Түндүк Кореянын аскерлери Украинада согушуп жатабы? Бул орус армиясына эмне берет?

Сүрөттүн булагы, Reuters
Түндүк Корея аскерлерин Орусияга жардам үчүн Украинага жибергени тууралуу кабарлар көбөйдү. Өткөн аптада "Интерфакс-Украина" жана KyivPost басылмалары украин чалгын кызматындагы булактарына таянып, Донбастагы оккупацияланган аймактагы орус полигионуна Украин куралдуу күчтөрү (УКК) 3-октябрда ракеталар менен чабуул койгон учурда түндүккореялык алты офицер өлүп, үчөө жаракат алганы тууралуу билдиршти.
Булактар билдиргенине караганада, түндүккореялык офицерлердин тобу ал жерге орусиялык кесиптештери менен "тажрыйба алмашуу боюнча" жолугушууга келген. Чындап эле ушундайбы, эгер андай болсо анда түндүккореялык аскер адмдары Украинада согушуп жаткан орусиялык аскерлерге эмнеси менен жардам бере алмак?
Украинанын оккупацияланган аймагына түндүккореялык аскерлердин, негизинен инженердик курулмалар боюнча бөлүмдөрдүн келгени тууралуу Украинанын башкы чалгын кызматы билдирди. Орусия тарап бул боюнча комментарий берген жок.
8-октябрда Түштүк Кореянын Коргоо министри Ким Ён Хён парламентте сүйлөп жатып, түндүккореялык аскерлер Орусияга жардам берүү үчүн Украинага жөнөгөн болушу мүмкүн деп билдирген. Ал Орусия аннекциялап алган Донбаста түндүккореялык аскер курман болду деген кабар анык болушу мүмкүн деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүккореялык аскерлердин Украинадагы согуштук аракеттерге катышып жаткандыгы тууралуу божомолдор буга чейин эле айтылып келген. 2023-жылдын сентябрында Владимир Путин КНДР лидери Ким чен Ын менен Восточный космодромунда жолукканында андай билдирүүлөрдү "карандай эле калп" деп атаган.
2024-жылдын июнунда Путин Ким Чен ын менен биргелешип коргонуу пункту камтылган келишимге кол коюп жаткан маалда, андан түндүккореялык аскерлерди атайын аскердик операцияга (орус билиги Украинадагы согушуту ушундай деп атайт) пайдалануу тууралуу сурашкан. "Биз бул тууралуу эч кимден суранбайбыз, бизге андайды эч ким сунуш кылган да жок" - деп жооп берген орус президенти Путин.
"Эч кандай далил жок"
Москва дагы, Пхеньян дагы аскердик кызматташтык күчөп жатканны жашырбайт
2023-жылдын июлунда Орусиянын ошол кездеги Коргоо министри Сергей Шойгу Пхеньянга барган. Орусиялык мамлекттик маалымат каражаттары "аскердик кызматташтыкты бекемдөө" деп чагылдырган. Сентябрда болсо Ким чен Ын Орусиянын Ыраакы Чыгышына барган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Ошол маалда Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль БУУнун Генералдык ассамблеясында Түндүк Кореядан орусиянын аскер технологиясына айырбаштоо максатында Орусияга курал-жарак ташуу ыктымалы тууралуу сөз кылган.
Коргонуу багытындагы изилдөөлөр боюнча Британ Королдук институтунун 2023-жылдын 16-октябрындагы баяндамасында Түндүк Кореядан Орусияга курал-жарактар масштабдуу ташылып жактаны тууралуу жарыяланган. Жарыяланган маалыматка спутник сүрөттөрү да тиркелген эле.
Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ал маалыматтар далилдерге таянган эмес деп билдирген. "Бул Британ чалгын кызматы эле эмес, бул америкалык чалгын кызматы дагы, алар такай эч кандай далил келтирбей эле билдире беришет",- деген эле.
Деген менен 2023-жылдын соңунда орусиянын аскерлешкен чөйрөлөрүндө Украинадагы орусиялык бөлүмдөрдө колдонулуп жаткан түндүккореялык снаряддар менен миналардын техникалык мүнөздөмөлөрүн жабыла талкуулап калышкан (негизинен начар пикирлер айтылган).
А 2024-жылдын январында АКШ Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби, Орусия Түндүк Кореядан баллистикалык ракетеларды алып, Украинага каршы колддонгонго жетишкени тууралуу айткан.
Пхеньяндын Украинага инженерлер жана куруучулар боюнча аскердик бөлүмдөрдү жиберүү планы боюнча билдирүүлөр 2024-жылдын июнунда пайда болгон. Бул Путиндин КНДРге сапарынан көп өтпөй болгон окуя. Түштүк Кореянын TV Chosun телекомпаниясындагы булактын берген маалыматына жана американын Согушту изилдөө институту берген маалыматка караганда, КНДР армиясынын он инженердик бригадасынын 3-4 бөлүмү Орусияга жиберилген болушу мүмкүн. Бул үчүн Пхеньян Москвадан жылына 115 млн доллар ала турганы боюнча TV Chosun ырастаган.
Песков бул билдирүүлөр боюнча да үн каткан. "Мен эмне жөнүндө сөз болуп жатканын билбейм",- деп комментарий берген эле ал.
Аскердик даярдык боюнча Ким Ир Сен университетинин президенти Ким Гым Чхоле башында турган жогорку даражалуу делегация июль айынын башында Орусияга учуп келгени тууралуу Түндүк Кореянын KCNA маалымат агенттиги билдирген. Түндүккореялык аскерийлердин сапарынын максатын тактоо тууралуу журналисттердин өтүнүчүнө Дмитрий Песков Орусиянын Коргоо министрлигине кайрылгыла деп сунуш берген.












