Ракты айыктыруу: британ окумуштуулары "универсалдуу ыкманы" табышты

Окумуштуулар ракка каршы универсалдуу каражатты табуу мүмкүн эмес деп эсептеп келишкен

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Окумуштуулар ракка каршы универсалдуу каражатты табуу мүмкүн эмес деп эсептеп келишкен

Кардифф университетинин окумуштуулар тобунун ачылышы дарыгерлерге рак клеткаларына каршы кишинин иммунндук ситемасын "ыңгайлаштырууга" мүмкүндүк бериши ыктымал. Балким, бул ракка каршы универсалдуу дарыны табууга жол ачат.

Азырынча мындай ыкма клиникалык сыноодон өтө элек. Изилдөөчүлөр мунун өтө зор потенциалы бар деп ишендирүүдө. Изилдөөнүн кыскача түшүндүрмөсү Nature Immunology журналына жарыяланды.

Изилдөөнүн өзөгү - рак шишиктерине каршы күрөшкөн кишинин иммунндук системасына "жол табуу" эле. Окумуштуулар кишинин организминдеги иммунндук реакцияга жооп берген клетканы - Т-лимфоциттин өзгөчө түрүн аныкташты.

Окумуштуулар тарабынан табылган клетка башкаларга салыштырмалуу ар түрдүү коркунучтарга каршы тура алат.

"Бардык бейтаптарды айыктырууга мүмкүндүк бар. Мурун мындай мүмкүн экенин эч ким ойлогон эмес",-деди Би-Би-Си менен маегинде изилдөөчү Генри Сиуэлл.

Бул кандай иштейт?

Т-лимфоциттин (же Т-клеткаларынын) үстүндө химиялык рецепторлор бар, мунун жардамы менен алар организмге коркунучтуу болгон антигендерди аныкташат.

Окумуштуулар тобу өздөрү таап чыккан Т-лимфоцит түрүн рак клеткаларынын кеңири спектрине чабуул коюуга мажбурлоо жолун табышты.

Мындай ыкма өпкө, кан, ичеги, сөөк, эмчек, жатындагы рак клеткаларына сыноодон өттү.

Лимфоцит рак клеткаларын жок кылып, бирок соо клеткаларга тийген эмес.

Т-лимфоцит рак клеткаларына чабуул коюп жатат (иллюстрация)

Сүрөттүн булагы, Science Photo Library

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Т-лимфоцит рак клеткаларына чабуул коюп жатат (иллюстрация)

Т-лимфоцит рак клеткаларынан соо клеткаларды кантип ажыратаары азырынча түшүнүксүз. Анын рецептору MR1 деп аталган молекулалар менен (кишинин организминдеги ар бир клетканын үстүндө бар) чогуу аракеттенет.

Рак клеткалары иммунндук системадан кутулуш үчүн MR1ге "жашынат" деп эсептелип жүрөт. Бирок Кардиффте табылган Т-лимфоцитти окумуштуулар "MR1ден клетканын метаболизми бузулган деген сигналды алышы мүмкүн" деп болжойт. Бул болсо клеткадагы шишик экенин организм түшүнөт.

"Биз биринчилерден болуп MR1ден шишикти аныктаган Т-клеткасы тууралуу айтып чыктык. Буга чейин муну эч ким кылган эмес",-деди изилдөөчү Гарри Долтон.

Бул изилдөө биринчи жолу болуп жаткан жок. Ракка каршы иммунндук системаны ыңгайлаштырууга жасалган эксперименттер көптөн бери жүргүзүлүп келүүдө.

Алардын эң эле белгилүүсү - CAR-T. Бул каражат иммунндук системаны рактын бири түрү болгон лейкемияга (ак канга) каршы кайра программалайт.

Сфке-1 терапия

CAR-T изилдөөсүндө T-лимфоциттерин рак клеткаларын таап, жок кылуу үчүн генетикалык жактан кайра программалашат. Ошондон кийин модификацияланган лимфоциттер бейтапка кан аркылуу кайра куюлат дагы рак клеткалары менен кагышкан сайын алардын саны көбөйүп турат. (AbA)