Путин Африкага барбайт. Анын сапарына Эл аралык кылмыш соту таасир эттиби?

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусиянын президенти Владимир Путин эки тарапка тең ылайыктуу макулдашуу боюнча Йоханнесбургда өтө турган БРИКСтин саммитине катышпайт. Бул тууралуу маалымат Түштүк Африка Республикасынын (ТАР) президенти Сирила Рамафозанын иш башкармалыгынын сайтына жарыяланды. Орус президентинин бул сапары Эл аралык кылмыш сотунун Путинге карата берген ордеринен улам арсар болуп турган эле. Андан сырткары төңкөрүш ыктымалдыгынан улам дагы этияттап жатышы ыктымалдыгын маалымат каражаттары боолголоп жатат.

БРИКСтин 22-24-август күндөрү Йоханнесбургда өтө турган 15-саммитине орус делегациясын тышкы иштер министри Сергей Лавров баштап бара турганын 19-июлда ТАР президентинин канцеляриясы кабарлады.

Мындай маалыматты кийинчерээк Кремль да тастыктады. “Президент Путин БРИКС саммитине видеоконференция форматында катышуу чечимин кабыл алды. Бул толук кандуу катышуу болот. Жолугушуунун өзүнө министр Лавров катышат”,- деди Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Орус президентинин ТАРга бул жолку сапары Эл аралык кылмыш соту “Путин украиналык балдарды депортация кылган” деп айыптап, март айында ага карата ордер бергенден кийинки биринчи чет өлкөлүк визити болуп калмак.

ТАР Рим статутуна кол коюп, Эл аралык кылмыш сотунун чечимдерин аткарууга милдеттенме алган өлкөлөрдүн катарына кирет.

Бул коллизияны чечүү боюнча майнапсыз аракеттер ТАР бийлигин Путинди саммитке келбөөгө ынандыруу аракетине жеткирди.

БРИКСтин кезектеги саммтине Владимир Путин кандай формада катышат деген чечимди кабыл алууда ТАРдын Рим статуту боюнча милдеттенмелери эске алынды деп жазды ТАСС. Агенттик мындай маалыматты Түштүк Африка Республикасынын президентинин басма сөз кызматына шилтеме берип жазды.

Путин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Орусия Гаагадагы Эл аралык кылмыш сотун тааныбайт жана анын юрисдикциясына баш ийбейт.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

“Бул биз үчүн чоң дилемма. Албетте, биз аны камакка ала албайбыз”,- деди News24 басылмасына Түштүк Африка Республикасынын вице-президенти Пол Машатиле.

Өткөн аптадагы интервьюсунда ал “ТАР үчүн мыкты чечим – Путиндин келбей калышы, бирок андайга орусиялыктардын көңүлү толбой турат. Алар анын келишин каалашат” деген эле.

Маалымат каражаттары кабарлагандай, жыйынтыгында керек болсо ТАР президенти Эл аралык кылмыш сотунан Путинди камакка албоо боюнча уруксат сураган.

Reuters агенттиги Рамафосанын сотко кайрылуусунан цитата жарыялады. Анда “Орусия анын учурдагы президентин камакка алуу согуш жарыялоого барабар экенин так түшүндүргөнү” белгиленген.

“Эч ким эч кимге эч нерсе түшүндүргөн жок. Дүйнөдө биздин мамлекеттин башчысына кол салуу аракети эмне экени баарына айдан ачык түшүнүктүү. Ошондуктан бул боюнча эч кимге, эч нерсе түшүндүрүүнүн зарылдыгы да жок”,- деди шаршембиде Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

The Moscow Times басылмасы, Путиндин саммитке сапарына тосколдук кылган дагы бир көйгөй ЧВК “Вагнердин” башчысы Пригожиндин козголоңу болушу мүмкүн экенин өткөн аптада өз булактарына таянып жазды.

"Вагнер" жеке менчик "аскер" компаниясы.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

ЧВК “Вагнер” козголоңунан кийин Крмель ички туруксуздуктун кайталанышынан жана бийликти жоготуп коюудан этияттап турат деп ырастады басылма.

Эл аралык соттун март айындагы ордеринен кийин Кремль Путиндин биринчи эл аралык расмий сапары тууралуу жарыялап, Путин изоляцияда калбаганы тууралуу Батышка “сигнал” берип, а орусиялыктарга болсо Путин мурдагыдай эле кудуреттүү жана өзүнө ишенимдүү экени тууралуу билдирүүгө ашыгат.

Бирок The Moscow Times булактарына таянып жарыялагандай, соңку айлардагы кырдалдар, анын ичинде орус аскерлеринин фронттогу ийгиликсиз аракеттери жана ЧВК “Вагнердин” Москвага маршы Путиндин чечкиндүүлүгүнө доо кетирген өңдөнөт.

БРИКС саммити ТАРда 22-24-августта өтөт. Ага ТАР, Бразилия, Индия жана Кытай лидерлери катышат. Бул короновирус пандемиясы башталгандан бери карай бетме-бет жолугушуп, өтө турган саммит.