Динозаврлар жөнүндө алты миф

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Динозаврлардын калдыктары тууралуу алгачкы илимий макалалар жазылгандан бери биз алар тууралуу көп нерсени биле баштадык. Бирок элдин көбүндө динозавр жөнүндө стереотиптер калыптанып калган.
Ондогон жыл бою палеонтологдор Жердин эң алгачкы жандыктары жөнүндөгү уламыштарды жокко чыгарууга аракет кылып келишет. Алардын баамында, байыркы динозаврлар тууралуу түрдүү жоромолдор айтылып, коомчулуктун башын айланткан учурлар бар. Ошол эле учурда палеонтологдор өздөрү динозаврлар жөнүндөгү мурунку идеяларын тактоого, ал тургай толугу менен кайра карап чыгууга аракет кылып келишет.
Төмөндө толугу менен туура эмес, эскирген же таптакыр жаңылыш айтылган мисалдарды сунуштайбыз:
Жерге астероид түшкөндө динозаврлар кырылып калган

Сүрөттүн булагы, Getty Images
66 миллион жыл мурда диаметри 10-15 км болгон астероид азыркы Мексика кысыгына түшүп, ал өзөктүк курал сыяктуу эле айлананы жер менен жексен кылган. Окумуштуулардын айтымында, кийинки миң жылдыкта климаттын өзгөрүүсүнөн жана азыктын тартыштыгынан улам планетадагы жандыктардын 75 пайызы акырындык менен кырылып кеткен. Жер шартынын өзгөрүшүнө туруштук бере албаган 25 килограммдан жогорку төрт буттуу жаныбардын дээрлик баары кырылган. Бирок айрым динозаврлар аман калган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Лондон музейинин палеонтологу Пол Баррет Би-Би-Сиге берген маегинде аман сакталып калган жандыктар салыштырмалуу кичинекей дейт.
“Азыркы чымчыктар - мурдагы динозаврлардын тукуму. Канаттуулардын санын эске алганда, 66 миллион жыл мурункуга караганда бүгүнкү күндө жерде көбүрөөк динозаврлар бар”, - деди Пол Баррет.
Ордуңузда катып калсаңыз, сизге тираннозавр тийбейт
Узундугу 10-13 метрге жеткен, салмагы 8-9 тонна болгон эки буттуу тираннозавр кургактагы эң чоң жаныбар катары тарыхта калды. 1993-жылы “Юра доорунун паркы” киносу эфирге чыккандан кийин тираннозаврлар абдан таанымал болуп калды.
Тасмада тираннозавр анча жакшы көрбөгөн, олжосунун кыймылынан байкаган жырткыч катары көрсөтүлөт. Мындай мүнөздөмө сууда жана кургакта жүргөн айрым жаныбарларга тиешелүү болушу мүмкүн, бирок тираннозаврга эмес.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Динозаврларлардын көзү курч болгон. 15 жыл мурда жарыяланган изилдөөдө тираннозавр жердеги жандыктар арасында абдан кыраакы болгону айтылат. Адам аны көрүп, турган жеринде катып калса, тираннозавр кетип калат деген абдан күлкүлүү нерсе”, - дейт профессор Баррет.
Машинага караганда тираннозавр катуу чуркайт

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Юра паркы” киносунда тираннозавр унааны ашып өтүп, аны талкалап салганы чагылдырылат. Окумуштуулардын мурдагы эсептөөсү боюнча, бул жырткычтар олжосуна жетүү үчүн саатына 50 километр ылдамдыкта чуркай алган. Азыркы компүтердик үлгүлөө аркылуу эсептөөлөрдө тираннозавр өзүнүн чоң көлөмү менен саатына 20-30 км менен гана чуркай ала тургандыгы көрсөтүлөт. Ошондуктан унаага жетип, аны талкалап салуу реалдуулуктан кыйла алыс.
Атактуу Йель университетинин алдындагы улуттук тарых музейинин окумуштуусу Марианна ди Жакомонун айтымында, тираннозавр кыска жана узун аралыкка ар башка ылдамдыкта чуркай алган.
“Тираннозавр кыска аралыкка тез чуркашы мүмкүн, бирок унаага жетип алат деген жомок”, - дейт Марианна ди Жакомо.
Динозаврды клодонсо болот

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Динозаврлар алгачкы адам пайда болгонго чейин миллиондогон жыл мурун жок болуп кеткен, ошондуктан биз аларды келечекте тирүү көрө албасак керек. Анын негизги себеби - ДНК көпкө сакталбайт.
“Динозаврга тиешелүү деп табылган сөөктөрдөгү ДНК үлгүлөрү болжол менен эки миллион жыл мурдагы деп айтылат. Эң эски деген жаныбардын ДНКсына элүү миң жыл болду. Жок болуп кеткен жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн ДНКсын бул убакыттын ичинде аныктоо дээрлик мүмкүн эмес. Ошол жагынан алып караганда, динозаврлардын ДНКсы аныкталат дегенге мен ишенбейм”, - дейт профессор Баррет.
Доктор ди Жакомо динозаврдын генетикасын изилдөөдөгү чоң жетишкендик да аны иш жүзүндө ийгиликтүү колдонулушуна кепилдик бере албасын белгилейт:
“Башка доорго таандык болгон жандыктарды клондоо укмуштуудай татаал иш. Бул иште бизге белгисиз болгон нерселер өтө көп. Анын үстүнө этикалык маселелер да бар. Юра паркы жөнүндөгү тасмалар мындай кылбаш керек экенин көрсөтүп турат. Тасманын жаратуучулары динозаврларды клондосо, ал оор кесепеттерге алып келет деген ойду айткысы келет. Мен болсо динозаврларды башка доорго өткөрүп келүү ырайымсыз, катаал мамиле деп айтмак элем. Алар таптакыр бул нерсеге ылайыкташкан эмес”, - дейт доктор ди Жакомо.
Динозаврлар мээси өрчүбөгөн акылсыз жандыктар болгон

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Доктор Ди Жакомо заманбап технологиялар динозаврлар кандай жашаганы жана өзүн кантип алып жүргөнү жөнүндө көптөгөн жаңы маалыматтарды алып келди дейт:
“Баардык эле динозаврларды өтө акылдуу же акылсыз деп айтууга болбойт. Алардын баары жашоо шарт талап кылгандай деңгээлде акылдуу болгон”.
Профессор Баррет көптөгөн динозаврлар, өзгөчө майда жырткычтар акылдуу болгон деп эсептейт:
“Айрымдары күчтүү атаандаштарынан качып, түнкүсүн аңчылык кылышкан. Жашоо үчүн күрөштө угуу, жыт алуу, көрүү жакшы болушу керек эле”.
Динозаврлар өз тукумуна кам көргөн эмес

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жүз жылдай убакыт бою динозаврлар ырайымсыз, өз тукумуна кайдыгер болгон деп эсептелген. 1970-1980-жылдары алардын татаал социалдык жүрүм-туруму боюнча маалыматтар алынган.
Болжол менен 77 миллион жыл мурда жашаган, чөп менен азыктанган динозаврларга изилдөөчүлөр майазавр деген ат берген. Бул байыркы грек жана латын тилдеринде “жакшы эне” жана “кескелдирик” деген маанини билдирет.
Өткөн жылы октябрда жарыяланган илимий изилдөөдө 193 миллион жыл мурун динозаврлар үйүр болуп жашап, балдарына кам көрүшкөнү айтылат.
"Динозаврлар жөнүндө көбүрөөк билгенден кийин алардын жакшы ата-эне болгонун түшүндүк. Бирок баары эле андай эмес. Мисалы аллозаврларда энелик сезим болгон. Ал эми Citipati osmolskae деген ургаачы динозаврдын түрүнө “чоң апа” деген ат берилген.
Казып алынган сөөктөргө караганда ал болжол менен жумуртканы басып жатканы айтылат. Демек, алар өз тукумуна кам көргөн”, - деди динозаврларды изилдеген окумуштуулар. (ErA)







