Россияда согушта курман болгондор 70 000 ашты

Ольга Ившина, Би-Би-Си Орус кызматы

Орус жоокерлеринин көрүстөнү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Би-Би-Си талдап чыккан маалыматтарга караганда, Украинада орус армиясынын катарында согушкан 70 000ден ашуун адам курман болду. Ошондой эле биринчи жолу ыктыярчылар — куралдуу күчтөргө согуш башталгандан кийин кошулган жарандар - 2022-жылы Россиянын толук кандуу чабуулу башталгандан бери согуш талаасында курман болгондордун эң көп бөлүгүн түздү.

Россияда курман болгондордун аты-жөнү, алардын некрологдору жана акыркы сапарга узатуу зыйнатынан тартылган сүрөттөр күн сайын ЖМКларда жана социалдык тармактарда жарыяланып турат. Би-Би-Синин орус кызматы жана "Медиазона" көз карандысыз сайты бул ысымдарды башка ачык булактардагы ысымдар менен, анын ичинде расмий билдирүүлөр менен салыштырып текшерип чыгышты. Маалымат кимден болгонун, бийликтен же курман болгондордун туугандарынан берилгенби жана алардын согушта курман болгону аныкталганбы, аны дагы текшердик.

Көрүстөндөрдөгү жаңы мүрзөлөр Украинада курман болгон аскерлердин аты-жөнүн табууга жардам берди. Алар, адатта, Коргоо министрлиги жиберген желектер жана гүлчамбарлар менен белгиленет. Биз Украинада окко учкан 70 112 орус жоокеринин аты-жөнүн аныктадык, бирок алардын саны мындан кыйла көп деп эсептелет.

Кээ бир үй-бүлөлөр туугандарынын өлүмүнүн чоо-жайын ачык айтышпайт, ошондуктан биз өзүбүз текшере албаган жоокерлерди анализге кошкон жокпуз. Ошондой эле Украинанын чыгышындагы Орусия басып алган Донецк жана Луганскидеги курман болгондор да кошулган жок.

Согушта каза тапкандардын ичинен 13 781 ыктыярчы болгон — бул болжол менен 20%. Ыктыярчылардын арасындагы өлүм көрсөткүчү азыр башка категориялардан ашып кетти.

Мурда түрмөдөн согушка баргандар саны эң жогору болсо, азыр алар бардык аныкталган жоготуулардын 19% түзөт. Мобилизацияланган жоокерлер - согушка чакырылган жарандар - 13% түзөт.

Өткөн жылдын октябрынан бери ыктыярчылардын бир аптадагы өлүм-житими 100 түшкөн жок, ал эми кээ бир жумаларда ыктыярчылардын ичиндеги өлүм 310 ашык болду.

Украинага келсек, ал согуш талаасында курман болгондордун саны боюнча сейрек маалымат берет. Февраль айында президент Владимир Зеленский 31 000 украин аскери курман болгонун айткан, бирок америкалык чалгындоо маалыматтарына негизделген эсептөөлөр жоготуулар чоң экенин көрсөтүп турат.

Rinat Khusniyarov via ok.ru

Сүрөттүн булагы, Rinat Khusniyarov via ok.ru

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ринат Хуснияров кан майданга 62 жашында барды.
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Ринат Хуснияровдун окуясы курман болгон көптөгөн ыктыярчыларга мүнөздүү. Ал Башкыртстандагы Уфада эки жумушта — трамвай депосунда жана фанера заводунда иштеген. Ал былтыр ноябрда орус армиясы менен келишим түзгөндө 62 жашта болчу. Ал үч айга чукул убакытта салгылашуулардан аман өтүп келип, 27-февралда окко учкан.

Жергиликтүү интернеттеги эскерүү сайтына чыккан некрологдо ал "эмгекчил, адамгерчиликтүү адам" деп эскерилет.

Биз талдаган маалыматтарга караганда, аскерге барган эркектердин көбү Орусиянын туруктуу же маянасы жакшы жумуш табылышы кыйын болгон аймактарындагы чакан шаарлардан болот.

Чечен Республикасында айрымдар укук коргоочуларга жана адвокаттарга мажбурлоо жана коркутуу учурлары болгонун айтышкан менен, алардын көбү өз ыктыяры менен кошулгандар окшойт. Ыктыярчылардын айрымдары кол койгон келишимдин бүткөн күнү жок экенин убагында түшүнгөн эместигин айтышат. Алар Кремлдин журналисттерине жардам сурап кайрылышкан, бирок майнап чыкан эмес.

Армиянын бир айлык акысы өлкөнүн анча бай эмес аймактарындагы орточо эмгек акыдан беш-жети эсе жогору болушу мүмкүн. Ошондой эле жоокерлер социалдык жеңилдиктерди алышат, анын ичинде балдарды акысыз багуу жана салыктан дагы жеңилдик бар. Аскерге чакырылган адамдарга мамлекеттен бериле турган бир жолку сумманын көлөмү Россиянын көптөгөн жеринде бир нече эсе жогорулады.

Фронтто курман болгон ыктыярчылардын көбү 42 жаштан 50 жашка чейинкилер. 13000 ашуун ыктыярчылардын тизмесинде 4100 адам ушул куракта болгон. Курман болгон эң улуу ыктыярчы 71 жашта болгон —өлүмгө учураган 250 ыктыярчы 60 жаштан өткөндөр.

Орус аскерлери Би-Би-Сиге айтып бергендей, ыктыярчылар арасында жоготуунун чоң болушу алардын фронттогу эң татаал аймактарга, айрыкча Чыгыштагы Донецк облусуна түшкөнү менен байланыштуу. Биз сүйлөшкөн орус аскерлеринин айтымында, Россиянын "эт туурагыч" стратегиясы күчөгөндүн гана үстүндө. Бул термин Москванын кан күйгөн согуш талаасына аскерлерди аябай, күргүштөтүп тынымсыз айдаганын көрсөтүү үчүн колдонулуп келатат.

Интернетте жарыяланган дрон менен тартылган сүрөттөр орус аскерлери Украинанын позицияларына артиллерия же согуштук техниканын колдоосу аз же такыр жок чабуул жасап жаткандыгын көрсөтүп турат.

Кээде бир күндө жүздөгөн адамдар окко учууда. Акыркы жумаларда орус аскерлери чыгыш Украинанын Яр жана Покровск шаарларын ушундай тактика менен басып алууга аракет көрүштү. Россиянын Коргоо министрлигинин Аскердик медициналык башкы башкармалыгынын расмий изилдөөсү көрсөткөндөй, жоокерлердин өлүмүнүн 39% бут менен колдогу жаракаттан болгон. Биринчи жардам жана андан кийинки медициналык жардам жакшыраак болгондо, мынчалык өлүм-житим көп болмок эмес.

Орус өкмөтүнүн азыркы туруму адамдарды мобилизациянын жаңы расмий толкунуна көп айдагысы келбей жатканын көрсөтүп турат. Демек, бул согушка барган ыктыярчылар көп болот дегендик, бийлик негизги күчтү ушул жакка жумшап жаткандай. Жергиликтүү парламенттердеги регионалдык чиновниктердин айткандары ушундай тапшырма аларга жогору жактан түшүп жатканын көрсөтүп турат. Алар жумуш сайттарына жарнамаларды жайгаштырып, карызы бар эркектер жана сот аткаруучулар менен байланышып, ал түгүл жогорку окуу жайларынан дагы ыктыярчыларды топтоо өнөктүгүн жүргүзүүдө.

2022-жылдан бери соттолуп темир тор артында отургандарды согушка тартуу аракети болуп келсе, азыр жаңы саясат - кылмышка айыпталып жаткандар дагы сотко жетпей эле согушка барышы мүмкүн дегенди билдирет. Мындай учурда алардын кылмыш иштери толугу менен токтотулат.

Россиянын түштүк-батышындагы Таганрогдун четиндеги аскердик аэродромдун жанындагы көрүстөн.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Россиянын түштүк-батышындагы Таганрогдун четиндеги жанындагы аскердик аэродромдун жанындагы көрүстөн.

Согушта өлгөн ыктыярчылардын арасында башка өлкөлөрдөн баргандар да бар. Биз мындай 272 кишинин аты-жөнүн аныктадык, алардын көбү Орто Азиядан - Өзбекстандан -47, Тажикстандан – 51 жана Кыргызстандан - 26. Былтыр Орусия Куба, Ирак, Йемен жана Сербиянын жарандарын согушка жалдап жатканы тууралуу маалыматтар тараган.

Орусияда иштөөгө уруксаты же визасы жок жашап жаткан чет өлкөлүктөрдүн арасынан «мамлекетке иштөөгө» макул болгондорго депортация болбойсуңар, согуштан аман калсаңар, жарандыкты оңой аласыңар деп убада берилүүдө. Кол койгон документтерди түшүнө албай нааразы болуп көп адамдар массалык маалымдоо каражаттарына жардам сурап кайрылышкан. Индия жана Непал өкмөттөрү өз жарандарын Украинага жөнөтүүнү токтотууга чакырып, курман болгондордун сөөгүн мекенине кайтарып берүүнү суранышууда. Азырынча бул өтүнүчтөр аткарыла элек.

Согуш талаасына көп жарандар эч кандай аскердик даярдыгы жок түшүп жатканы да көп сынга алынууда. Былтыр ноябрда орус армиясы менен келишим түзгөн бир ыктыярчы фронтко кетерден мурда эки жума аскердик машыгуу убада болгонун, бирок антпей эле согуш талаасына барып калганын айткан.

"Чындыгында, адамдарды плацка айдып барып, колуна кайсы бир жабдыктарды берип коюшту",- дейт. "Бизди поездге, анан жүк ташуучу унааларга салып, фронтко жөнөтүштү. Жарымыбызды түз эле жолдон согушка салды. Натыйжада, кээ бир адамдар бир жумада эле аскер комиссариатынан фронтко келип калышты".

Улуу Британиядагы Королдук Бириккен коргонуу изилдөө институтунун аналитиги Сэмюэл Крэнни-Эванс мындай дейт: "Чүмбөттөлүү жана жашынып жүрүү же түнкүсүн жана күндүзү билинбей, көзгө илинбей жүрүү сыяктуу нерселер жөө аскерлерге негизги көндүм болуп үйрөтүлүшү керек эле».

Дагы бир жоокер экипировкада да көп көйгөй бар экенин айтат: "Ар башка, көбүнчө чаржайыт тигилген униформалар, бир күндө эле жыртыла турган стандарт батиңкелер, 20-кылымдын ортосунда жасалганы жазылган баштыктар".

“Болор-болбос соот жана арзан шлем. Алар менен согушуу мүмкүн эмес. Эгер аман калгың келсе, өзүңө коргонуу жабдыгын сатып алышың керек". (КС)