Түндүк Корея: Ким Чен Ын Шойгуга ракеталарын көрсөттү
Kelly Ng, BBC News

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ким Чен Ын шаршемби күнү Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгуга Түндүк Кореянын акыркы үлгүдөгү куралдарын көрсөттү.
Пхеньян Сергей Шойгу баштаган орус делегациясын, ошондой эле Кытайдын расмий өкүлдөрүн чакырган.
Алар Пхеньяндын Корей согушундагы убактылуу элдешүү келишиминин 70 жылдыгына арналган салтанатына катышат. Бул иш-чара адатта массалык аскердик параддар менен белгиленет.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Көргөзмөгө коюлган куралдардын арасында Хвасон деп аталган континенттер аралык баллистикалык ракетасы (КАБР) да болгон.
Апрель айында ийгиликтүү сыноодон өткөн бул ракета суюк отунга караганда тезирээк иштеген катуу күйүүчү майлар менен учкан өлкөдөгү биринчи КАБР болду деп айтылууда.
Ошондой эле көргөзмөдө эки жаңы дрондун дизайны, анын ичинде АКШнын аскердик аба күчтөрү тарабынан колдонулган негизги чабуулчу дронго окшогон дрон болгонун Түндүк Кореяга багытталган NK News сайты белгилеген.

Сүрөттүн булагы, Reuters
Сергей Шойгунун иш сапары Пхеньян Россияны Украинадагы согушта колдонуу үчүн курал-жарак менен камсыздап жатат деген айыптоолор айтылып жаткан мезгилге туш келди. Пхеньян да, Москва да бул айыптоолорду четке кагууда.
Түндүк Кореянын KCNA маалымат агенттиги Ким Чен Ын менен Сергей Шойгу улуттук коргонуу тармагындагы жана эл аралык коопсуздук чөйрөсүндөгү “эки өлкөнү тынчсыздандырган маселелерди” талкуулашканын билдирди.
Бул делегациялардын “1953-жылы Түндүктө согуштук аракеттердин аякташы” деп аталган Түндүк Кореянын Жеңиш күнүнө карата сапары бейшемби күнү ири аскердик парад менен аяктайт деп күтүлүүдө. Эки Корея техникалык жактан дале согуш абалында турат, анткени конфликт аяктаганы менен тынчтык келишими түзүлгөн эмес.
Орусия менен Кытай Түндүк Кореянын көптөн берки өнөктөшү. Аларды чакыруу менен Ким Чен Ын Ковид пандемиясынан бери биринчи жолу чет элдик конокторго өлкө эшигин ачты. Пхеньян акыркы жолу 2018-жылы февралда чет элдик өкмөт өкүлдөрүн аскердик парадга чакырган.












