS ракеталары менен сокку уруу украиналыктарга Курск облусунун өздөрү көзөмөлдөп турган аймагын коргоп калууга өбөлгө түзүп берет деди.
"Байдендин администрациясы Украинага кайрылып, Орусия менен келечектеги ыктымал сүйлөшүүлөр боло турган болсо, Украина көзүр катары кармай тургандай азыр Орусиянын аймагында көзөмөлдөп жаткан кичинекей бөлүктү сактап калууга жардам берели деген сыяктанат",- дейт Би-Би-Синин АКШдагы кабарчылары.
Володимир Зеленский 17-ноябрдын кечинде америкалык ракеталар менен Орусиянын аймагына сокку урууга уруксат берүү жөнүндө расмий жарыя Орусияга урулган соккулардын өзү болуп саналат деген тейде сүйлөдү.
"Бүгүн көптөгөн медиа биздин тиешелүү аракетке жооп алганыбыз тууралуу айтып жатат. Бирок соккулар сөз менен урулбайт. Мындай иштер жарыяланбайт. Ракеталар өздөрү жооп берет. Сөзсүз",- деди Зеленский күн сайын боло келген кечки кайрылуусунда.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Москва ATACMS тууралуу кабарларга азырынча комментарий бере элек. Орусиянын президенти Владимир Путин буга чейин "ракеталар менен Орусиянын ички аймактарына сокку уруу НАТО согушка түздөн-түз аралашып жатат дегенди түшүндүрөт" деген эле. Путиндин логикасы боюнча, бул ракеталар спутник аркылуу жөнгө салууну талап кылат, Украинанын болсо андай спутниктери жок. Ошондуктан аларды Орусиядагы буталарга атуу үчүн НАТО өлкөлөрүнүн спутниги пайдаланылат.
Көптөгөн аскерий талдоочулардын пикиринде, Орусиянын аймагына ракеталар менен сокку уруу Украинанын коргонуусун кармап турууга жардам болгону менен согуштун жүрүшүн такыр башка нукка өзгөртүп жибербейт.
CNN телеканалынын талдоочусу АКШ согуштун жүрүшүн өзгөртүп ийгидей сандагы ракеталарды украиналыктарга жөн эле бере койбойт деп эсептейт.
ATACMS согуштагы сыйкырдуу таякча эмес экендигин Украинанын коопсуздук жана кызматташуу боюнча борборунун башчысы Сергей Кузан да четке какпайт.
"Бул согуштун нугун өзгөртпөйт, бирок бул биздин күчтөрдү теңегенге болгон аракет", - деди Кузан Би-Би-Сиге.
Анын пикиринде, Байдендин курал-жаракты колдонуу үчүн берген уруксаты Курск аймагында орустар менен түндүк кореялыктардын ири чабуулунун мизин кайтарууга жардам берет.
Айрым басылмалардын божомолуна караганда, Орусиянын аймагына америкалык ракеталар менен кол салууга Байдендин уруксат берүү чечиминен кийин Британия менен Франциянын Storm Shadow/SCALP канаттуу ракеталары менен дагы чабуул жасоого мүмкүн болуп калат. Бирок азырынча бул тууралуу эч кандай расмий билдирүүлөр айтылган жок.
АТАСМS тактикалык баллистикалык ракета болуп саналат, ал HIMARS системасынан учурулат. Алар моделине жараша ар кандай аралыкка жетет, максималдуу аралыгы болжол менен 305 чакырым.











