Алабарман топтун психологиясы: миф жана реалдуулук

Сүрөттүн булагы,

Алабарман топтун психологиясын иликтөө коомдук тартипти камсыз кылууда полиция кызматкерлерине пайдалуу болуп береби?

Алабарман топтун психологиясы абдан татаал маселе. Айрымдар алабарман топтор чукулунан эле агрессивдүү болуп чыга келерин, кишинин акылы жана туюму дароо эле “котологон топтун” жалпы абалына ооп кетерин белгилешет.

Бирок ушундай алабарман топтордун жүрүм-турумун иликтөө менен алектенген психолог адистер мындай бүтүмдү ката деп билишет.

Котологон топтун табиятын агресивдүү деп мүнөздөө жаңылыштык болгон үчүн гана эмес, натыйжада чындык болушу мүмкүн экендиги үчүн дагы опурталдуу. Эгерде биз алабарман топко ушул сыяктуу мүнөздөмө менен мамиле кылсак, так ошондой агрессивдүүлүккө шыкактаган болобуз”,-дейт социалдык психолог Стив Райхер. Албетте, эл жыйылган түрдүү топтор бар. Аларды көзөмөлгө алуу үчун да түрдүүчө мамиле болушу керек.

Агрессивдүү топ

Ооба, бул ызы-чуу салган топтун түрү. Кээде спорт күйөрмандары да агрессивдүү болуп кетет. Маселен, өткөн кылымдын 70- 80-жылдарында британиялык футбол стадиондору ар убак эки командага жан тарткан күйөрмандардын чатакташкан жайы болуп калган.

Башында тынч маанайда өтүп жаткан саясий митинг жана демонстрациялардын арты да будуң-чаң салган талап-тоноо, зомбулуктарга айланып кетиши мүмкүн. Кээде кандайдыр бир окуядан улам күтүүсүздөн эле башаламандыктар орун алып кеткен учурлар бар. Айталы, полиция кызматкери бирөөнү мертинтип алса. Мындай башаламандыктар

2014-жылы АКШнын Фергюсон шаарында полиция кара терилүү өспүрүмдү атып салгандан кийин орун алган. Британияда 2011-жылы полиция тарабынан мертинген кара терилүү өспүрүмдүн окуясы Лондондун түндүгүндөгү массалык башаламандыктарга себеп болду. Башаламандыктар көп учурда капылеттен эле чыга калбайт, аны кандайдыр бир массалык кийгилишүүлөрдүн катарында чийип салуу да туура эмес.

Коопсуз алабарман топ

Эл котолоп, жык-жыйма чогулган жай кооптуу деген түшүнүк кеңири тараганына карабастан Кил университетинин өкүлү Клиффорд Стотт бардык эле мындай топтор зомбулукка жакын эмес дейт. “Биз алабарман топко карата кишилер жырткыч болуп кетет, өзүнүн кыймыл-аракетин көзөмөлдөгөнгө мүкүнчүлүк бербейт деген терминди колдонгондун өзү, ошондой жүрүм турумдун табиятын түшүнүүгө тоскоолдук жаратат”,-дейт Стотт.

Айрым учурда алабарман топтор атайын чагымдарга карабастан сабырдуу бойдон тура берет. Буга жакшы мисал: АКШдагы өткөн кылымдын 50-60-жылдарындагы адам укугун коргогон кыймылдар. Акциянын катышуучулары полициянын чагымына карабастан тынчтыкты сактап турушкан. Кыймылдын идеологиясынын бир бутагы зомбулукту жоготуу болчу.

Көп эле учурда эл жыйылып турган топко кошулган кишилер тынч маанайды эле көздөйт. Биз өзүбүз деле аларга кошулгубуз келет, анткени жөн эле компаниянын ичинде болгубуз келген үчүн. Жарым-жартылай күйөрман толгон стадиондо футбол көрүү кимге кызыктуу дегендей. Музыкалык фестивалдарга кишилер сүйүктүү аткаруучусун угуу үчүн эле келишпейт, алар өзүндөй эле күйөрмандардын арасында болууну жактырышат.

Психологиялык байланыш

Кырдаалды салыштыргыла: силер эл толгон стадиондосуңар, же болбосо жүргүнчүгө шыкалган шаардын сыртындагы поездде дейли. Биринчи учурда баары үчүн көңүлдүү, экинчи кырдаалда бир аз ыңгайсыздыктар болушу мүмкүн.

Экинчи мисалды алалы, поезддеги жүргүнчүдөр ортосунда эч кандай психологиялык байланыш жок, алар өздөрүн эч качан бир бүтүн катары сезишпейт. Эми элестеткиле, капыстан эле машинист техникалык себептерге байланыштуу белгисиз мөөнөткө поезд токтойт деп билдирүү жасады. Андан ары эмне болот?

Жүргүнчүлөр бири-бири менен кобурашып, ал тургай жегенге бирдемеси болсо аны бөлүшүп башташат. Эми алар бир бүтүн топ болуп калышты. Алардын психологиялык байланыштарын темир жол компаниясындагы ыңгайсыз абал түзүп берди.

Эмоционалдуу байланыш бизге түрдүү таасирин тийгизиши мүмкүн. Ушул жылдын башында Сэнт-Эндрю университетинин профессору Стив Райхер адаттан тыш эксперимент жүргүздү. 135 студенттен турган топко тер жыттанган футболканы жыттоону сунушташты. Алардын бир бөлүгү өздөрү окуган университеттин эмблемасы түшүрүлгөн футболканы, калганы жөнөкөй эле футболканы жытташкан. Экинчи топтогулар эптеп-септеп элде мурдун тийгизиген болуп, көп убакытка чейин колдорун жуушкан. Иликтөөнүн авторлору аларды эмоционалдык жактан байланыштырган жийркенткен көрүнүш кийим аркылуу келди дейт.

Кишиге жык толгон поездде чоочун кишиге жакын туруу ыңгайсыздык жаратат. Бирок мындай сыгылышып, денеси бири-бирине тийип турган көрүнүш кандайдыр бир музыкалык фестивалдар учурунда кишилерди андай деле тынчсыздандырбайт.

Бирге экенин сезүү

Алабарман топтун психологиясын иликтөөдө бир топ практикалык колдонмолор бар. Биринчиден бул иликтөөлөр эл жык-жыйма топтолгон учурда массаны көзөмөлдөөгө жардам берет. Мурда британ полициясы “камалоо” деп аталган, эл арасында “кайнаган казан” деп аталып жүргөн тактиканы колдонуп келген. Полиция алабарман топту курчоого алып, чогулгандарды эч жакка чыгып кетепегендей кылып курчайт. Курчоону демонстрацияны таратуу коопсуз экенин толук билгенден кийин гана алышат. Адам укугу боюнча Европанын соту бул боюнча даттанууларды карап, бул тактиканы мыйзамдуу деп тапкан.

Профессор Райхер бул мыйзамдуу болгон күндө да башаламандыктарга каршы күрөштүн эң жаман түрү дейт. Кысмакка алынган абалда демонстранттар арасында алар биримдикте экенин сезүү абалы күчөйт, биз мисал кылган бузулуп калган поезддеги жүргүнчүлөр сыяктуу эле.

Полициялар “кайнаган казан” тактикасын колдонгондо бардык демонстранттар бирдей кырдаалга түшөт. Бул алардын биримдигин күчөтөт. Алар өздөрүнүн мыйзамдуу укуктары чектелип жатат деп эсептешет. Мындай учурда полицияга каршы турууга чакыргандар чыгат. Ушуну менен тынч маанайды көздөп чогулгандар полициянын чараларын ачууланган маанай менен кабыл алышат. “Ар бир топтун өзүнүн эмне жакшы, эмне жаман экени тууралуу элестетүүсү бар. Ошондуктан алар мыйзамдуу укугум деп билген нерсеге жасалган чабуул аларды ачуулантат”,-деп болжойт профессор Райхер. Бул тактиканы билген демонстранттар албетте аларга бул жакпаса да сабырдуу эле мамиле кылышы мүмкүн, бирок биринчи жолу ушундайга кабылгандар сөзсүз кыжырданат деп эсептейт окумуштуу. Көп учурда полиция бир ууч агресивдүү маанайдагы кишилерден этияттанат, бирок алар негизинген алабарман топтун баарына бирдей эле мамиле кылышат.

“Камоого албай көндүрүү керек”

Алабарман топтун психологиясы боюнча адис профессор Клиффорд Стотт полиция мыйзамдуу өтүп жаткан демонстрацияларга тоскоол болбой, кайра аларга тынчтыкты сактоого жардам көрсөтүшү керек дейт. Полиция эми гана академиялык изилдөөлөрдү өз жумушуна колдонууга өткөндөй. Боб Бродхерст Лондон полициясынын коомдук тартипти көзөмөлдөө бөлүмүндө көп жыл жетекчилик кызматта иштеген. Маселен, ал 2009-жылы G20га кирген өлкөлөрдүн Лондондогу саммити учурундагы антиглобалисттердин көчөдөгү митингдерине каршы операцияны жетектеген. Ошол учурда да демонстранттарга полиция “камалоо” опрерациясын колдонгон эле. Ал бул мурдатан колдонулган тактика деп эсептейт. Бирок мурун бул тактика абдан катаал колдонулуп келгенин да моюнуна алды. Ал демонстрация учурунда Лондондо гезит саткан Иен Томлинсон полициянын союлунан ооруканада каза тапкан эле. Кийин бүтүндөй Британия боюнча митингке чыккандар менен өз ара аракеттенген офицер деген (Police Liaison Officer) жаңы кызмат киргизилди. Бул офицердин милдети камакка алуу эмес, полиция менен чатакташуу орун алып баштаса демонстранттар менен сүйлөшүп, чыңалган кырдаалды жайгаруу.

Бул ыкма алабарман топтун арасындагы көйгөй жараткан кишилерди көзөмөлгө алуу болуп эсептелет. Муну ал жердеги акциянын башка катышуучулары дагы түшүнүшөт. Мындай мамиле бир эле нааразылык жүрүштөрү учурунда эмес, спорттук иш чараларда, башка эл жыйылган иш-чараларда олуттуу башаламандыктарды алдын алып, полиция арасындагы жоготууларды төмөндөтөт.