Аман калуунун аргасы: жаныбарлар дагы санаганды билет

Giraffes

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Айрым жаныбарлардын сандар боюнча өзгөчө түшүнүгү бар
    • Author, Андреас Нейдер
    • Role, The MIT Press Reader via BBC Future

Соңку он жылдын ичиндеги изилдөө - санды түшүнүү, колдонуу биздин биологиялык ата тегибизге байланыштуу экенин аныктады. Буга чейин окумуштуулар адам баласы тилди өздөштүргөнү үчүн санды дагы колдоно алат деп ойлогон.

Сан же математика жок дүйнөнү элестетүү мүмкүн эмес. Андан дагы маанилүүсү санды түшүнүү аман калуу үчүн абдан керек.

Жаныбарлар, канаттуулар, курт-кумурскалар жана алардын экологиялык айлана чөйрөсүнө жүргүзүлгөн изилдөө жаныбарлардын санды түшүнгөнү азык-түлүк ресурстарды бөлүштүрүү, аңчылык, айлана-чөйрөсүн коргоо жана социалдык байланыш түзүүгө түздөн-түз таасир этерин көрсөттү.

A bear with a fish in its mouth

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Аюлар канча балык кармаганын санай алабы?

Күч биримдикте

Микробиологдор бактериялардын дагы социалдык турмушу бар экенин аныкташкан. Башкача айтканда, бактерия жанында башка бактерия бар экенин билет.

Мисалы, деңиздеги Vibrio fischeri бактериясын алалы. Анын караңгыда биолюминесценция же электр жарыгындай күйүп калуу мүмкүнчүлүгү бар. Бирок бул бактерия жанында башка өзүндөй бактериялар болгондо гана күйөт. Тагыраагы, өзү жалгыз эмес экенин сезет. Муну химиялык тил деп дагы айтышат.

Fireflies in a forest

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаркыраган коңуздар караңгыда химиялык тил аркылуу баарлашат

Мындай химиялык тилди бактериядан тышкары айрым кумурскалар жана коңуздар колдонот. Кызыгы, кумурскалар бул тил менен оор жүктү качан көтөрүү керек экени боюнча бири-бирине белги берет.

Жаныбар дүйнөсүндөгү сандын мааниси

Жырткыч жаныбарлар аңчылык учурунда санга түшүнүгү бар экенин көрсөтүп келет. Айталы, карышкырлар үйүрдө канча аңчы бар экенине жараша чоң же кичинекей олжого кол салат.

Эгерде карышкырлар багышка кол сала турган болсо, анда топто алтыга чейин карышкыр болот. Эгерде чоңурак топозго кол сала турган болсо, топто 12-13 карышкыр болот.

A wolf and a beer

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Карышкырлар санына жараша кайсыл жаныбарга кол салууну чечет

Ошондо карышкырлар топ болуп аңчылыкка чыгат, бирок анын дагы чеги бар. Топто өтө эле көп карышкыр болсо тамак жетпей, айрымдар ачка калышы мүмкүн.

Андан тышкары коргонууда дагы санды түшүүнү маанилүү. Алдыңкы зоологдордун бири Карен МакКумб Африкада ири изилдөө жүргүзгөн. Ал ургаачы арстандардын коргонуу ыкмаларын түшүнүү үчүн алыстан башка арстандардын үнүн угузган.

Буга чейин окумуштуулар арстандар үйүргө кошулбаган башка арстандарды үнүнөн тааный аларын билген. Алыстан үйүргө кошулбаган арстанды үнү чыкса, үйүр үн чыккан жерге барып коргонууга өтөт.

Lionesses

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Арстандар алгач үйүргө кошулбаган канча арстан кол салып жатканын билип туруп, коргонууга өтөт

Окумуштуулар алгач үйүргө кошулбаган бир арстандын үнүн угузуп, андан кийин үч арстандын үнүн угузган. Изилдөөчүлөр ургаачы арстандардын тактикасы санга жараша алмашабы же жокпу деген суроого жооп издешкен. Кызыгы, үйүргө чоочун болгон үч арстандын үнү чыкса, жалгыз арстан бир дагы жолу коргонууга чыккан эмес.

Албетте, үч арстанга каршы жалгыз туруштук берүү абдан татаал. Мындай учурда үйүрдө беш арстандан көп болгондо гана алар коргонууга өткөнү байкалган.

Lions

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаныбар дүйнөсү санды аман калуу үчүн колдонот

Башкача айтканда, ургаачы арстандар саны көп болгондо гана чоочун арстандар менен күрөшүүгө бет алган.

Аскердик стратегия

Арстандардай эле аскердик стратегияны шимпанзелер дагы колдогон. Гарвард университетинин окумуштуусу Майкл Уилсон шимпанзелерге байкоо салып, алардын стратегиясы армияда колдонулган ыкмадан көп алыс эмес экенин тапкан.

Алдыңкы аскер стратегдердей эле шимпанзелер белгилүү "чарчы мыйзам" аттуу ыкманы колдонот. Башкача айтканда шимпанзелер саны бир жарым эсеге көп болгондо гана каршылаштарына кол салат. Жаныбарлар белгисиз ыкма менен бул санды эсептеп чыгышат.

Chimpanzee

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шимпанзелер белгилүү "чарчы мыйзам" аттуу ыкманы колдонот

Жогорудагы мисалдар көрсөткөндөй, жапайы жаныбарлар, канаттуулар жана курт-кумурскалар аман калуу үчүн санды түшүнүү абдан маанилүү.

Line

* Бул макаланын түпкү нускасы The MIT Press Reader басылмасына чыкан. Аны кайра чыгарууга уруксат алынган. Макала профессор Андреас Нейдердин A Brain for Numbers (Мээдеги сандар) китебинин негизинде жазылган.