Журналисттер бийликке беш сунуш келтиришти

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Бозгундагы журналист Лейла Саралаева баштаган жыйырма чакты көз карандысыз журналисттер президент Садыр Жапаров, УКМКнын төрагасы Жумгалбек Шабданбеков жана Жогорку соттун төрагасы Медербек Сатыевге кайрылуу жолдошту.
Кайрылууда соңку жылдары журналисттерге, жарандык коом өкүлдөрүнө жана активисттерге карата Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (массалык баш аламандыктар) жана башка беренелер боюнча козголгон иштер коомчулукта ар түрдүү ача пикирлерди жаратып жатканы айтылат.
"Коопсуздук органдарындагы соңку кадрдык өзгөрүүлөрдөн улам, коомчулук мындан ары бардык жагдайга жаңыча, калыс баа берүүгө мүмкүнчүлүк түзөт деп ишеним артып турат", - делет анда.
Журналисттер коомчулугу өлкөдөгү айрым медиалардын ишмердүүлүгүнө чектөөлөр киргизилгени, кээ бир журналисттердин кылмыш жоопкерчилигине тартылганы же өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгонуна тынчсыздануу билдирет.
Өлкөдөгү акыркы окуяларды, коопсуздук органдарын реформалоо боюнча кабыл алынган чечимдерди негизинде журналисттер бийликке беш сунуш келтиришти:
1. 278-беренеге байланыштуу иштерге кошумча, көз карандысыз жана ар тараптуу талдоо жүргүзүү
2. Чыгарылган өкүмдөрдүн мыйзамдуулугн текшерүү. Негизи бар болсо, сот чечимдерин кайра кароо мүмкүнчүлүгүн талкуулоо
3. Процессуалдык мыйзам бузуулар орун алганы аныкталса, тиешелүү органдардын аракеттерине кызматтык жана укуктук баа берүү
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
4. ЖМК өкүлдөрүнүн, активисттердин укуктары тебеленген учурлар такталса, келтирилген зыяндын ордун компенсациялоо
5. Кылмыш куугунтугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен жарандардын кайтып келишине укуктук шарттарды түзүү
"Биз бул кайрылууну мамлекеттик институттар менен жарандык коомдун ортосундагы ишенимди жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө ниетинде жолдоп жатабыз. Ачык диалог, адилеттүү кароо жана мыйзамдуулукка таянган чечимдер өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт деп ишенебиз",- дешет ММК өкүлдөрү.
Кайрылууга төмөнкү журналисттер кол коюшкан:
Лейла Саралаева - "Новые лица" онлайн басылмасынын редактору. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү, Адиль Турдукулов - "Шаман ТВ" продакшн-студиясынын журналисти. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү, Булат Сатаркулов - "Шаман ТВ" продакшн-студиясынын журналисти. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын мүчөсү, Нургүл Шаршембиева - "Журналисттер үйү" коомдук бирикмесинин директору. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү, Дмитрий Ложников - "Тандыр Медианын" редактору. Кыргызстан Медиа платформасынын мүчөсү, Махинур Ниязова - журналист. Кыргызстан Медиа аракеттер платформасынын Координациялык кеңешинин мүчөсү, Жаркын Ибраева - "Долон Медиа" аткаруучу директору, Сайпидин Султаналиев – журналист, Асель Сооронбаева - журналист, Эльмира Токтогулова - медиа-эксперт, Жибек Бегалиева – журналист, Бактыгүл Чыныбаева – журналист, Канат Каниметов – журналист, Ибраим Нуракун уулу - журналист, Бурул Усманалы, жарандык активист, Дилбар Алимова, «ПолитКлиника» гезитинин башкы редактору, Айгүл Бакеева, журналист.
































