"Өзүбүздүн ишибиз": Путин Түндүк Корея аскерлери боюнча үн катты

Түндүк Корея армиясында аялдар да кызмат кылат. Архивден алынган сүрөт, 2013-жыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түндүк Корея армиясында аялдар да кызмат кылат. Архивден алынган сүрөт, 2013-жыл

Орус президенти Владимир Путин Казанда өткөн БРИКС саммитинин жыйынтыктоочу пресс-конференциясында биринчи жолу Түндүк Кореянын аскерлери тууралуу үн катты. Пхеньян Украинага каршы согушка катышуу үчүн Орусияга аскер жөнөткөнү жөнүндөгү маалыматтар байма-бай тарап жаткан кези. Путин алар азыр Орусияда жүргөнүн танган жок, бирок КЭДР аскерлери кандай максатта келгенин ачык айткан жок.

Америкалык NBC телекомпаниясынын журналисти Путинге суроо узатты. Анын айтымында, спутниктен тартылган сүрөттөр КЭДР аскерлеринин турган жайын көрсөтүп турат. Алардын орус жеринде эмне кылып жүргөнүнө кызыккан журналист, бул согуштун курчуп кетишине түрткү бербейби деп сурады.

"Эскалацияга Орусиянын аракеттери себеп болгон жок", - деп жооп кайтарды Путин. Ал дагы бир жолу 2014-жылы Украинадагы "мамлекеттик төңкөрүш" тууралуу айтты. Путин Батыш өлкөлөрү украин армиясын куралдандырып, согушууга жардам берип жатат деп айыптады.

Орусия менен Түндүк Корея соңку жылдары ар тараптуу кызматташуусун ого бетер күчөттү

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орусия менен Түндүк Корея соңку жылдары ар тараптуу кызматташуусун ого бетер күчөттү

Орусия президенти быйыл Пхеньянда кол койгон Түндүк Корея менен "ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк" тууралуу келишимди жакында эле Мамлекеттик Дума ратификациялаганын эске салды. Аталган келишим боюнча, бул эки өлкөнүн кимисине болбосун "агрессия жасалган учурда өз ара жардам көрсөтүлөт".

"Төртүнчү берене бар. Пхеньян биздин келишимдерге олуттуу мамиле кылат", - деди Путин.

Келишимдин 4-беренесинде "эгерде тараптардын бири башка мамлекеттердин куралдуу кол салуусунан улам согуш абалына келип калса, экинчи тарап ага токтоосуз түрдө карамагында болгон бардык каражаттар менен аскердик жардам көрсөтөт. Бул БУУ уставынын 51-беренеси жана КЭДР менен Орусиянын мыйзамдары".

"Бул берененин алкагында эмнени кантип кылабыз бул биздин ишибиз", - деди Путин. Ал Түндүк Кореянын Орусияга жөнөткөн аскерлери, алардын максаттары тууралуу эч кандай маалымат берген жок.

"Биз бул процесс кандай нукка кетерин көрө жатарбыз. Азыр Украинадагы орус аскерлери бардык багыттарда ишенимдүү жылып бара жатат", - деди Путин.

Америкалык журналист айткан спутниктен алынган сүрөттөргө Путин күлүп жооп узатты:

"Сүрөттөр олуттуу нерсе. Эгерде сүрөттөр бар болсо, бул бир нерсени чагылдырат".

Сергей Шойгу Орусиянын Коргоо министри болуп турганда Түндүк Кореяга барган

Сүрөттүн булагы, Reuters

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сергей Шойгу Орусиянын Коргоо министри болуп турганда Түндүк Кореяга барган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Түндүк Корея өзүнүн аскерлерин жөнөтүп жатканы тууралуу кабарды октябрь айында Түштүк Корея, Украина жана АКШ айтып чыккан.

Түштүк Кореянын чалгын кызматтарынын маалыматы боюнча, Пхеньян Орусияга 12 миң аскер жөнөтүшү мүмкүн. Алардын айрымдары Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы базаларына келишкен. Түштүк Корея бийликтеринин айтымында, КЭДР өзүнүн аскерлерин Москванын планына жараша украин армиясына каршы согушка түртүп жатат.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин билдиргендей, Түндүк Кореянын аскерлери Орусияда жүргөнү тууралуу маалыматтар бар, бирок алар эмне кыла турганы тууралуу кабар жок:

"Түндүк Кореянын аскерлери Орусияда жүргөнү тууралуу далилдер бар. Алар ал жерде эмне кылып жатышат? Бул азырынча белгисиз. Биз мунун баарын аныкташыбыз керек".

Америкалык Wall Street Journal жазгандай, Түндүк Кореянын аскерлери Украинага каршы согушта реалдуу тажрыйбага ээ болушу керек. "Аларды жөнөтүү Москва менен Пхеньяндын ортосунда Путин тарабынан кол коюлган келишимдеги жашыруун пунктка негизделген имиш".

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте дүйшөмбү күнү Түндүк Корея Орусияны колдоо үчүн аскерлерин жиберүүсү "олуттуу эскалацияга" түртөт деп билдирди.

Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкармалыгынын айтымында, Орусиянын чыгышындагы полигондордо машыгуудан өткөн КЭДРдин алгачкы аскер бөлүктөрү украин армиясы август айында басып алган Курск аймагына кирип келди.

Түндүк кореялык аскерлерди жиберүү тууралуу Москва буга чейин айтып келген, анын ичинде президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да маалыматка комментарий берген, бирок Путин бул темада биринчи жолу сөз кылды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова бир күн мурда "бул ызы-чууну, массалык түрдө маалыматтардын баарын ким жана кандай максатта демилгелегенин түшүнүү кыйын эмес" деп айтты.

"Орусиянын КЭДР менен аскердик чөйрөдө да, башка тармактарда да өз ара аракети эл аралык укукка ылайык келет жана аны бузбайт. Экинчиден, бул Түштүк Кореяга эч кандай зыян алып келбейт", - деди Захарова журналисттерге.

Түштүк Кореянын маалымат каражаттары жазгандай, Москва менен Пхеньяндын аракеттерине жооп катары Сеул Киевге аскердик жардамын көбөйтүшү мүмкүн, ошондой эле КЭДР аскерлерине байкоо жүргүзүү үчүн Украинага өзүнүн өкүлдөрүн жөнөтүшү ыктымал.

БРИКСтин акыркы маалымат жыйынында Путин Би-Би-Синин Москвадагы редактору Стив Розенбергдин суроосуна жооп берди. Розенберг Путиндин глобалдык стабилдүүлүк жана коопсуздук тууралуу билдирүүлөрү анын соңку эки жарым жылда жасап жаткан аракеттерине дал келип жатабы деп сурады.

Украинага каршы согуш башталганга чейин Орусиянын шаарларына дрон менен кол салуулар жана аткылоо болгон эмес деп эске салды журналист. Путин учкучсуз учактардын чабуулу болбогонун мойнуна алды. Бирок абал андан да жаман болчу деп кошумчалады. Андан кийин ал дагы бир жолу Батыш Орусиянын НАТО жана Украинага байланыштуу "туруктуу" талаптарына көңүл бурушу керек болчу деген таңууланган версиясын айтты.

"Коммерсанттын" кабарчысы Андрей Колесников Путин Украинадагы согушту токтотуу үчүн эмне кылууга даяр, эмнеге даяр эмес деп сурады. Жооп кыска болду:

"Тынчтык келишимдеринин варианттарын "ар кайсы аймакта болуп жаткан реалдуулуктун негизинде" гана кароого даярбыз". (ErA)