АКШ: Ким Чен Ын Путин менен жолугуп, курал маселесин талкуулайт

Ким Чен Ын

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жакынкы күндөрү Орусияга барып, президент Владимир Путин менен жолугуп, Москвага курал-жарак жеткирүү маселесин талкуулай турганын Вашингтон билдирди.

Өткөн аптада Ак үй Орусия Украинада согушуп жаткан армиясын ок-дары менен камсыздоо боюнча Түндүк Корея менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айткан.

Ак үйдүн Улуттук коопсуздук кеңешинин басма сөз катчысы Адриен Уотсон: “Биз буга чейин эскерткендей, Орусия менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын (КЭДР) ортосунда курал-жарак жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөр активдүү жүрүп жатат. Ким Чен Ын бул талкууларды, анын ичинде Россиянын лидерлеринин деңгээлиндеги дипломатиялык жактан өз ара аракеттенүүнү күтүп жатканы тууралуу бизде маалымат бар."

“Нью-Йорк Таймс” гезити дүйшөмбү күнү боло турган визит тууралуу биринчилерден болуп жазып чыкты. Басылманын маалыматына караганда, Түндүк Кореядан сыртка сейрек саякаттаган Ким Чен Ын бронепоезд менен Владивостокко барып, 10-13-сентябрда өтө турган Чыгыш экономикалык форумунда Путин менен жолугушу мүмкүн.

"Путин Ким Чен Ын менен Орусияга артиллериялык снаряддарды жана танкка каршы ракеталарды жөнөтүүнү сүйлөшкүсү келет, ал эми Ким Орусиядан Түндүк Кореяны алдыңкы спутниктик технологиялар жана суу астындагы атомдук кемелер менен камсыз кылуусун каалайт", - деди чалгындоо булагы Нью-Йорк Таймс гезитине.

Алардын айтымында, Түндүк Кореянын лидери азык-түлүк жагынан да жардам алгысы келет.

Июль айында Пхеньянга болгон сапарында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу курал-жарак көргөзмөсүнө катышкан.

Сүрөттүн булагы, KCNA

Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу жакында Пхеньянга болгон сапарында Пхеньянды Орусияга ок-дарыларды сатууга көндүрүүгө аракет кылганын Адриен Уотсон журналисттерге билдирди.

Ал ошондой эле Путин менен Ким эки тараптуу кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу кат алмашканын эске салды.

“Биз КЭДРди Орусия менен курал-жарак боюнча сүйлөшүүлөрдү токтотууга жана Пхеньяндын Орусияга курал-жарак жеткирбөө же сатпоо боюнча ачык милдеттенмесин аткарууга чакырабыз”, - деди Уотсон. Ал ошондй эле, эгерде Орусияга курал-жарак берилсе КЭДРге кошумча санкциялар колдонулушу мүмкүн экенин эскертти.

Өткөн аптада АКШ, Британия, Түштүк Корея жана Жапония БУУда биргелешкен билдирүү жасап, Орусия менен Түндүк Кореянын эки тараптуу кызматташтыгын кеңейтүү боюнча кандай гана келишим болбосун Москва өзү кол койгон Коопсуздук Кеңешинин резолюциясын бузаарын билдирген.

Алардын айтымында, Шойгунун Пхеньянга жасаган иш сапарынан кийин Орусиянын дагы бир тобу курал-жарак сатып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууга Түндүк Кореяга барган.

Американын маалымат каражаттары былтыр күздө Орусия КЭДРден миллиондогон снаряд сатып алганын жазган. Пхеньян менен Москва Түндүк Корея Орусияны Украинада согуш жүргүзүү үчүн курал менен камсыздап жатканын четке кагышты.

2006-2008-жылдары Британиянын Түндүк Кореядагы элчиси болуп иштеген Жон Эверард Ким Чен Ындын Орусияга сапары эми болбой калышы мүмкүн экенин Би-Би-Сиге билдирди.

“Ким Чен Ын өзүнүн жеке коопсуздугуна ашыкча көңүл бөлгөн адам. Ал өз кыймылын жашыруу үчүн колунан келгендин баарын жасап жатат жана эгер ал Владивостокко барып, президент Путин менен жолугушууну пландап жатканы белгилүү болсо, ал бул иш-чараны жөн эле токтотуп коюшу толук ыктымал”, - деди Жон Эверард. (DO)