Жаныбарлар дүйнөсүнүн оор атлеттери жана алардын рекорддору

    • Author, Элла Дэвис
    • Role, BBC Earth

Спортто оор атлетчилерди карап олтуруп, алар өтө оор чоюндарды көтөрүп жатканына таң калабыз. Деген менен табият жаныбарларга дагы таң калыштуу кара күчтү бергени тууралуу BBC Earth баяндамачылары айтып беришет.

Муравей, несущий тяжесть

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Пол Андерсон адамзат тарыхындагы эң күчтүү киши болгон. Ал бир эле учурда жонуна сегиз кишини көтөрүп, тактайга мыкты колу менен бир эле уруп кадап койгон. Айтылган кептерге караганда, 1957-жылы Андерсон жонуна 2,8 тонна салмакты көтөргөн экен.

Көп жылдарга чейин анын ийгилиги дүйнөлүк рекорд эсептелип жүрүп, кийин далил жоктугунан кайра жокко чыгарылды. Деген менен айрым спортчулар Андерсонго жакындашканы менен оозуп өткөн эч кимиси болгон жок. Бул эми адамдарга тиешелүү.

Ал эми жер бетиндеги башка жан-жаныбарлар арасында бизди таң калтыра турган кара күчкө ээ болгондору бар. Ар кандай оор жүктөрдү ташуу үчүн кишилер байыркы доорлордон бери жаныбарларды пайдаланып келүүдө.

Шайр жылкысы

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шайр жылкысы өзүнүн салмагынан эки келген жүктү кыйынчылыксыз тарта алат

2008-жылдагы жүргүзүлгөн иликтөөлөргө таянсак, жылкы өзүнүн салмагынан 20 пайыз ашпаган жүктү көтөрөт. Ал эми жүк көтөрүүгө чыдамдуу дагы жылкы тукуму бар. Жылкынын шайр, клейдесдаль деген тукумдары жүк көтөрүү, бир жерден экинчи жерге ташуу үчүн колдонулуп жүрөт. Алар өндүрүш революциясында чоң ролду ойногон. Адегенде алар чийне тартып, анан араба, андан соң баржаларды, вагондорду тартып, темир жолдун курулуш материалдарын бир жерден экинчи жерге жеткирип турушкан. Буу мотору пайда болгондо да, аны ат күчү менен салыштырышканы бекер эмес.

Англиянын шайр жылкысы.

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Англиянын шайр тукумундагы жылкысы

«Ат күчү» деген түшүнүктү шотландиялык инженер Жеймс Уатт ойлоп тапкан. Ал тегирменде иштеп жаткан аттарга байкоо салып олтуруп, жылкылар минутасына 30 см бийиктиктеги салмагы 15 тонна жүктү көтөрө турганын эсептеген. Айрымдар жылкылар мындай күчкө ээ эмес дешет.

Бирок 1993-жылы Horsepower from a horse аталышындагы изилдөөнүн авторлору "Уатт чындыкка жакын айткан" деп белгилешкен.

Кандай болгон күндө дагы учурда мотордун кубаттуулугу «ат күчү» менен ченелип келүүдө. Жылкылар дале болсо ыңгайлуу деп, жүк ташуу жана тартууга колдонулуп жүрөт.

"Шайрдын сөөктөрү, булчуңдары башка жылкылар сыяктуу эле",-дейт Британиядагы шайр жылкыларынын коомунун өкүлү Энжела Уайтуэй.

Уайтуэйдин айтымында, шайр жылкысы өзүнүн салмагынан эки келген жүктү кыйынчылыксыз тарта алат. Бул деген аттын орточо салмагы бир тонна болсо, ал эки тонна жүк тарта алат. Албетте, бул таң калтырат деңизчи, бирок башка жаныбарлардын жөндөмү мындан өтөт.

Азиялык пил (Elephas maximus)

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Шри-Ланкадагы жыгач иштетүү өндүрүшүндө орточо эсептегенде бир пил күнүнө 3-4 тонна устун ташыйт

Чыгышта миңдеген жылдардан бери жүк ташуу үчүн пилдер колдонулуп келет. Тарыхта алардын орду токой чарбасы өндүрүшүндө өтө чоң болгон. Көөлүк катары колдонулган пилдер чытырман токойдон оор устундарды ташыган. БУУнун азык-түлүк жана айыл чарбасы боюнча уюмунун маалыматына таянсак, Шри-Ланкадагы жыгач иштетүү өндүрүшүндө орточо эсептегенде бир пил күнүнөн 3-4 тонна устун ташыйт.

Лондондогу Королдук ветеринария коллежинин өкүлү Жон Хатчинсон азиялык пилдерди изилдеген. Ал пилдердин күчү дене түзүлүшүндөгү өзгөчөлүктөргө байланыштуу дейт. Көптөгөн жаныбарлардын сөөктөрү анын жалпы салмагынын 10% ашпайт. Бирок пилдерде бул көрсөткүч 20% түзөт. Эгерде жалаң гана жүк көтөрүмдүүлүгүн эсептесек, анда пилдер жер бетиндеги эң күчтүү жаныбарлардын негизги атаандашы боло алат.

Африкалык пилдер азиялыктарга караганда көлөмдүү келишет. Демек алар андан дагы күчтүү болушу мүмкүн.

Кумурскалар жаныбарлар дүйнөсүндөгү белгилүү оор атлеттер

азиялык кумурска (Oecophylla smaragdina)

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кембриж университетинин окумуштуулары азиялык кумурсканын түрү өз салмагынан 100 эсе оор жүк көтөргөнүн сүрөткө тартып алышкан

Бирок иш жүзүндө эң күчтүү жаныбарлар деп, көлөмү эң кичинекейлер эсептелиши дагы мүмкүн. Кумурскалар жаныбарлар дүйнөсүндөгү белгилүү оор атлеттер. Алар түрүнө карап айырмаланышы мүмкүн, бирок айрымдары өзүнүн салмагынан 10 эседен 50 эсеге чейинки оор жүктү көтөрүшөт. 2010-жылы Кембриж университетинин окумуштуулары азиялык кумурсканын бир түрү салмагынан 100 эсе оор жүк көтөргөнүн сүрөткө тартып алышкан.

Геркулес коңузу. (Dynastes hercules)

Сүрөттүн булагы, NAturepl.com

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Геркулес коңузу

Оор жүк көтөрүү жагынан курт-кумурскалардын ичинен коңуз дагы чоң талантка ээ. Байыркы гректердин жарым кудайы Геркулестин атын алып жүргөн коңуздун түрү өзүнүн салмагынан 850 эсе оор жүктү көтөрөт деп айтылат. Бирок бул айтылганга азырынча далил жок. Колорадо университетинин адиси Роджер Крам бул боюнча иликтөө жүргүзүп, эксперимент өткөргөн. Анда бул коңуздун түрү өз салмагынан 100 эсе оор жүк көтөрө алат деген тыянакка келген.

Жаныбарлар арасындагы күчтүүлөр боюнча иликтөөлөр дагы жаңырып, 2010-жылы коңуздун дагы бир түрү аталды. Ал салмагынан 1180 эсе көп жүк көтөрө алары айтылат. Кыскасы табияттын адамзат жандыра элек таң калтырган табышмактары көп. (AbA)

Макала англис тилинен кыскартылып которулду. Толук көлөмдөгү макаланыбул жерден окуңуз..