Украина дагы 160 миң аскерди топтой алабы?

Олег Черныш, Би-Би-Си Украина кызматы

Украина

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Украин бийлиги жалпы мобилизациянын мөөнөтүн 2025-жылдын февраль айынын башына чейин узартып, дагы 160 миң кишини аскердик кызматка чакыруу пландалып жатканын жарыялады. Киев бул планды ишке ашыра алабы?

29-октябрда Жогорку Радада улуттук коопсуздук жана коргоо кеңешинин катчысы Александр Литвиненко аскерге чакыруу боюнча конкреттүү сандарды айтты. Парламент 10-ноябрдан тарта аскердик абалдын жана жалпы мобилизациянын мөөнөтүн дагы токсон күнгө, тагыраагы келерки жылдын февраль айына чейин узартты.

Литвиненконун айтымында, учурда Украинанын 1 миллион 50 миң жараны мобилизацияланды. Жакынкы үч айда дагы 160 миңден ашык адамды чакыруу пландалууда.

Украина бийлиги мобилизациянын көрсөткүчтөрүн чанда гана жарыялайт. Өткөн жылдын аягында президент Володимир Зеленский аскердик командачылык кошумча 450-500 миң кишини аскерге тартууну суранып жатканын айткан эле.

Украинанын куралдуу күчтөрүнүн ошол кездеги башкы командачысы Валерий Залужный конкреттүү сандар тууралуу сөз жок экенин, анын үстүнө мындай маалымат ачык айтылбашы керектигин, аскердик сыр экенин билдирген.

Залужныйдын ордуна келген жаңы башкы командачы Александр Сырский аскерге чакырылгандардын саны кыскара турганын жарыялаган.

Украиналыктарды армияга чакырууну тездетүү жана алардын санын көбөйтүү максатында мобилизация боюнча жаңы мыйзам май айында күчүнө кирди.

Би-Би-Си Украина кызматынын өкмөттөгү булактарынын айтымында, жаңы мыйзам кабыл алынган алгачкы айларда мобилизациялык көрсөткүчтөр иш жүзүндө бир нече эсеге өскөн.

Бул тууралуу парламенттин улуттук коопсуздук жана коргонуу боюнча комитетинин катчысы Роман Костенко ачык айтып чыккан эле. Анын билдиришинче, мобилизациянын мындай көрсөткүчтөрү башкы штабды толугу менен канааттандырды.

Бирок Би-Би-Синин маектешинин айтымында, күз келип кырдаал өзгөрдү, кадрларды кабыл алуунун темпи кайрадан төмөндөдү.

"Азырынча бул абал коркунучтуу эмес, аскерге чакырылгандар фронттогу жоготууларды жабууга гана мүмкүндүк берет", - деди чиновник.

Жарандарды мобилизациялоо милдети аскердик кабыл алуу борборлоруна жүктөлгөн. Алар аскерге чакырылгандарды көчөдөн эле түз алып кетүүгө аргасыз болушат

Сүрөттүн булагы, УНІАН

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жарандарды мобилизациялоо милдети аскердик кабыл алуу борборлоруна жүктөлгөн. Алар аскерге чакырылгандарды көчөдөн эле түз алып кетүүгө аргасыз болушат

Болжолдуу цифралар

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Октябрь айынын башында британиялык Times гезити Украина жылдын аягына чейин 200 миң адамды мобилизациялоону пландап жатканын, бирок муну ишке ашыруу бир нече себептен улам кыйындаганын жазды. Тактап айтканда, аскерге жарамдуу эркектер өлкөдө кыйла азайды, анын үстүнө эл ичинде мобилизацияга каршы чыккандар да арбын.

Украинанын коргоо түзүмдөрүндө жетекчилик кызматта жүргөн Би-Би-Синин маектешинин айтымында, кызмат өтөө үчүн физикалык жактан жарамдуу эркектердин керектүү саны өлкөдө жетиштүү. Көйгөй аймактардагы аскердик кабыл алуу борборлорунун жакшы иштей албай жатканында.

Жаңы мыйзамдын талаптарына ылайык, аскер кызматын өтөөгө милдеттүү 4,7 миллионго жакын украиналык 18-майдан 16-июлга чейин өздөрүнүн маалыматтарын жаңыртышты. Бирок окуусуна, үй-бүлөдөгү абалына, чет жерде жүргөнүнө байланыштуу мобилизацияга келбей жаткандар бар.

Коргоо министрлигинин эсептөөлөрү боюнча, Украинада аскердик кызмат өтөөгө милдеттүү кишилердин жалпы саны 11 миллионго чейин жетиши мүмкүн. Анткен менен анын алты миллионго жакыны өзүнүн маалыматтарын жаңырта элек же такыр берген эмес.

Бул сандарды аскер командачылары кантип эсептегени тууралуу маалымат жок. Украинада соңку эл каттоо 2001-жылы жүргүзүлгөн учурда өлкөдө 22,4 миллион эркек бар экени айтылган. Андан бери алардын саны бир топ азайып кеткени турган иш.

Украинанын Донецк облусу, 22-октябрь. 56-мото бригадасы машыгуудан кийинки тыныгуу учурунда. Кийинки этап согуш зонасында тапшырмаларды аткаруу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Украинанын Донецк облусу, 22-октябрь. 56-мото бригадасы машыгуудан кийинки тыныгуу учурунда. Кийинки этап согуш зонасында тапшырмаларды аткаруу

Мамлекеттик статистика кызматынын маалыматы боюнча, Орусия Украинага согуш ачканга чейин өлкөдө 25 жаштан 60 жашка чейинки 10,2 миллион эркек мобилизацияга жарамдуу деп эсептелген. Аталган мекеме туулган жана өлгөндөрдү каттоо, жашаган жерин өзгөрткөндөрдү эсепке алуу боюнча административдик маалыматтарга таянып эсептөө жүргүзгөн. Бирок бул болжолдуу эле сандар.

Ошондуктан азыр Украинада канча эркек калганы так белгисиз.

Жыл башында Financial Times Жогорку Раданын экономикалык комитетине шилтеме берип, болжолдуу 11 миллион аскер курагындагы эркектин 3,7 миллиону гана мобилизацияга жарамдуу деп жазган. Калгандары же фронтто жүрөт, же майып болуп калган, же чет өлкөдө иштеп, окуп жүрөт.

Би-Би-Синин украин өкмөтүндөгү ишенимдүү булагынын айтымында, дагы 160 миң аскерди чакыруу жогорку чек, ага жетүү абдан кыйын болот:

"Бул мындайча айтканда чыныгы цифралар эмес, бирок жогорку чекке жетүүгө умтулуп жатабыз. Анткен менен мындай сандагы аскерди чогултуу чындыгында абдан кыйын".

Ал билдиргендей, коргоо күчтөрүнүн катарына кошулууну каалагандардын баары буга чейин эле аскерге жөнөп кетти, бирок милдеттүүлөрдүн арасында согушууну каалабагандар да көп, ошон үчүн мобилизациялоо кыйынга турууда.

Чиновник кошумчалагандай, бул резервдер жаңы бөлүктөрдү түзүү үчүн эмес, фронттогу жоготуулардын ордун жабуу үчүн жана теориялык жактан келерки жылы Украинанын контрчабуулу үчүн керек болуп жатат.

Аскерге чакырылып жаткандардын санын эмнеге коомчулукка жарыялап жатасыңар деген суроого Би-Би-Синин бул маектеши "бул маселе мамлекеттик сыр болбосо керек, анын үстүнө Орусия дагы бул тууралуу билсе керек" деп жооп узатты. ( ErA)