Дүйнө бириндеп тургандагы БРИКС

Бул жыйын баарынан мурун Путинге зарыл

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жыйын баарынан мурун Путинге зарыл

22-октябрда Татарстандын ордосу Казан шаарында БРИКС аталган чоң клубга мүчө мамлекеттердин жыйыны башталды. 2020-2022-жылдары үч мертебе саммит виртуал форматта өткөн.

Йоханнесбургдагы (Түштүк Африка Республикасы) Африканын 30 өлкөсүнүн лидерлери катышкан былтыркы чоң топко орус президенти В. Путин ага канчалык кажет болсо да катыша алган эмес. Эл аралык кылмыш сотунун ордеринен чочулап бара албады деген пикирлер арбын. Мындай пикирлерди ырастоо да кыйын, жок дешке да болбойт. ТАР келбе деп да айта албай, кел деп батынып чакыра да албай далайга кыйналып турган. Жыйынтыгында Сирила Рамафозанын иш башкармалыгы Путиндин келбей тургандыгын сайтына жарыялаган эле. Кремль болсо Путин онлайн олтуруп эле, толук кандуу катышат деп тим болгон.

Президент С. Жапаров быйыл февралда Казан шаарында БРИКС уюму уюштурган “Келечек оюндары” спорт мелдешинин ачылышына катышып, Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолуккан. Эреже боюнча, ушул жыйынга төрагалык кылган мамлекет катары Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен кыргыз президенти Садыр Жапаров БРИКС+ саммитине ардактуу конок катары катыша тургандыгы мурдараак маалымдалган.

Тээ августта Тышкы иштер министрлиги БРИКС+ сыяктуу уюмдар Кыргызстан үчүн маанилүү экенин кыйытып, “президенттин саммитке катышуусу Кыргызстандын уюмдагы алгачкы расмий кадамы катары бааланат жана бул мамилелерди мындан ары да бекемдөөгө негиз түзөт” деп билдирген.

Жөнөкөй тил менен айтканда, БРИКСке кирүү маселесинде Кыргызстандын ниети оң экенин туюнткан. Бирок Кыргызстандын маалымат мейкиндигинде боло турган жыйын, БРИКС тууралуу маалыматтар сейрек сыяктанат. Орусиянын премьери М.Мишустин коллегасы А. Жапаров менен жолукчуда орус лидери Путин президент Жапаровду саммитте күтөт деп билдирди. Демек чакырыкты жерге таштабай, адеп сактап, тынч барып келүү, бул клубга кирет же коётту анча даңазалабастан байкап туруу ыгы тандалып алынгандай. Ашыкча божомолдой бербейли, айтор, Бишкек БРИКСке карата чечим кабыл алына элек, акылга салынып жаткан кези.

БРИКС Орусия демилгелеген жана локомотив болгусу келген шерине. Казандагы БРИКС+ жыйыны ири алдыда Орусия үчүн маанилүү экендиги түшүнүктүү. Орус-украин жаңжалы, жаңы геосаясий кырдаалда Москва жамааттык Батыш деп бирге аталган АКШ, Европанын көбүнө каршы турууда ар кандай шериктештикке, тарапташтарга, айтор санаалаш болбосо да мамилелештерге муктаж.

БРИКСтин былтыркы жыйынына Путин кандай катышат деген маселе ТАР үчүн баш катырма болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БРИКСтин былтыркы жыйынына Путин кандай катышат деген маселе ТАР үчүн баш катырма болгон

Азырынча бейформал шерине

БРИКС аталган клубдун жобосу жок. БУУ же НАТО сыяктуу эл аралык уюм статусуна ээ эмес. Так аныкталган структурасы, штаб-квартирасы да жок.

Уюштуруу маселелери али чечиле элек. Демек уюм эмес, шерине, же өзүлөрү атагандай – бейформал бирикме, клуб. Ар жылы өтүүчү чоң жыйында экономикалык, саясий, дүйнөлүк жана аймактык маселелерди талкуулашат, бири-бири менен кезигип, кең-кесири сүйлөшөт. Жыйынтыгында протоколго кол коюшат, билдирүү жасашат, баарына милдеттүү документ кабыл алуу деңгээлине чыга элек.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шериненин 2020-жылы Орусия төрагалык кылган кезде кабыл алган “Экономикалык өнөктөштүк стратегиясы” бар, бирок ал изги ниеттердин декларациясы, план дегидей иштиктүү документ эмес. 2014-жылы эле шериненин банкын түзүүнү, 100 млрд доллар өлчөмүндө резерв фондун уюштурууну макулдашышкан. Бирдиктүү валюта тууралуу идея да сөз бойдон калды. Антсе да маданий тармакта, билим берүү, илим чөйрөсүндө дурус кызматташууга жетише алышты.

БРИКСтин өзүнчө кинофестивалы бар, 2015-жылы уюшулган тармактык университети, вакцина иштеп чыгуу боюнча виртуал лабораториясы ж.б. институттары бар.

Шериненин негизги мүчөлөрү калкынын саны арбын – баары бириккенде дүйнө калкынын 42% түзөт. Экономикасы өнүгүп жаткан өлкөлөр статусуна ээ, көбү кубаттуу жана ири өлкөлөр. Мисалы Индия калкынын саны 1,5 миллиард, Кытайдыкы андан бир аз кемирээек, Орусия да эли арбын (146 млн), Бразилияныкы – 220 млн. Кытай дүйнөдөгү экинчи экономика, Кытайдын ИДП калган бардык шеринелештериникине карагаганда эки эсе чоң, планетадагы эң ири экспортер, Индия ИДП боюнча 5-орунда, динамикалуу өнүгүү жолунда, Бразилия 11-орунда, өнүгүү арышы кенен. Россия -8 орунда, бирок көлөмдүү деген Россиянын ИДП Нью-Йорк шаарынын бюджети менен барабар.

БРИКСтин жалпы ИДП 30 трлн доллар, бирок бул Чон жетиликтикине (G7) караганда дээрлик бир жарым эсе аз.

Түштүк Африка Республикасы бул континенттеги кудуреттүү өлкө, алмаз менен алтынга бай, технологиялык жактан ыкчам өнүгүп жаткан кези. БРИКСке кирген өлкөлөрдүн экономикалык потенциалы арбын, көпчүлүгү ири жана кубаттуу мамлекеттер дегенибиз менен экономикалык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү боюнча эл аралык IMD рейтингинде Орусия тээ төмөнкү сапта, Кытай 21-орунда, Индия 40-орунда.

Инвестициялык жагымдуулугу боюнча эл аралык финансы институттары жүргүзгөн изилдөөлөргө караганда, мисалы Дүйнөлүк банктын рейтингинде Бириккен Араб эмираттары 16-орунда, Кытай 31-орунду ээлейт.

Эски жаңысы менен биригип БРИКС өлкөлөрүнүн дүйнөлүк глобалдык рейтинги орто же төмөн позицияда. Жашоо сапаты жана турмуш деңгээли боюнча баары төмөнкү орунда. Адамдык өнүгүү индекси глобалдык рейтингинде 25 алдыңкы өлкөнүн катарына БРИКСтин бир да өлкөсү кирбейт.

БРИКС клубуна мүчө жана негизги оюнчулар болгон үчөө – Индия, Кытай, Орусия өзөктүк куралга жана кудуретке ээ өлкө. Согуш риторикасы күчөп, өзөктүк куралды колдонууну мүмкүнчүлүгү бадага мал кошчудай жеңил айтылып турган чакта бул эң чоң фактор.

БРИКС эл аралык деңгээлде олуттуу чечимдердин демилгечиси боло элек. Уюшулгандан бери 15 жыл ичинде БРИКСтин бир да демилгеси же сунушу дүйнөлүк масштабда күн тартибин аныктай элек. Албетте, мүчө мамлекеттердин таасири зор деңизчи, маселен Орусия жаңы геосаясий кырдаал жаралгыдай жаңжалдын катышуучусу, бирок шерине катары таасири кем. Айталы, ошол эле ОПЕК+ (нефть өндүрүүчү мамлекеттер клубу) чечимдери менен нефть өндүрүүнүн квотасы жана баасы аныкталат. Чоң жетилик сыяктуу бейформал клубдар дүйнөнүн тагдырына таасир эте турган чечимдерди кабыл алат.

Бул жыйын Украин согушу уланып, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жалыны жалбырттап турган учурга туш келди

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бул жыйын Украин согушу уланып, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдын жалыны жалбырттап турган учурга туш келди

Катары го калыңдайт, санаалаш боло алышабы?

Адегенде Бразилия, Орусия, Индия, Кытай төртөө уюштурган шеринеге 2011-жылы Түштүк Африка Республикасы кабыл алынган ( англисче аббревиатура BRICS — Brazil, Russia, India, China, South Africa), 2024-жылы Бириккен Араб Эмираттары, Иран, Эфиопия, Египет кирген. Москва Сауд Арабиясы клубга кошулду деген менен Эр-Рияддын расмий чечими али белгисиз. Балким Эр-Риядды Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардагы чиеленишкен түйүндөр, БРИКСтеги ири мамлекеттердин позициясы кетенчиктетип жаткандыр.

Жаңы кошулган беш мамлекеттин калкынын жалпы саны – 300 миллиондун тегерегинде, баары тең мунайга бай. Алардын ар бири Орусия менен Кытайдын атаандаштары АКШ, Европа менен ар кандай мамиледе. Маселен, Сауд арабдары, Египет – АКШ менен ымалалаш, Иран – АКШнын сөөк өчтү душманы. Бул шерине келечектүү, кирүүгө кезек күткөндөр арбын деген кепти Орусия отурса, турса оозанат.

Алжир, Бангладеш, Бахрейн, Беларусь, Боливия, Куба, Гондурас, Индонезия, Кувейт, Марокко, Нигерия, Палестина, Сенегал, Таиланд, Венесуэла жана Вьетнам сыяктуу бир топ мамлекет ниетин билдирген имиш. Бирок кирем деген ой менен факт жүзүндө кошулуунун ортосунда аралык итапкан. Маселен, Аргентина мурдагы жылы арызын берип, жыл этегине чыга электе оюнан кайткан.

БРИКС шерине катары эл аралык саясатта да бирдиктүү позицияда эмес. Жамааттык уюм катары дүйнөлүк маселелелерде биримджиги жок. Маселен ошол эле израил-палестина маселесинде ар кимисинин ою ар башка, кызыкчылыктары түрдүү, ал тургай карама-каршы. Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдарда Иран Хезболланын "сүрөнчүсү", ХАМАСты кез-кез күүлөйт, хуситтерди колдойт. Орусия активдүү оюнчу болгусу келет, Кытай менен Индия конфликттерге, айрыкча мусулмандар катышкан жаңжалдарга дегеле аралашкысы келбейт.

Индия менен Кытай ортосунда чек ара маселеси боюнча талаш чечиле элек. Кубаттуу аскер куралын колдонбосо да, кер-мур айтышып, улам-улам жулкулдашып барып токтойт.

Айтор ар кимиси өз арбайын сого берет, анысы турулуу иш.

Түп Бээжин менен Вашингтон тил табышып кетсе, Орусияга оор болот, анын сателиттери арабөк калмагы толук ыктымал.

Коңшуларыбыз жана түрк тектүү боордошторубуз не дейт?

Астана БРИКСке азыр да, жакынкы келечекте да кирүүнү өтүнбөйбүз, бул уюмдун келечегине толук ишеним жок, сагаалап босогодо тургубуз келбейт. Анын үстүнө БУУга альтернатива жок деп билдирди (https://news.ru/economics/snova-spinoj-k-rossii-pochemu-kazahstan-boitsya-vstupat-v-briks/).

Албетте, бул билдирүү казак президентинин пресс-атташесинин оозу менен айтылды. Канетсе да тажрыйбалуу дипломат Токаев өзү унчуга элек. Ал саммитке чакырылган, ишине катышат, сүйлөйт, балким жыйында оюн даана айтаар. Мумкүн атайы пауза кармап, реакциясын байкап, сыр билдирбей жатат шекилди.

Расмий Москва да чычалабагандай түр көрсөтүп жок, зымпыйып турат. Бирок орус басылмаларын түркүн ыңгайда талдап, “бу түгөнгүр казактар жүзүн үйрүп турат, бизге далысын салганына көп болду, эми биротоло Батышка оодубу” деген жоромолдорун да жарыялап, ал тургай “демарш” деп баалап жиберишти (https://www.business-gazeta.ru/article/651604).

Казакстан БРИСКке кирбей туруп эле алардын бир тобу менен эки тараптуу алакасы, Орусия, Кытай, Индия менен ШОС, ЕАЭБ уюмдарынын алкагында тыгыз карым-катнашы бар. Ушундай шартта бир уюмга кирип кетпей, бейтарап өңүттү ээлеп, кармашкан эки тараптын бири менен өтө ынак болуудан карманып турса керек.

Өзбекстан уникалдуу саясат жүргүзүүдө. Евразия бирлигине кирбейм деди, кирбей туруп ЕАЭБге кирген ар бир өлкө менен соода-экономикалык мамилеси бекем. ЖККУдан чыгып кеткен, биз менен союздаш болбогонуң жарабайт деген киши болгон жок. Балким тымызын айтып жаткандыр, бирок расмий айдыңда катуу кеп уга элек.

Азербайжандын кошулгусу бар, быйыл августта Путиндин Бакуга сапарынан кийин кошулам деген өтүнүчүн билдириптир. Азербайжан Кыргызстан менен Түрк мамлекеттеринин уюмунда өнөктөш. Түркия чечим кабыл ала элек. Азыр Сириядагы, Жакынкы Чыгыштагы жаңжалдардан колу бошой элек, буйдалып турат.

Ар кандай уюмдун пайдасы биздин аракетке жараша

Кирсек не болот, кошулбасак кантет? Түйшөлтө турган, шашпай акыл калчай турган маселе. БРИКС шеринесинин эч зыяны жок, бирок мүмкүнчүлүктөрүн колдонбосок, пайдасы жок болушу да ыктымал.

Эгер кирсек, дагы бир топко кошулуп, анын интеграциялык жемишин көрүүгө кадам шилтейбиз, карым-катнаш кеңейет.

БРИКС ичиндеги бизге чала тааныш (Бразилия, Түштүк Африка Республикасы сыяктуу) өлкөлөргө жана аймактарга баш багабыз. БРИКС албетте, консультациялар үчүн керек, шерине бизге кошумча мейкиндик, маневрга пайдаланса болгудай аянт.

Эл аралык аренада кайсы талаш маселеде артыбызда биздин позицияны колдогон топ бар, шеринелештер коштоп үн катса ажеп эмес. Кыргызстанда БРИКСке кирүүгө үгүттөгөндөр да арбын. Ал тургай шериненин штаб-квартирасы болуу идеясын реалдуу дегендер да жок эмес (https://mnenie.akipress.org/unews/un_post:41284). Жакшы кыял, илгери үмүт.

Маселе кириште эмес, анын үзүрүн көрүүдө. “Кыргыз кызматкери микроб сыяктуу, барган жерин бат эле чиритет” деп кайран киши Салижан Жигитов айткандай өлкө башчылары менен өкмөт жетекчилеринин деңгээлинде макулдашуулар өзулөрүнүн эмес, аткаруучулардын, алаканы ишке ашырган субъекттердин жармачтыгынан же колу туткактыгынан улам эреже бузулуп, шартнаамалар аткарылбай, өнөктөштөрдүн ишеними кемип, көңүлү кайт болуп жаткандыр.

Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна КМШ өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп, тээ 1998-жылы кирген мамлекетпиз, бирок кыйратып пайдасын көргөн жокпуз, мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу колдоно албадык. "Евразия экономикалык биримдигине кирсек 180 млн ашык калкы бар ири рынокко эркин чыгабыз, кирген суудай инвестиция келет, күргүштөтүп тышка товар сатабыз, жер шарынын 14 пайызын ээлеген аймакты аралай чаап, ээн-эркин жүрөбүз" дегенбиз. Азыр ал ишке аштыбы, турмуш менен убакыт эмнени көргөздү?

Ушу өңүттөн караганда Өзбекстандын мисалы бизге сабак болгудай. Өзбекстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна эми киргени турат. Бирок соода-экономикалык байланыштарда өз кызыкчылыгын коргой алат. Эми бул уюмга кирсе уюмдун жеңилдиктерин колдонуп, ого бетер пайдага туйтунат. Анткени, Өзбекстан Москвага улам каяша айтып отуруп, Евразия экономикалык бирлигине кирбей туруп, ушул биримдикке кирген өлкөлөрдүн баары менен соодасы артып, экономикалык алакасы мүчө мамлекеттердикине караганда мыкты болду. Ташкент ЖККУдан чыгып кеткен, бирок аны эч ким алка-жакадан алып, аттан сүйрөп түшпөдү.

Өзбекстан уюмга кошулбай туруп, кошулгандарга караганда пайдасын көрө билген, шеринеге катышпай туруп, майлуу устукан алган мамлекет.

Кыргызстан ушу азыр абройлуу, таасирлүү глобалдык жана регионалдык уюмдардын, экономикалык, саясий бирикмелердин мүчөсү. Ошол мүчө болгон уюмдардын, шериктештиктердин, биримдиктерин мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалануусу абзел.

Алмаз Кулматов, коомдук ишмер, тарыхчы