Гепатит Б менен жашоо кандай?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
28-июлда Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү белгиленет.
Кыргызстанда 2019-2020-жылдары гепатит Б жана С 11 миңден ашуун кишиде аныкталган. Бирок ошол эле учурда Саламаттык сактоо министрлиги гепатиттин 85% учурлары байкалбай калып, оорулуулар илдетти башкаларга жуктурат деп билдирген.
Гепатит эмне болгон ооруу жана алар канчалык коркунуч жаратат?

Сүрөттүн булагы, Лиен Тран
“Мен өлөмүн деп ойлогонмун, абдан корктум жана кайгыга чөктүм”.
Вьетнамдык Лиен Тран 18 жашында гепатит Бга анализи тапшырып, дарт аныкталганын жакшы эстеп калган.
“Вьетнам тилинде гепатит Б жөн эле боордун сезгенүүсү деп аталат”, - деди Лиен Би-Би-Сиге.
“Мен алты жашымда таенем боордун рагынан каза болгон. Мени да ушундай тагдыр күтөт деп ойлочумун”.
Бирок арадан 20 жыл өтүп, Лиен азыр гепатиттин айланасындагы ар кандай уламыштарды жана стигманы жоюу үчүн талыкпай иштеп жатат. Лиен анын диагнозу мурда ойлогондой “өлүм өкүмү” эмес экенин айтып келет.
Гепатит деген эмне?

Гепатит - бул боор сезгенүүсүн түшүндүргөн жалпыланган термин.
Гепатиттин эң кеңири таралган “A” (постсоветтик өлкөлөрдө “Боткин оорусу” деп белгилүү ), “B”, “C”, “D” жана “E” деп аталган түрлөрү өзгөчө вирустук инфекциялардан улам пайда болот.
Гепатит Б же С’нын өнөкөт формасы циррозго жана боордун рагына алып келиши мүмкүн.
Канча адамда гепатит оорусу бар?
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) маалыматына ылайык, ар 30 секунд сайын кеминде бир киши гепатиттен каза болот. Бул жылына 1 миллиондон ашуун өлүм - ВИЧ менен маляриядан каза болгондордун санына караганда көбүрөөк.
ДССУ дүйнө боюнча 350 млндон ашуун адам гепатиттин ар кандай түрлөрү менен жашайт деп билдирет.
Бүткүл дүйнөлүк гепатит менен күрөшүү күнү гепатит тууралуу маалымдоо, аны алдын алуу, диагностикалоо жана дарылоого үндөө максатында жыл сайын 28-июлда белгиленет.
“Гепатит Б менен жашаган дээрлик 296 млн адамдын көбү Азия жана Африкада жашайт. Ал эми Европада дагы деле 14 млн жана Түндүк менен Түштүк Америкада 5 млн киши бар”, - деп түшүндүрөт Бүткүл дүйнөлүк гепатит альянсынын аткаруучу директору Кэри Жеймс.

Гепатитти жуктуруу жолдору жана симптомдору
Көп учурда гепатит вирустук инфекциядан, бирок ошондой эле кээ бир химиялык заттардын, алкоголь, дары-дармектердин жана белгилүү бир генетикалык оорунун таасиринен келип чыгат.
Лиен сыяктуу оорулуулардын көбүндө симптомдор дароо билинбейт. Көп учурда симптомдордун өнүгүшү үчүн ондогон жылдар талап кылынышы мүмкүн.
АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борборлору инфекцияны жуктурган адамдардын симптомдордун тизмесин келтирет, алар: калтыратма, чарчоо, табиттин жоголушу, көңүл айнуу, кусуу, ичтин оорушу, сийдиктин кара түстүү болушу, агыш түстөгү заң, муундардын оорушу жана сарык.
Социалдык стигма
Лиен Вьетнамдын борбор калаасы Ханойдун түндүгүндөгү кичинекей кыштакта жакыр бүлөдө төрөлгөн. Ал биология факультетине окуу үчүн университетке тапшырган. Окууну аяктагандан кийин Лиен Европада окуусун улантуу үчүн стипендия алды. Бирок ал чет өлкөгө чыгуу үчүн тапшырган медициналык анализдер гепатит Бны аныктап, Лиенди нес кылды.
“Доктор гепатиттен улам менин чет өлкөгө чыга албастыгымды айтты”, - дейт ал.
Лиен диагнозун ачыктагысы келбей, стипендиядан "үй-бүлөлүк себептерден улам баш тартууга аргасыз болгонун" айткан.

Сүрөттүн булагы, Лиен Тран
"Вьетнамда стигма жана дискриминация көп болгон. Гепатит ыплас нерсе катары кабыл алынган. Адамдар аны ВИЧ менен байланыштырышкан", - дейт ал.
Гепатит Б жыныстык катнаш аркылуу оңой жугат. Лиенге диагноз коюлган учурда ал турмушка чыга элек болчу. Ал жашаган коомдо никеге чейинки жыныстык катнаш дагы деле чоң табу болуп эсептелет.
“Коомчулукта гепатит жакшы кабыл алынбай жатканын сезип эч кимге айтпай эле коёюн деп чечтим”.
Лиендин айтымында, ал дарыгерден алган медициналык кеңештерге канааттанган жок. Ал Ханойдогу интернет-кафелерге барып, гепатит тууралуу көбүрөөк маалымат издей баштаган.
Гепатитти дарыласа болобу?
Окууну аяктагандан кийин, Лиен жакшы маяна төлөнүүчү жумушка орношуп, апасын да тестирлөөгө алууну чечти. Анализдер анын коркууларын тастыктады: анын апасында да гепатит аныкталган.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
“Мен ага анализдин жыйынтыгын айтсам, ал мени карап, мурунтан эле билгенин айтты. Менимче, ал мага кош бойлуу болгон кезинде гепатит менен ооруган”.
“Мен муну өзүм аныктаганыма чейин мага айтпаганы үчүн өзүн айыптады”.
Лиенден айырмаланып, апасы күн сайын вируска каршы дарыларды ичиши керек, ошондой эле ал мезгил-мезгили менен ден соолугун текшерип турат.
*Өнөкөт гепатит Б азырынча айыккыс оору. Бейтаптар кабыл алган дарылар вирусту алсырата алат, бирок оору толугу менен организмден чыгара албайт.
Гепатит канчалык жугуштуу?
ДСCУнун айтымында, гепатит А жана Е адатта булганган тамак-аш же суудан жугат. Б, С жана Д гепатиттери көбүнчө инфекцияланган дене суюктуктары менен парентералдык (ийне аркылуу) контакттан келип чыгат.

Адатта бул вирустар инфекцияланган кан же кан азыктарынан, булганган медициналык жабдуулардан (мисалы шприц же тиш дарыгердин аспаптары), төрөт учурунда энеден балага, үй-бүлө мүчөсүнөн балага, ошондой эле жыныстык катнаш аркылуу жугат.
Турмушка чыгаар алдында Лиен болочок жолдошуна гепатит Б менен ооруганын айткан. Ал колдоо көрсөткөн. Алар үйлөнүп, көп өтпөй ата-эне болушту.
"Вирус энеден балага жугушун билчүмүн. Кыздарымды эмдөөдөн өткөрдүм. Азыр экөөнүн тең гепатитке анализдери терс (таза, дарт аныкталган эмес) жыйынтык көрсөтүүдө".
Гепатитке каршы вакцина барбы?
Дүйнөдө 296 млндон ашуун адам өнөкөт гепатити Б менен жашайт – жуктуруулардын көбүнчөсү энеден балага болот.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
ДССУ 2019-жылы эле гепатит Бдан улам 820 миң киши көз жумган дейт.
БУУнун саламаттык сактоо органы гепатит Б’дан 98%-100%га чейин коргой ала турган вакциналар бар экенин билдирди. Гепатит Д’га каршы вакцина жок. Бирок гепатит Бга каршы вакцина потенциалдуу гепатит Д инфекциясынан да коргойт, анткени гепатит Д гепатит Бдан келип чыгат. Ал эми гепатит А үчүн өзүнчө вакцина бар.
Учурда гепатит Cга каршы вакцина жок. Бирок кээ бир антивирустук дарылар бейтаптардын 90%дан ашуун вирусун жок кыла алат.
Ал эми гепатит Еге каршы HEV 239 рекомбинанттык вакцинасынын лицензиясын Кытай алган.
Лиен кыздарынын эмдөөсү үчүн 100 доллардан төлөйт. Бул Азия жана Африкадагы миллиондогон үй-бүлөлөр үчүн айлык кирешесинен да көп болушу ыктымал.
“Биздин маалыматтар боюнча, жаңы төрөлгөн ымыркайларга убагында гепатит Бга каршы вакцина берилсе инфекцияны энеден балага жуктуруу коркунучун төмөндөйт: вирустук жүгү көп болгон кош бойлуу аялдарда 10%-30%дын ортосунда, ал эми гепатит Бнын вирустук жүгүнүн көрсөткүчү аз болгон аялдарда 0,5%га чейин төмөндөтөт”, - дейт Кэри Жеймс.
Акылга сыйбаган толкун
Акыркы убакта дүйнө жүзү боюнча жаш балдарга таасир эткен түшүнүксүз боор көйгөйлөрү көбөйдү. Иликтөөлөр көрсөткөндөй, эки вирус кайра келип, сейрек, бирок өтө олуттуу гепатит учурларын пайда кылган.
"Лабораториялык текшерүүлөр бул балдарда гепатит А жана Е вирусун жок болгонун аныктады", - дейт Кэри Жеймс, Бүткүл дүйнөлүк гепатит альянсынын аткаруучу директору.
Учурда ДССУ 35 өлкөдө кеминде 1010дой учурлар бар болгонун кабарлады.
Лондон жана Глазгонун эки изилдөөчү тобу ымыркайларда Ковид чектөөлөрүнөн улам төмөнкү эки вируска иммунитет пайда болбой калганын аныкташты:
- сасык тумоо жана ашказан оорусуна алып келүүчү аденовирус;
- адено-ассоциацияланган серотип 2 (AAV2), адатта ал өз алдынча ооруну жаратпайт, анткени анын клеткаларда “жардамчы” аденовирус менен ооруганда гана көбөйө алат.
Маалыматтык кампания
Көптөгөн млндогон адамдарга таасир эткенине карабастан, гепатитке салыштырмалуу аз көңүл бурат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Гепатит менен төрөлгөн адамдар кийинчерээк боор рагы же цирроз менен оорубай тургандыгы, албетте, чечим кабыл алуучу адамдардын шашылыш чара көрүүсүнө таасирин тийгизет", - дейт Кэри Джеймс.
"Балким, дүйнөнүн көптөгөн бөлүктөрүндө эң көп жабыр тарткандар эң маргиналдашкандар болгондуктан да болушу мүмкүн", - деп кошумчалайт ал.
Ал эми Лиен Австралиянын Мельбурн университетинин Коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн магистратурасына тапшыргандан кийин маалымдуулугун жогорулата баштады.
Окуусунун алгачкы жумаларында ал Ла Троб университетинин изилдөөчүсү менен жолугуп, ал андан гепатит Б жөнүндө маек алгысы келген.
Бул жолугушуу аны гепатит менен ооруган бейтаптар менен иштеген коомдук уюмдар менен тааныштырды. Ал маалымдуулукту жогорулатуу үчүн алар менен иштей баштады.

Сүрөттүн булагы, Лиен Тран
"Австралияга келгениме төрт ай гана болгондо мен Виктория штатынын өкмөтүнүн министрлердин тегерек столунда болдум", - дейт ал.
Азыр ал өзүнүн окуясы менен башка бейтаптар менен бөлүшөт.
"Мен өзүмдү күчтүү сезип атам. Мен гепатит жөнүндө айтканымда өзүмдү бактылуу сезем. Мен эч нерсени жашырбайм. Өзүмдү эркин сезем".
Лиен азыр 38 жашта жана гепатит менен ооруган жаш бейтаптарга кайрылгысы келет: "Бул чоң маселе эмес. Сиз гепатит менен жашай аласыз. Сиз дагы эле кесип жактан да, жеке жашооңузда да толук кандуу жашай аласыз".
"Гепатитти оңой эле башкарса болот. Дарыгерге кайрылыңыз, керек болсо дарыларды ичиңиз. Алар абдан жакшы, эффективдүү жана коопсуз". (ЕВ)












