Австралиялык аялдын мээсинен 8 см. мите курт чыкты

Сүрөттүн булагы, ANU
Австралиялык окумуштуулар аялдын мээсинен узундугу сегиз сантиметр болгон тирүү курт табышты. Курт өткөн жылы Канберрада операция учурунда бейтаптын мээсинин маңдай бөлүгүнөн алынган.
Аял 2021-жылдын январь айынын аягында ич ооруу, диарея, такай жөтөл, температура жана тердеп жатканына арызданып дарыгерлерге кайрылган.
Кийинки жылы бейтап унутчаактыкка жана депрессияга даттана баштаган. Ал Канберра ооруканасына мээсин МРТга тарттыруу үчүн жиберилген, анда хирургиялык кийгилигишүүнү талап кылган "мээнин фронталдык оң бөлүгү жабыркаганы" аныкталган.
Операция учурунда нейрохирург Хари Прия Банди бейтаптын мээсинен сегиз сантиметрлик кызыл куртту алып чыккан.
"Нейрохирург, албетте, чубалган куртту таап чыгам деп күткөн эмес – деди, Канберра ооруканасынын жугуштуу оорулар боюнча адиси жана Австралия Улуттук университетинин доценти Санджай Сенанаяке. - Нейрохирургдар мээдеги инфекциялар менен такай күрөшүп келишет, бирок мындай учур биринчи жолу катталып жатат. Баштан курт чыгат деп эч ким күткөн эмес”.
Күтүлбөгөн жерден шумдуктуудай жандыкты таап алган оорукананын адистери ал кандай курт экенин, кайдан келгенин жана эң негизгиси бейтапты кантип дарылоо керектигин түшүнүү үчүн консилиумга чогулушту.
"Биз окуу китептерине кайрылып, неврологиялык инвазияларды жана ооруларды пайда кылуучу жумуру курттардын ар кандай түрлөрүн карап чыктык" дейт Сенанаяке. Бирок, изилдөөсүнөн эч кандай жыйынтык чыкпагандыктан, алар жардам сурап үчүнчү тараптын адистерине кайрылышкан.
"Канберра чакан эле шаар, ошондуктан биз тирүү куртту түз эле CSIRO илимпозунун лабораториясына жөнөттүк, анын мите курттарды изилдөөдө тажрыйбасы мол," - деди Сенанаяке. Ал дароо эле курттун Ophidascaris robertsi экенин аныктады. Бул жумуру курт адатта австралиянын көпчүлүк аймактарында жашаган уулуу эмес питондордун кээ бир түрүндө кездешет.
Бул паразит адамдан биринчи жолу табылды.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кийинчерек маалым болгондой, бейтап питондор байырлаган көлгө жакын жерде жашайт. Жыландар менен түздөн-түз байланышта болбогонуна карабастан, Сенанаяке тамак жасоодо колдонуу үчүн көлдүн тегерегинде жергиликтүү чөптөрдү көп чогултарын айтып берген.
Бул ишке катышкан дарыгерлер жана илимпоздор мите питондун заңы менен чөпкө кирип кетиши мүмкүн деп болжолдошууда. Алардын ою боюнча, личинкалар тамак-ашка же ашкана идиштерине колду жуубагандан, же жашылчалардан түшкөн.
Сенанаякенин айтымында бул учур жаныбарлардан адамга өтүүчү оорулардын жана инфекциялардын жугуу коркунучун баса белгилейт. Айрыкча, адамдар менен жаныбарлардын жашаган жерлери улам бири-бирине жакындашып баратканы да мындай оорулардын жайылышына себеп болууда.
“Акыркы отуз жылдын ичинде дүйнөдө отузга жакын жаңы инфекция катталган, - дейт ал. - Дүйнөдө пайда болгон бардык жаңы инфекциялардын жетимиш беш пайызга жакыны зооноздук, башкача айтканда, жаныбарлардан адамга жугат. Алардын арасында коронавирустар да бар.”
"Ophidascaris адамдан адамга жукпайт, ошондуктан бул учур ковид же Эбола сыяктуу пандемияга айланып кетпейт" - деп улантат ал. - Бирок, ушул сыяктуу питондор жана мындай мите курттар дүйнөнүн башка бөлүктөрүндө да кездешет, ошондуктан жакынкы жылдарда башка өлкөлөрдө дагы жаңы учурлар аныкталышы мүмкүн."
Бейтапты дарылоого катышпаган инфекционист, профессор Питер Коллиннон зооноздук оорулар сейрек кездешкендиктен, алардын кээ бир учурлары такыр эле аныкталбай, дарыгерлер эмнеге көңүл буруу керектигин билбей да калышы мүмкүн экенин айтты.
“Кээде оорунун себеби табылбай, адам каза болуп калышы да мүмкүн, - деди ал. - Айлана-чөйрө жана жаныбарлар менен этият болуу зарыл, мөмө-жемиштерди жакшылап жууп, тамак-ашты туура даярдаш керек. Кайсыл бир жандык тиштеп, же чагып албоосу үчүн жеңи узун кийим кийүү сыяктуу коргонуу чараларын көрүү абзел."
Дарыгерлердин айтымында, бейтаптын абалы жакшы, бирок ал дагы эле дыкат көзөмөлдө. Врачтар иммунитеттин төмөндөшүнө себеп болгон мурдагы оору курттун личинкаларынын денеде бекем орун алуусуна алып келбейби жокпу, түшүнүүгө аракет кылышууда.
Бул окуя Emerging Infectious Diseases журналынын сентябрь айындагы санында баяндалган.














