Ким Чен Ындын чопкутталган поезди Орусияга келди

Сүрөттүн булагы, Reuters
Ким Чен Ындын брондолгон поезди Россиянын аймагы аркылуу Владивостокту көздөй бара жатат. Бул тууралуу Орусиянын мамлекеттик агенттиги РИА Новости билдирди.
Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин менен Владивостоктогу Чыгыш экономикалык форумунун алкагында жолугушууну пландаштырууда.
Жолугушуунун так качан болору азырынча белгисиз.
АКШ Ким менен Путин Украинада согушуп жаткан орус армиясына Түндүк Кореянын ок-дарыларын жеткирүү маселесин талкуулайт деп эсептейт.

Сүрөттүн булагы, reuters
Эгер Путин менен Ким Чен Ын курал-жарак жеткирүү боюнча макулдашса, АКШ жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр деп Мамлекеттик департамент билдирди.
АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Мэтью Миллер дүйшөмбү күнү журналисттерге Владимир Путин менен Ким Чен Ын Владивостокто боло турган жолугушууда Түндүк кореянын ок-дарыларын жеткирүү боюнча макулдашса, АКШ жаңы санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирди.

Сүрөттүн булагы, Reuters
“Түндүк Кореядан Орусияга курал-жарактарды жеткирүү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көптөгөн резолюцияларын бузуу болуп эсептелерин эки өлкөгө тең эскертким келет. Биз Орусиянын согушун каржылаган адамдарга каршы санкцияларды киргизгенбиз, биз ал санкцияларды күчтөндүрүүнү улантабыз жана керек болсо, жаңы санкцияларды киргизебиз”, - деди Мэтью Миллер.
АКШ Орусия Түндүк Кореядан ок-дарыларды, биринчи кезекте артиллериялык снаряддарды алууну каалайт деп эсептейт.
Мэтью Миллер бул окуяга байланыштуу Путин "Ким Чен Ындан шапкесин колуна алып, аскерий жардам сураш үчүн бүт өлкөсүн аралап бара жатканын" айтты. Бул, Мамдепартаменттин басма сөз катчысынын айтымында, Путиндин Украинага каршы согуш ачкан империяны калыбына келтирүүгө болгон үмүтү кыйраганын эң сонун көрсөтүп турат.











