Ата-энелик кылуудан стресс болдуңузбу? Мунун себебин эволюция түшүндүрө алат

Никола Райхани, BBC Future

Ата болуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үй-бүлө же достор тарабынан колдоо албай бала өстүрүү стресске түртүшү мүмкүн

Кумурскалар менен сурикаттар бизге ата-эне болуу боюнча эмне үйрөтө алат? Эволюциялык биолог Никола Райхани азыркы күнгө чейин биздин үй-бүлөлөрүбүздү түптөгөн байыркы социалдык инстинктерди ачып көрсөтүп берет.

Мен пультту балдарымдын колунан жулуп алып диванга отурдум да, алдыда боло турган нерсеге даярданып жаттым. Ал кез 2020-жылдын март айы болчу. Британияда жаңы жана коркунучтуу коронавирустун катталган учурлары тездик менен өсүп жатты. Биздин премьер-министр карантин жарыялаганы жаткан. Мектептер, бала бакчалар жабыла турган болду. Миллиондогон башка ата-энелердей эле, мен иш жүзүндө кичинекей балдарымдын мектеп мугалими болгону калган элем. Мындай ойдун өзү мени коркунучка кептеди.

Мындай ойго жалгыз мен эле баткан жокмун. Мектептин WhatsApp тайпасы билдирүүлөргө толо баштаганынан телефонум шыңгырап жатты, ата-энелер балдарынын эсеп сабагын же грамматикасын аткарабыз деп өз күнүмдүк жумуштарынын талаптарына кантип жетишерине баштары катып турду.

Кийинки айларда көптөгөн ата-энелер өздөрүнүн психикалык жана физикалык ден соолугуна оор сокку алып жатканын сезишти. Ата-эненин стрессинин, кыжалатчылыгынын жана депрессиясынын деңгээли олуттуу түрдө көбөйгөндүгү жөнүндө билдирүүлөр менен бирге, дагы көбүрөөк карантин чаралары киргизилип мектептер жабылды. Эмне үчүн баланы кароо мынчалык оор деп көптөр өздөрүнө суроо беришти. Балдарыбызды сырткы жардамсыз тарбиялоодо табиятыбыздан чебер болушубуз керек эмесбеле? Илгери адамдар мектепсиз, бала бакчасыз кыйналган жок беле?

Эволюциялык биолог катары мен пандемияга байланыштуу бардык үй-бүлөлүк кризистерге жооп бере албайм. Бирок бир нерсени так айта алам: өзүнчө түр катары адамдар ата-энелик жагынан балага обочодо тарбия берүү боюнча абдан начар даярдалган.

Сурикаттар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдардын үй-бүлөсү түзүлүшү жагынан сурикаттардыкына окшошуп кетет

Эволюциялык көз караштан алганда, көпчүлүгүбүздүн бул абалда ушунчалык стресске түшүп кеткенибиз таң калыштуу эмес. Заманбап үй-бүлөлүк жашоо кичинекей, көз карандысыз бирдиктерден турат деген жалпы пикирге карабастан, биз көп учурда балдарыбызды өстүрүү жолунда башкалардын жардамына таянабыз. Адамзат тарыхынын көп бөлүгүндө чоң үй-бүлөлөр ошондой жардамды берип келишкен. Кичинекей үй-бүлө бирдиктери кеңири тараган заманбап индустриялык коомдордо мугалимдер, бала багуучулар жана башка кам көрүүчүлөр бизге ошол байыркы колдоо тармагын кайра жандантууга мүмкүндүк беришти.

Балдарды тарбиялоонун бул биргелешкен жолу бизди адам сымал маймылдардын арасында уникалдуу кылат. Бул "Биргелешип өстүрүү" деп аталат жана бул сурикаттар, аарылар жана кумурскалар сыяктуу бизден өтө алыс турган түрлөрдүн жашоосуна көбүрөөк окшош жана бул бизге эволюциялык маанилүү артыкчылыктарды берген.

Биргелешип өстүрүүчү түрлөр чоң үй-бүлөлүк топтордо жашашат, мында индивиддер биргелешип урпактарды өстүрүшөт. Балким, таң калыштуу болор. Бирок башка маймылдар, мисалы, шимпанзелер, мындай ата-энелик ыкманы колдонбойт. Адамдар да, шимпанзелер да туугандар жана тууган эместер деп бөлүнгөн татаал социалдык топтордо жашашса да, аларды тыкыр текшерүү кээ бир кескин айырмачылыктарды көрсөтөт. Шимпанзе энелер балдарын дээрлик жалгыз өстүрөт, башка эч кимдин, атүгүл атасынын жардамын такыр албайт. Гориллаларда, орангутандарда жана боноболордо да ушундай. Мындан тышкары, ургаачы маймылдарга физиологиялык менопауза келбейт. Башкача айтканда, алар өмүр бою тукумдуу болушат. Натыйжада, эне менен кызы өз тукумун бир убакта багып жатканы кадимки көрүнүш. Бул “чоң эне” маймылдардын неберелерине жардам берүү мүмкүнчүлүгүн чектейт.

Аарылар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Адамдар аарылардай эле кызматташууну өздөштүрүшкөн

Биздин башкача экенибиз айдан ачык. Жерде жашап жаткан биздин убактыбыздын көбүндө адамдар чоң үй-бүлө бөлүмдөрүндө жашашкан. Мындай жерде энелер башка көптөгөн үй-бүлө мүчөлөрүнөн жардам алып турган. Көптөгөн адамдардын коомдорунда азыр эле ушундай. Адам түрүндө аталар көбүнчө урпактарын тарбиялоого катышат, бирок аталык салым кошуу көлөмү коомго жараша бир аз айырмаланат.Ошондой эле, ымыркайлар ар кандай башка туугандарынан, анын ичинде улуу бир туугандарынан, таежелерден жана таякелерден, бөлөлөрдөн жана, албетте, чоң ата-энесинен да тарбия алышат. Кичинекей балдар да кичүүлөрдү колдоо жана коргоодо маанилүү роль ойной алышат. Мындай шартта балдарды кароо түйшүгү бир адамдын мойнуна өтө сейрек жүктөлөт.

Филиппиндик Агта мергенчи-жыйноочулар коому менен кеңири иштеген биологиялык антрополог Эбби Пейж мындай салттуу колдоо тармактарынын толук масштабын эми гана түшүнө баштадык дейт. Мисал үчүн, Агта коомунда төрт жаштагы балдар ал коомдун пайда алып келчү мүчөсү болуп калышат.

Пейж: “Балдардын салымы көп учурда көз жаздымда калып келген” дейт. Мурда эмгек менен оюн эмнелерден турат деген айырмачылык даана бөлүнгөндүктөн, изилдөөчүлөр бала бир убакта ойноп жаткан болсо, экинчи көз ирмемде бадалдан мөмө-жемиш терип жатканын байкашчу эмес. "Балдар сөзсүз түрдө (мындай мергенчи-жыйноочу коомдордо) өздөрүнө салым кошуп жатышкан болот", – дейт ал.

Агта балдары жашы кичүү бир туугандарын ар кандай коркунучтан коргоп дагы жардам беришет. Пейж ал Агта коомунун үйлөрүнүн биринде төрт жашар бала жана анын карындашы менен отурган учурун айтыпберет. Чаян кирип келгенде үчөө тең жерде отурган болот. Пейж "Мен бираз болсо да жардам бере алганжокмун" деп ачууланганын мойнуна алат. Бактыга жараша, жаш бала эмне кыларын билет болчу: "Ал дарооордунан ыргып турду да, күйүп жаткан оттон таяк алып, чаянды чаап, анан үстүнө бир нече жолу секирипжиберди". Бул жөнөкөй аракет анын карындашынын өмүрүн сактап калган.

Бонобо

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бонобо энелер адамдардан айырмаланып балдарын жалгыз карайт

Бул тажрыйба Пейжди балага кам көрүүнүн мааниси жөнүндө ойлонууга түрткү берди. Батышта балага кам көрүү, адатта, жоопкерчиликтүү чоң кишинин, көбүнчө ата-эненин, жаш баланы карап эле тим болбостон, интенсивдүү тарбиялоосун жана стимул берүүсүн билдирет. Ата-энелер мындайга үлгүрө албаган учурда, мисалы, жумуш менен убара болгондуктан, алар өздөрүн күнөөлүү же жетиштүү көңүл бурбай жаткандай сезиши мүмкүн. Бирок Пейждин изилдөөсү ата-энелердин балдарга бере турган тарбиясына гана көңүл бурбастан, балдарга кам көрүүнүн жана өстүрүүнүн башка көптөгөн жолдорун ачып берди.

Чынында, бир туугандардын өз ара камкордугу, улуу балдардын кичүү бир туугандарын тарбиялоого жардам берүүсү биргелешип өстүрүүчү түрлөрүнүн аныктоочу өзгөчөлүгү болуп саналат. Сурикаттар балдарына бериле турган тамак-ашты талаадан издешет, ал эми жаш күчүктөрүн ийинде багышат. Алар күчүктөргө коркунуч келтирчү олжолорду кантип коопсуз кармоо керек экенин үйрөтүшөт. Ургаачылары кичүү бир туугандарын багуу үчүн аларды сүтү менен да эмизет. Карындашын чаяндан куткарган бала сыяктуу эле, бул биргелешкен коомдордо кам көрүүнүн кээ бир маанилүү түрлөрү да жаштарын жырткычтардан жана кыйынчылыктан сактоо сыяктуу коргоонуну камтыйт.

Орангутан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Орангутандар бизге аябай окшош, бирок балдарын өзү жалгыз кароого көнүшкөн

Биргелешип өстүрүү балдарды тарбиялоонун жалгыз өстүрүү формаларына караганда чечүүчү артыкчылыкка ээ: ал ошол түрдү бекемирээк кыла алышы мүмкүн жана кыязы, кыйынчылыктарга туруштук бере ала тургандай кылып өзгөртөт.

Көптөгөн биргелешип өстүрүүчүлөр тукумунун түрлөрү планетанын эң ысык, эң кургак аймактарында кездешет. Алгачкы адамдар дагы тамак-ашты табуу, чогултуу, тазалоо же өлтүрүү кыйын болгон катаал аймактарда жашашкан. Жашап кетүүнүн негизги шарты кызматташуу болгон. Ал эми азыркы адам сымал маймылдарда андай зарылчылык жок. Биздин маймыл туугандарыбыздын баары салыштырмалуу туруктуу, жакшы, үлкөн салат идиши сыяктуу чөйрөдө жашашат – аларга өздөрүн жана өз жакындарын багуу үчүн керектүү тамак-аш табуу оңой.

Сыягы, адамдар мындай татаал шарттарда жашап кете алган жалгыз маймылдар болгон: бул аймактарда табылган таш калдыктарда адам сымал башка маймылдар жок.

Парадоксалдуу жагы, балким биздин узак убакыт бою аман калууга жана гүлдөп өсүүгө мүмкүндүк берген биргелешип өмүр сүрүү адатыбыз, психологиялык жана практикалык көз караштан алганда азыркы кризисти бир топ кыйындаткандыр.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Карантиндик чектөөлөр учурунда бизди колдогон тармактарыбыздан ажыратылганбыз: чоң ата, чоң энелер, таежелер жана таякелер, ошондой эле мектептер, бала бакчалар жана ойноочу топтор биздин байыркыадам топторунун түзүлүштөрүн тууроого жардам берип турган. Ал гана эмес, карантин чаралары кирген соң биз инстинктивдүү түрдө өзүбүздүн чакан үй-бүлөбүзгө гана таянып калышыбыз керек болчу. Көпчүлүгүбүз үчүн бул мүмкүн эместей сезилди жана эмне үчүн мындай болгонуна эч кандай реалдуу түшүндүрмө жок болчу. Анткени биздин батыштагы үй-бүлө түшүнүгүбүздө энелик камкордукка ушунчалык басым жасалып, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн салымына азыраак көңүл бурулат. Аталар менен апалар, атүгүл жалгыз бой энелер үй-бүлөнү камкордукка алса, ошол жетиштүү болот деп күтүлгөн.

Бирок, Лондондун Гигиена жана Тропикалык медицина мектебинин эволюциялык демография боюнча профессору Ребекка Сирдин айтымында, өз алдынча өзөктүк үй-бүлө идеясы тарыхый чындыкка караганда Батыш изилдөөчүлөрүнүн тажрыйбасын жана дүйнө таанымын чагылдырат. Эркек үй-бүлөбагуучу тарабынан колдоого алынган өзөктүк үй-бүлө идеясы согуштан кийинки мезгилде өзгөчө бекемделди, ал кезде “академия бай, ак, батыштык эркектерге толгон эле жана алар өз үй-бүлөлөрүн карап, баары эле ар дайым ушундай болгон деп эсептеген”, – дейт Ребекка Сир.

“Өзөктүк үй-бүлө” термини 1920-жылдары гана пайда болгон. А ата-энеге жана салыштырмалуу аз сандагы балдарга негизделген үй-бүлө түзүлүшүнүн жашы андан улуураак жана Өнөр жай революциясы менен байланыштырылышы мүмкүн. Анткени дыйканчылыктан өндүрүшкө өтүү көз карандысыз жашоо образына жол ачкан. Альтернативдик түшүндүрмө: Орто кылымдардагы Батыш чиркөөсүнүн бөлөлөрдүн жана чоң-аталары бир үй-бүлө мүчөлөрүнүн ортосунда өз ара никеге турууга тыюу салган саясаты үй-бүлө мүчөлөрүнүн кыскарышына себеп болгон. Бирок өзөктүк үй-бүлө 20-кылымдын Батыш изилдөөлөрүндө жана популярдуу маданиятында, анын ичинде сансыз романдарда, тасмаларда жана телекөрсөтүүлөрдөабдан кеңири таралган түшүнүк болсо да, Сир муну чындыгында, ал тургай Батышта да аномалдуу деп эсептейт.

"Болгону ата-эне менен балдары гана чогуу жашаган үй-бүлөлөр дүйнө жүзүндө салыштырмалуу сейрек кездешет", – дейт Сир. "Дүйнө жүзү боюнча үй-бүлө түзүмдөрүндө көптөгөн айырмачылыктар бар, бирок окшош жагы ата-энелер балдарын тарбиялоодо жардам алышат жана Батыштын орто класстарында да ушундай".

Кумурскалар

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Үй-бүлөбүздүн түзүлүшү жагынан биз маймылдарга караганда кумурскаларга көбүрөөк окшошпуз

Адамдарга мүнөздүү түзүлүш – бул балдарын обочолонуп өстүргөн түгөйлөр эмес, деп түшүндүрөт ал. Тескерисинче, биз балдарды тарбиялоого келгенде жардамга муктажбыз жана ал жардамды алабыз. Ошондой эле аялдарды эне жана үй кожойкеси катары түшүнүү деле биз ойлогондой салттуу эмес. Тарыхый жана заманбап коомдордо аялдар үй-бүлөсүн камсыз кылууда маанилүү роль ойношот: аялдар да багуучу болуп саналат.

Адам баласынын үй-бүлөсүнө карата ушундай башкача көз караш болгондо, балким пандемия учурунда бала тарбиялоого койгон талаптарыбыз башкача болмок беле. Ата-энелер, өзгөчө апалар үйдүн жүгүн көтөрүшү керек (жана көтөрөт) деп ойлогондун ордуна, биз үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн жана камкорчулардын чечүүчү ролун моюнга алсак болот. Урпактарды өстүрүү үчүн бири-бирибизге канчалык таянарыбызды түшүнсөк башкаларга да, өзүбүзгө да кылган мамилебиз бул күрөш учурунда жеңилирээк болмок.

Адамдардан шимпанзелер сыяктуу ата-эне болушун күтүү кумурсканы анын колониясынан бөлүп салуусыяктуу: биз сөзсүз түрдө андай жашоо үчүн жаралган эмеспиз жана көбүнчө андай кылуу жакшыкетпейт. Башкаларга муктаж экенибизди моюнга алуу ийгиликсиздиктин белгиси эмес, тескерисинче, бизди адам кылган нерсе. (DO)

Никола Райхани Лондон Университет Коллежинин эволюция жана жүрүм-турум боюнча профессору. Ал “Социалдык инстинкт: кызматташтык дүйнөнү кандайча түздү” деген китептин автору.