Өзүн канжалата тиштеген эшек кутурмага кабылганбы? Кызыл-Кыядагы чуунун чоо-жайы

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Өзүнө кол салган эшек

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өзүнө кол салган эшек

Кызыл-Кыяда өзүнө кол салган эшектин окуясы коомчулуктун үрөйүн учурду. Интернетке тараган тасмада аркандалып турган эшек өзүнүн жыныстык органын тиштеп жулуп алган. Бул окуя Кызыл-Кыя шаарында кутурган ит тогуз адамды каап, жолбун иттер атылып жаткан учурга туш келди.

Өзүнө кол салган эшекке чынында эле кутурма жуккан-жукпаганы азырынча белгисиз. Тиешелүү органдар анын мээсин текшерүүгө жиберишкен эмес.

Окуя кандай болгон?

Окуя 8-сентябрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Жин-Жиген айылында болгон. Шаар мэри Асылбек Маткалыков эшек дароо эле атылып, эти экспертизага жиберилгенин айтууда. Бирок анын сөзү менен башкалардын айтканы карама-каршы келет.

Муну тактоо эмне үчүн маанилүү? Кутурма бул абдан кооптуу, ал тургай өлүмгө жеткире турган илдеттердин бири болуп саналат. Оорунун жайылып кетишин алдын алуу үчүн кутурмага кабылган мал жандык кимдики, ага кимдердин тиешеси болгон, ким кармаган, ким сойгон, ким көмгөн дегенге чейинки байланыш чынжырын тактоону талап кылган иш.

"Эшектин кутурма болгону азырынча аныктала элек. Мен окуя болгон жердеги жашоочулар менен да, эшекти минип жүргөн бала менен да сүйлөштүм. Бала үч күн минип, эрте менен сугарып туруп аркандап коюп кеткен экен. Анан эле айыл башчы жанагы видеону жиберди. Дароо эле мал доктурду чакыргыла, эшекти аткыла деп тапшырма бергем. Эшек ошол күнү эле атылып, экспертизага жиберилеген. Санэпидкөзөмөлдүн кызматкерлери барып, эшек турган жерди залалсыздандырган. Азыр экспертизанын жыйынтыгы чыга элек", – деди мэр.

Шаар мэри ушул учурда Кызыл-Кыяга жакын жайгашкан Кадамжай, Араван, Ноокат райондорундагы айыл өкмөт башчылар менен кутурма оорусунун алдын алуу чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

Иллюстрациялык сүрөт

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, иллюстрациялык сүрөт

Эшекти минип жүргөндөр эмне дейт

Эшек Кызыл-Кыя шаарындагы Жин-Жигин айлынын тургуну Мамашарип Эгембердиевге таандык болгон. Бирок аны Дастанбек Токтосунов аттуу таанышы сурап, керек-жарагына минип жүргөн. Анын 9-класста окуган баласы кой кайтарып келип, аркандап койгондун эртеси эшек өзүнө кол салган. Токтосунов эшек атылгандан кийин текшерүүгө жиберилбегени үчүн эл арасында ар кандай кептер айтылып жатат деген пикирде:

"Эшекти ит тиштегенин эч ким көрбөптүр. Ошон үчүн аны аткандан кийин лабараторияга жибериш керек болчу. Андай кылышкан жок. Менин машинеме жүктөп барышып, чуңкурга таштап коюшту. Буга чейин да ушундай көрүнүш болгон. Кутурган ит музоону тиштеген. Музоо өкүрө баштаганда аны да атып эле чуңкурга ыргытып жиберишкен. Текшерүүгө жиберишкен эмес. Эшек атылган жерди гана хлорлоп коюшту. Мен балама кабатыр болуп жатып лабараторияга жибергиле деп айтпай калыпмын. Азыр эми ар кандай сөздөр чыгып жатат. Бүгүн эми улам "балаңыз эмне болуп жатат?" деп чалып жатышат. Эмне алар баламдан оору чыгышын күтүп жатышабы?!"

Ветеринардын версиясы

Кадамжай райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы Санжарбек Эргешов эшектин эти текшерүүгө жиберилбегенин ырастады. Мунун себебин ал, эшек өзүнө кол салгандан кийин бут денеси кан болуп калганы менен байланыштырды. Бирок адис лабараториянын кортундусу жок эле эшекте ылаң жок деп жатат.

Санжарбек Эргешов

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Санжарбек Эргешов

"Эшекти ит тиштеп, кутурма жуккан деген жалган маалымат. Аны ит тиштегенин же башка болгонун ээси деле билбейт. Эгер эшек кутурма менен ооруганда жарык менен суудан коркмок. Ал жарыкта, суунун жанында аркандалып турган", – деди ал.

Дал келбеген дагы бир пикир

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов эшек кутурма ылаңын жуктуруп алганын кесе айтууда. Мындай маалымат ага Кызыл-Кыядагы башкы ветеринардан жана анын орун басарынан келип түшкөн.

"Мамашарип Эгембердиевдин үч эшеги болгон. Ал эки эшегин эмдетип, бир эшегин эмдетпей, теңтушуна берип коюптур. Жанагы видеодогу өзүнө кол салган ошол эшек. Аны 17 күн мурун кутурган ит тиштеген экен. Он жети күн өтүп кутурмасы сыртка чыккан. Мал-жандыктын өзүнө өзү кол салуусу – кутурманын клиникалык белгилеринин бири".

Кызыл-Кыядан чыккан кутурма оорусу

Санжарбек Эргешовдун айтымында, 22-август күнү жолбун ит Караван айылынан алты баланы тиштеп, эки ири мүйүздү малга кол салган. Ит ошол эле күнү жок кылынып, мээси лабороторияга берлип, кутурма оорусу далилденген. Мындан кийин шаар бийлигинин чечими менен мал жандыктарды эмдөө, жолбун иттерди атуу боюнча чечим кабыл алынган.

"Кызыл-Кыя шаары боюнча 235 ит, төрт түлкү атылды. Күндүзгү саат алтыдан кийин бош жүргөн иттер жолбун ит болуп эсептелет. 346 ири мүйүздүү мал, 311 майда мүйүздүү мал, 23 ит-мышык, 25 эшек-ат эмделди. Жалпы 693 айбанат эмделди. Азыр да атайын вакциналар жиберилди", – деди райондук башкы ветеринар Санжарбек Эргешов.

Кутурмага каршы эмдөө. Кызыл-Кыя шаары

Сүрөттүн булагы, Sanzharbek Ergeshov

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кутурмага каршы эмдөө. Кызыл-Кыя шаары

Ооруканага канча адам кайрылган

Жолбун ит каап алган бардык бейтаптар ушул учурда ооруканадан чыгарылган. Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын башкы дарыгеринин орун басары Айчүрөк Мааткалыкованын айтымында, бейтаптар 90 күнгө чейин дарыгерлердин көзөмөлүндө болушат.

"22-август күнү жолбун ит тиштеди деп жети адам, эртеси эки адам ооруканага кайрылган. Аларга дароо медициналык жардам көрсөтүлүп, кутурмага каршы вакцина сайылган. Он күн бизде ооруканада жатып, көзөмөлдө болушту, акыркы бейтап 8-сентябрь күнү ооруканадан чыгарылды. Учурда вакцинанын үчүнчү дозасын алышты. Дагы үч жолу вакцина алышат. Бейтаптардын жетөө Кызыл-Кыянын, экөө Ноокат районунун тургандары", – деди дарыгер.

Кутурма оорусу тууралуу өлкөдөгү абал

Өлкөнүн карантиндик жана өзгөчө коркунучтуу инфекциялар борборунун эпидемиология бөлүмүнүн башчысы Кубан Бектурдиев кутурма оорусу тууралуу абалды Би-Би-Сиге айтып берди

"Жыл сайын кутурма оорусу адам өмүрүн алган 1-2 учур кататталып турат. Бир гана 2020-жылы пандемияга байланыштуу катталган жок. Ал эми кутурмага шектелген жаныбарлардан жыл сайын 11-12 миңге жакын адам жабыркайт. Анын дээрлик баары ооруга каршы вакцина алгандан кийин сакайып кетет. Кыргызстанда акыркы 10 жылда кутурма оорусунан 14 адам каза болуптур. Баары илдетти ит капкандан кийин жуктуруп алышкан", – деди дарыгер.

Дарыгерлердин айтымында, оорунун өтүшүп кетишине адамдардын өз жанына кайдыгерлиги себеп болот. Көбүнчө бейтаптар кечигүү менен ооруканага кайрылышат же врачтар дайындаган чараларга шалаакы мамиле жасашат.

Кутурманын коркунучу жана алдын алуу жолдору

Адистердин айтымында, кутурма илдети айыкпас дарт. Ага убагында эмдөө жүргүзүлбөсө аягы өлүмгө алып барат.

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Ветеринардык кызматтын эпизоотияга каршы иштерди көзөмөлдөө башкармалыгынын башкы инспектору Дайыркул Саткынов илдеттин коркунучу жана сактануу жолдорун Би-Би-Сиге айтып берди.

Дайыркул Саткынов

Сүрөттүн булагы, Sputnik / Asel Sydykova

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Дайыркул Саткынов

Оору кайдан жугат?

Кутурма дарты менен карышкыр, ит, чөө, кирпи, уй, эшек, келемиш, түлкү, ит, жарганат, суур, адамдар ооруйт. Бул илдет канаттууларга жукпайт.

Кутурма оорусу жугуштуу. Жаратылышта кутурманы козгоочу вирустар жапайы жырткычтар арасында сакталып келет. Адамдарга бул оору көбүнчө иттерден жугат. Ал эми ит-мышыктар кутурган жапайы жаныбарлар менен алышканда ооруну жугузуп алышат.

Оору негизинен шилекей аркылуу жугат. Кутурган жаныбар тиштегенден кийин шилекей адамдын денесиндеги жараатка кирип, вирус организимге тарап, мээни көздөй жылып отурат. Бул оору дем алуу органдары аркылуу да жугат деп айтылат, бирок Кыргызстанда мындай учур бир дагы жолу катталган эмес.

Жолбун иттер кооптуу

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жолбун иттер кооптуу
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Оорунун белгилери

Эгер малды же адамды кутурма менен ылаңдаган ит капкандан кийин дарылабай койсо жараттагы вирус мээни көздөй жылат. Муну инкубациялык кезең деп коёт. Ал кээде бир айга, кээде алты айга чейин созулат. Вирус мээге жеткенден кийин мал да, адам да кутуруп калат да 7-10 күндөн кийин, оору күчөп, шал болуп өлөт. Илдет кризистик учурга жеткенден кийин аны дарылоо мүмкүн эмес. Методикасы дүйнө жүзүндө жок. Ооруп калган адамды же малды өзүнчө бөлүп коюп, медиктер менен ветеринарлар көзөмөлгө алышат. Иттер ар түрдүү маанайда кутурушу мүмкүн. Айрым учурда аябай ачулуу болуп кол салат же тескерисинче.

Сактануу жолдору

Эгер ит каап алса дароо жаракатты самындап жууп, спирт менен тазалап , доктурларга кайрылуу керек. Ит тиштеген жараатын канын соруп чыгарууга такыр болбойт. Жараат болгон жерди жууп-тазалап коюу ооруну алдын албайт. Дарыгерге кайрылып, вакцина алуу керек. Жарандар жолбун иттерди сылап-сыйпалагандан алыс болгону оң. Мындан башка тобокел топтогу адамдар вакцина алып турушу керек. Бул топко ит баккандар, аңчылар, кинологдор, ветеринарлар кирет.

Ит баксаңыз милдетиңизди унутпаңыз

Иттин ээлери жыл сайын иттерин ветеринардык каттоого тургузуп, кутурмага каршы эмдетип туруу керек. Негизи иттен кутурма эле эмес башка да оорулар жугушу мүмкүн. Демек ит баккан адам ага жоопкерчиликтүү мамиле кылып, ден соолугуна кам көрүүсү абзел. Көчөгө алып чыкканда сөзсүз түрдө тумшук кап кийгизгени туура. Эч качан бош койбоо керек.

Кутурган ит тиштеген малды союп жесе эмне болот?

Малды кутурган капкандан кийин инкубациялык кезеңде адамдар аны билбей сойгон учурлар болушу мүмкүн. Эгер союп жаткан адамдын колунда кесик, же жараат болсо вирус кирип кетип, оору жугушу мүмкүн. Өзгөчө жаагын ажыратып, башын жууп жатканда абайлоо керек. Анткенти вирус ооздо, шилекейдин курамында болот. Ошондой эле билинбегени менен малдын тиши курч болуп, колдун терисин оңой эле жарып кетет. Эгер этти кайнытып жесе вирус өлөт, да зыяны жок. Бирок бары бир бул коопту учур. Эгер бир короодо кутурма оорусу чыкса мал-жандыкты сойбой турган оң.

Кутурма чыкан айылда мал жандыктын баарын эмдетүү керек

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кутурма чыкан айылда мал жандыктын баарын эмдетүү керек

Кутурма менен ылаңдаган малдын сөөгү кайда ташталат

Кутурма менен ооруган малдар атайын терең казылган аңга ташталат. Казылган жер калктуу конуштан бир чакырым алыстыкта, суу барбаган, бийик жерде, тегерек чети темир тосмо менен курчалуусу керек. Аңдын тереңдиги эки метрге чейин, оозу бир уй бата тургандай, кулпуланма болушу керек. Ага атайын бир мал доктур жоопту болуп бекитилет. Кутурма менен ылңдаган малдын өлүгүнө чирип кете тургандай химиялык заттар чачылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору кутурма оорусун алдын алуу боюнча жарандарга үзгүлтүксүз түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп турарын билдирди.