"Бул эскалация". Лукашенко Түндүк Корея Украинага аскер жиберди дегенге ишенбейт

Александр Лукашенко

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Александр Лукашенко

Стив Розенберг, Би-би-Си, Казань

Дүйнөдө отуз жыл бою бийликтин сересинен түшпөгөн лидерлер көп эмес.

Александр Лукашенкону шайлоолорду уурдап, башкача ойлонгондордун баарын басты жана демократияны талкалады деп айыпташат.

Улуу Британия, Евробиримдик жана Америка кошмо штаттары аны Беларустун мыйзамдуу президенти катары таанышпайт.

Сиз бул адам тууралуу дагы бир нерсени билишиңиз керек, эгер Владимир Путинди беш колдой билген лидер бар болсо, анда ал Лукашенко. Алар бирин-бири узак жылдан бери билишет жана тез-тез жолугуп турушат.

Бул саам Александр Лукашенко өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин БРИКС саммитинде мени менен кезикти. Ал Беларустун бул бирикмеге кошулуусун каалайт.

БРИКСтин Казандагы саммити Украинадагы согуш тыйылбай, Жакынкы Чыгышта миңдеген адамдын өмүрүн алган согуш күчөп турган мезгилде өттү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, БРИКСтин Казандагы саммити Украинадагы согуш тыйылбай, Жакынкы Чыгышта миңдеген адамдын өмүрүн алган согуш күчөп турган мезгилде өттү

Мен андан Түндүк Корея өз аскерлерин Украинадагы согушка Орусиянын тарабында согушуу үчүн жөнөттү деген кабарга комментарий берүүсүн сурадым.

"Суу кечпеген кеп. Анын мүнөзүн жакшы билем, Путин эч качан кайсы бир өлкөнүн куралдуу күчтөрүн атайын аскердик операцияга [орус бийлиги согушту мурдагыдай эле ушинтип атайт] жана Украинадагы конфликтке аралашсын деп ынандырууга барбайт. Мен буга ишенбейм", - деди Лукашенко.

- Эгер бул билдирүү тастыкталып калсачы?

- Бул конфликтти эскалация кыла турган кандайдыр бир кадам.

Путинди Лукашенкодой жакын билген саясатчы аз

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Путинди Лукашенкодой жакын билген саясатчы аз

"Путин мага чалган жок, мен да чалган жокмун"

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Владимир Путин качандыр бир сизге кайрылып, беларус аскерлерин Украинадагы согуш үчүн бер деди беле деп Лукашенкого суроо узаттым.

"Эч качан. Ал дагы, Сергей Шойгу дагы, азыркы Коргоо министри Андрей Белоусов дагы эч качан бул суроону көтөрүшкөн эмес", - деди ал.

Бирок Беларус Орусия улантып жаткан согушта өз ролун ойногон. 2022-жылдын февралында Украинага толук кандуу басып кирүү Беларустун аймагынан да башталган. Эмне үчүн Лукашенко Кремлдин мындай кадамына жол берди?

"Беларустун аймагын пайдаланууга уруксат бергенимди силер кайдан билесиңер?" - деп сурады Лукашенко.

"Анткени Беларус аймагы [басып кирүү үчүн ] пайдаланылды да".

"Бизде миңдеген орус аскери катышкан машыгуу болгон. Путин ал аскерлерин Беларустан чыгара баштаган. Алар өлкөнүн түштүгүндө болчу, ошол жол аркылуу Украинанын чек арасын бойлой аскерлерин чыгара баштаган. Аскерлердин кайсы бир бөлүгүн бир учурда кайраштырды, мен буга ынанам, ал ошондо Киевди көздөй бурду".

"Сиз эмне болуп жатканын сурап Путинге чалган жоксузбу?"- деп сурадым.

"Жок, мен ага чалган жокмун. Ал да мага чалган жок. Бул анын аскерлери, аларды кай жакка чыгарып кетет, кайда чыгарса туура болорун ал өзү чечет".

Бул комментарий Кремлдин коңшу Беларуска таасиринин деңгээлин айгинелейт.

Башка бир мисал бар. Орусия өзөктүк тактикалык куралын Беларуска жайгаштырган.

"Путин бул куралды Украинага колдонууга даярбы?"- деп сурадым.

"Путин Беларус аймагына жайгаштырылган куралын бүгүнкү күндө Белорус президентинин макулдугусуз эч качан пайдаланбайт", - деди Лукашенко.

- Сиз өзөктүк курал пайдаланууга даярсызбы?

- Даярмын, андай болбосо бул куралдын эмне кереги бар? Мен бул тууралуу буга чейин да айткам, эгер Беларустун чек арасын бир эле өтүк [чет элдик аскер] басты дегиче бүттү. Биз эч кимге кол салбайбыз, Украинага дагы кол салбайбыз, ушуну сиз да билип коюңуз.

"Силерсиз деле күнүбүз өтөт"

Укук коргоочу уюмдардын эсеби боюнча, учурда Беларуста 1300 саясий туткун бар. Александр Лукашенко мурда мага саясий туткундар жок экенин айткан эле.

Бирок бул жолку сүйлөшүүбүздө ал соңку айларда абактан бошоп чыккандар тууралуу сүйлөп жатып, "саясий туткундар" деген сөздү айтты (атайлап айтпаса керек).

Айрым журналисттер алардын бошоп чыгышын Лукашенконун мамилени жакшыртууга умтулуусу катары Батышка карай берген ишараты деп болжогон эле. Өзү андайды четке кагууда.

"Биз саясий туткундарды адамгерчилик үчүн чыгардык. Бул негизинен чоңдор, абдан эле чоңдор жана кайсы бир илдеттер менен ооругандар. Бүттү, башка эч нерсе жок",- деди ал.

"Силер менен мамилени жакшыртууга эч кандай кадам жок эле турат. Силер биз менен мамилени каалабасаңар, бизге да кереги жок. Биз силерсиз деле жашайбыз", - деди Лукашенко.