Бала түйшүгү кыргыз аялдарын карьерадан калтырат

Элеонора Сагындык кызы, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Билимдүү аялдардын эмгек укугун коргоо үчүн “Камкор” аттуу жаңы портал иштелип жатат. Аны Кыргызстандагы IT чөйрөсүндө иш алып барган айымдар уюштурууда.

кыздар
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, IT адис Каныкей Алипова

Кыргызстанда жогорку билимдүү кыз-келиндердин 57% балалуу болгондон кийин ишин таштоого мажбур. Себеби, өлкөдө балдар бакчалары жетишсиз. Ал эми үй-бүлө ичинде бала түйшүгү негизинен аялдарга жүктөлөт.

Билими бар, мүмкүнчүлүгү жок

IT адис Каныкей Алипова Кыргызстандагы жогорку билимдүүлөрдүн 52% аялдар экенин айтып, бирок эмгек рыногунда кыз-келиндердин орду аз экенине кейийт:

“Бизде кыздар эркектерге караганда көбүрөөк жогорку билим алышат. Бирок турмушка чыгып төрөгөндөн кийин эле үйдө отуруп калып жатышат. Бизде бери дегенде үчтөн төрөшөт. Анан узакка жумуштан калып, бала тарбиялап, кесипкөйлүгүн жоготуп жатышат".

"Технология күн сайын өнүккөн заманда, алардын алган билимдери да эскирип кетип атат. Кийин ишке чыкканда акчасы аз жумуштарга иштөөгө мажбур”, -дейт Талипова.

Бул көйгөйдү чечүү максатында энелерге бала баккан жардамчылардын ачык базасы иштелип чыкканы жатат.

”Камкор” платформасынын негиздөөчүлөрү бул долбоор жумушка кайтып келген энелерди гана колдобостон жакырчылыкты азайтып, гендердик теңчиликти жакшыртат деп үмүттөнүшөт.

Айнура Миталипова , “Камкор” порталынын негиздөөчүлөрүнүн бири:

“Биринчи Бишкек шаарында алты ай ичинде 100гө жакын бала багуучуну таап, аларды ишке тартууну пландап жатабыз. Андан кийин Ош шаарында дагы 100гө жакын бала багуучуну алып, билимдүү аялдардын ишке кайтып келүүсүнө мүмкүнчүлүк берүүнү каалайбыз”.

Бала-бакчалар аздыгы – негизги проблема

бакчалар

Сүрөттүн булагы, Табылды Кадырбеков

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстанда бала-бакчалардын аздыгы ата-энелер үчүн негизги көйгөй

Кыргызстанда жети жашка чейинки балдардын саны 1 миллион 118 миң ди түзөт. Анын ичинен 200 миңдей бала гана бала-бакчасына барат. Бул жалпы балдардын 25% гана бала-бакчасына барат дегенди түшүндүрөт.

Билим берүү министрлигинин өкүлү Нурзида Касымова Кыргызстандагы бала бакчалардын аз экенин айтып берди:

“Учурда өлкөдө 1 миң 710 бала бакча иштеп жатат. Анын ичинен 1 миң 504 бала бакча мамлекеттик жана муниципалдык болуп саналат. Ал эми 206 бала бакча – жеке менчик”.

Маселени чечүү үчүн кыргыз өкмөтү Дүйнөлүк банктын колдоосу менен 560 кыска мөөнөттөгү балдар бакчасын ачууну пландап жатат. Бул чара орундалса, 40 миңге жакын мектеп жашына чейинки балдардын апалары ишке кайтып келишмек.

Ошондой эле, ушу тапта китепкана базаларында балдарды өнүктүрүүчү 100 борбор иштеп жатат.

Бала үчүн биринчи кезекте эне жоопкер

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Кыргызстанда эркек киши табышкер, ал эми жубайы үйдө бала тарбиялайт, тиричиликти эптейт деген көз-караш басымдуу. Өлкөдө кыз-келиндер жогорку билимге ээ болору менен турмушка чыгууну көздөшөт. Орточо эсеп менен алганда кыздар 23 жашында турмушка чыгышат, ал эми эркектер үй-бүлөнү 27-28 жашында кура башташат.

 Эмгек кодексине ылайык, декреттик тыныгууга экөө тең укуктуу болгону менен, аны жалаң эле аялдар алышат.

Ошентип ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнүн 57% аялдар түзгөнү менен, кийин эмгек рыногунда алардын орду жоголуп кетип жатат.

Мисалы, Кыргызстанда ушу тапта 2,5 миллион экономикалык жактан активдүү , эмгектүү жаран калк бар, алардын 61% - эркектер.

Гендер эксперти Анара Ниязованын пикири:

“Кыз-келиндердин эмгекке жарамдуу курагы репродуктивдүү курагына да туура келет. Төрөш керек, башкача айтканда, репродуктивдуү салыктан кутулуш керек болот. Үй-бүлөдө аялдар бала багууга эле эмес, майып же кары-картаңдар болсо аларды дагы кароого милдеттүү”.

Кыз-келиндер үй-бүлөгө карап, жумуштан бир эле жолудан калбайт. 2010-жылдан бери Кыргызстандагы ар бир үй-бүлөгө кеминде үчтөн бала туура келип жатат. Удаа төрөгөн аялдар жумуштан он жылга чейин четтеп, үйдө узак убакытка да кармалып калышы ыктымал.

Бала багуудан тышкары аялдардын мойнуна үйдүн түйшүгү да илинген. Кыз-келиндер күнүнө үй жумуштарына орточо эсеп менен 4,5 саат коротушат. Элетте бул убакыт дагы 2 саатка узагыраак. Эркектер болсо тиричилик жумуштарына 2 сааттай убакыт бөлүшөт.