Эхинококкоз: Ичегиси ириген иттер жана караңгы кожоюндар

Эхинококоз адамга бир гана ит менен мышыктан жугат

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эхинококкозду ит менен мышыктар таратат

Эхинококкоз боюнча Бишкекте өтүп жаткан дүйнөлүк конгресске дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн кесипкөй адистер жана эксперттер чогулду. Эхинококоз боюнча дүйнөлүк конгресс дүйнөнүн орус тилдүү бөлүгүндө биринчи жолу болуп жатат. Анткени дал ушул региондо бул оорунун жайылыш деңгээли жогору. Эң биринчи Кыргызстандын өзүндө эхинококкоз боюнча абал оор, 100 миң кишиге алты оорулуу туура келет.

Жумагүл Усубалиева

Би-Би-Си бул оорунун жайылтуу себептерин сурап Кыргызстандын Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин жогорку категориядагы эпидемиолог жана паразитолог дарыгери Усубалиева Жумагүлгө кайрылды.

Ж. Усубалиева: Кыргызстанда жылына миңге жакын адам эхинококкоздон операция жолу менен дарыланат. Анын ичинен он беш пайызга чейинкиси 14 жашка чейинки балдар. Тилекке каршы, төрт-беш жаштагы балдар да бар. Ошондуктан бизде эрте диагноз кылып, операцияга жеткирбей консервативдик жол менен дарылоо биздин биринчи максат болуп жатат.

Азыр айлана-тегеректе эхинококкоздун жумурткасына бардык ыңгайлуу шарт түзүлгөн. Биз бир гана иттерди дарылап, ушул жол менен гана жеңе алабыз. Бүгүнкү күнү айыл жеринде сурамжылоо жүргүзгөнбүз, иттерди дарылоо маселеси абдан начар, төмөн десек болот. Анткени ветеринардык кызмат жеке менчик болгондуктан, бардык үйлөрдөгү иттерди көзөмөлгө ала албайт экен. Ошондуктан бул жерде ар бир иттин ээсинде жоопкерчилик болушу керек.

Би-Би-Си: Бул оору жалаң эле иттен жугабы же башка малдан дагыбы?

Ж. Усубалиева: Бир гана иттен жана мышыктан жугат. Эмне себептен иттен жугат? Анткени личинка стадиясы деп коебуз, ошол курттар иттин гана ичегисинде чоңоет. Адамдын ичегисинде өспөйт.

Ал эми альвеококкоз рак оорусуна тете болгон оору. Ал талаа жырткычтарынан жугат. Түлкү, карышкыр жана жердеги кемирүүчүлөрдөн жугат. Кыргызстан агрардык мамлекет болгондуктан адамдар жайлоого иттерин алып чыгышат, иттерине тамакты өз убагында же жетиштүү бербегендиктен, алар талаадагы эхиноккоз менен ооруган кемирүүчүлөрдү жешет. Азыр айыл жеринде дагы альвеококкоз жайылып кетти. Мурун союз убагында жылына бир-эки факт катталса, азыр жылына элүүдөн эки жүзгө чейин катталып жатат.

Азыр эндемикалык региондордо чоң жумуштар жасалууда. Эрте диагностика кылуу боюнча изилдөөлөрдү өткөзүп жатабыз. Төрт миң окуучудан үч жүзгө жакын альвеококкоз чыгып атат. Алардын натыйжаларына карап, хирургдар оперативдүү дарылоо жана консервативдүү дарылоону дайындашууда.

Бул конгресске 23 мамлекеттен адистер катышууда. Алардын алдыңкы тажрыйбасын карап, бул оору менен күрөшүүдө пайдаланабыз.

Эхинококоз боюнча бүткүл дүйнөлүк конгресске 23 өлкөдөн кесипкөй дарыгерлер жана эксперттер катышты
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Эхинококкоз боюнча бүткүл дүйнөлүк конгресске 23 өлкөдөн кесипкөй дарыгерлер жана эксперттер катышты
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Кайсы өлкөнүн тажрыйбасы Кыргызстан үчүн эң алгылыктуу боло алат?

Ж. Усубалиева: Түркиянын презентациясын абдан жактырдык. Бул лаборатория жагынан абдан өнүккөн мамлекет. Оорунун өөрчүгөн циклдери деп коебуз, биз анын ушундай өсүү жолдорун аныктап, бөгөт коюшубуз керек.

Эхинококкоздун дүйнөлүк ассоциациясынын президенти Назми Алтынташ менен да сүйлөштүк, лабораториялык жагынан кандай практикалык жардам бере алат деп. Ал Кыргызстандагы кырдаал башка мамлекеттерге караганда абдан эле татаал экен, ошондуктан бардык күчүбүз менен кайсы жагы курч болуп турса, ошол жагына жардам берели деп айтты.

Бирок маселе келип эле финансыга кептелет. Биз ушул конгресстен кийин мамлекеттик деңгээлде ветеринардык кызматкерлер менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу огандары менен бирге бир чоң программа кабыл алышыбыз керек.

Би-Би-Си: Регионалдык контексттен алып караганда эхинококкоз боюнча Кыргызстандагы кырдаал коңшу өлкөлөрдөн канчалык айырмаланат?

Ж. Усубалиева: Эгерде Казакстан менен салыштырсак, 100 миң адамдан бизде алты адам ооруп атса, Казакстанда 100 миң адамдан үч адам ооруйт. Салыштырмалуу бизде эки эсе көп. Казакстан деле агрардык мамлекет, бирок программалар мамлекеттик деңгээлде иштейт экен. Биз бир жумушчу топ түзүп алып иштейли деген ниет кылып атабыз.

Бул конгресс постсоветтик өлкөлөрдө биринчи жолу болуп атат, көйгөйлүү маселелер көп көтөрүлдү. Мисалы, башка өнүккөн мамлекеттерде бул оорунун көрсөткүчү бирге да жетпейт, ал эми бизде 100 миңге алты адам туура келип атканы эң жогорку көрсөткүч катары каралып, эпидемиологиялык начар кырдаалды көрсөтүүдө.

Бул жерде коомдун дагы түшүнүгүн, жоопкерчилигин да көтөрүү керек. Ар бир адам ит багып атканда туура тамак берип, дарылап жоопкерчилик менен багыш керек. Мына элди аралап сурамжылоолорду өткөрүп атабыз. Төрттөн-бештен ити бар үйлөрдө дарылоо маселесин уккулары да келбейт, иттерине малын кайтартып коюп жүрүшөт.

Дарыгерлер менен ветеринарлар ар бир үйгө барып, итин байлап же дарылап, тамак жасап бере албайт экен. Ошондуктан иттердин кожоюндарынын жоопкерчилигин күчөтүү керек. (КС)