Эмне үчүн милдеттүү эмдөө жаңылык эмес?
Кристин Ро

Сүрөттүн булагы, Alamy
Милдеттүү эмдөөлөр кылымдар бою биз менен болуп, билгизбей адамдардын өмүрүн сактап келди. Кандайдыр бир өзгөрүү болуп кетпесе эле адамдар аларга көп учурда каршылык көрсөткөн эмес.
2021-жылдын 18-октябры АКШнын Вашингтон штатындагы Virginia Mason Franciscan Health медициналык борбору үчүн маанилүү күн болгон. Он апта мурда бул борбор өз кыматкерлерин жана бейтаптарын оорудан коргоо үчүн 18-октябрга чейин коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү керек деп жарыялаган. Медициналык кызматкерлердин жетишсиздигин жана АКШнын медицина секторундагы башка тармактардын эмдөөгө каршылык көрсөткөнүн эске алганда, бул кооптуу талап болчу.
Бирок 18-октябрга чейин кызматкерлердин 95% эмдөөдөн өтүп же эмдөөдөн өтпөгөнүнүн жүйөсүн түшүндүрүү менен талапты аткарышкан. (Калган 5%, анын ичинде жарым-жартылай эмделген кызматкерлер административдик өргүүдө.)
Чарлин Тачибана, өзүнүн бүткүл карьерасын Virginia Mason медицина борборунда өткөргөн жетекчи. Эмдөөнүн мындай жогорку деңгээлинин бир себебин "бизде эмдөө талабынын узак тарыхы бар... бул абдан жакшы жолго салынганы" менен түшүндүрөт.
2004-жылы Virginia Mason өзүнүн бардык кызматкерлерин жыл сайын сасык тумоого каршы эмдөөдөн өтүүнү талап кылган биринчи медициналык борбор болгон. Жаңы талапты талкуулоого түрткү берүү үчүн администрация фокустук топторду жана башка иш-чараларды уюштуруп, анын ичинде викториналарды жана атайын кече өткөргөн. “Камчы жана таттуу токоч” ыкмасы абдан ийгиликтүү болуп, Virginia Mason борборунун кызматкерлеринин сасык тумоого каршы эмдөө деңгээли эки жылдын ичинде 54 пайыздан 98% чейин көтөрүлгөн.
Бул тажрыйбадан алынган сабактар коронавируска каршы эмдөө талаптарын киргизүүнү ишке ашырууга негиз болуп бере алды. Бир чети кызматкерлер үчүн вакцина алууну мүмкүн болушунча ыңгайлуу болушун камсыз кылуу эле. Дагы бир чети болсо, жаңы талаптын тегерегинде баарлашууга, анын ичинде бир нече тилде маалымат берүү сессияларына жана документтерге басым жасоо болду.
"Биз милдеттенмелерге кош көңүл мамиле кылбайбыз", - дейт Тачибана. "Мындайда, вакцина коопсуз жана өтө натыйжалуу экендиги далилденип, илим так болгон учурда гана биз аракетке өтөбүз".
Virginia Mason борборунун тажрыйбасы көрсөткөндөй, эмдөөдөн өтүү талабы коомдук саламаттыкты сактоонун күчтүү куралы болуп саналат. Бирок бул өтө талаштуу да болушу мүмкүн. Кайсы бир деңгээлде учурдагы Covid-19га каршы эмдөөдөн өтүүгө коюлган талаптарга болгон мамиле мурунку кылымдардын мисалдарына үндөшөт. Ошондуктан милдеттүү эмдөөнүн тарыхый сабактарын түшүнүү маанилүү.
Вакцинанын тарыхы
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
17-кылымда кытай дарыгерлери чечектин кээ бир препараттарын организмге мурун аркылуу киргизсе, алар табигый инфекцияга караганда ооруну жеңилирээк өткөзүп, андан кийин иммунитеттин пайда болушуна алып келерин аныкташкан. Акыр-аягы бул ыкма Европа менен Америкага чейин жетип, ал жерде көбүнчө инфекциялык материалды териге жасалган көзөнөккө сүртүү камтылган. Ал бара-бара бүткүл дүйнөгө тараган сайын, акыры кээ бир лидерлер эмдөөнүн ушундай түрүн жапырт жасоону тапшырышкан. Мисалы, 1777-жылы Америкадагы көз карандысыздык үчүн согуш учурунда генерал Жорж Вашингтон бардык аскерлерди чечекке каршы эмдөөнү талап кылган.
Англиялык дарыгер Эдвард Женнер 1796-жылы уйда пайда болчу чечек оорусунун жеңил вирусуна негизделген чечекке каршы вакцинаны иштеп чыккандан кийин, эмдөө кыйла татаал вакцинацияга алмаштырылган. Милдеттүү эмдөө бир нече жылдан кийин эле башталган. 1806-жылы азыркы Италиядагы Лукка жана Пьомбинонун башкаруучусу (жана Наполеондун карындашы) Элиза Бонапарт жаңы төрөлгөн ымыркайларды жана чоң кишилерди эмдөөнү буйруган.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Дагы бир маанилүү учур 1853-жылы болгон, милдеттүү эмдөө мыйзамы Англия менен Уэльстеги ымыркайларды чечекке каршы эмдөөнү талап кылган.
Кээ бир вакциналар, мисалы, полиомиелитке каршы вакцина, алгач популярдуу болсо да, кийин кайра жаңы вакцина чыкса кээ бир адамдар корко башташат. Бирок вакцина алуу талабына убакыттын өтүшү менен калк дагы көнүп калат деген бир белгилүү мыйзам ченемдүүлүк бар.
"Кошмо Штаттарда 1970-жылдардын аягынан бери кайсыл бир тармак үчүн милдеттүү эмдөөлөр киргизилген", - дейт педиатр Ли Хэмптон. Ал "Гави" вакцина альянсынын медициналык эпидемиологу. Ал эми Италия балдарды гепатит B, дифтерия, көк жөтөл, полиовирус, Haemophilus influenzae В түрү, кызамык, селейме, паротит жана варикелла сыяктуу бир катар козгогучтарга каршы эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылат.
Хэмптондун айтымында, "милдеттендирүүнүн өзү... чындыгында эч кандай көйгөй жараткан эмес. Бирок, убакыттын өтүшү менен мындай контексттин башка нукка бурулуусуна алып келген нерсе – милдеттендирген эреженин өзгөрүшүндө". Бул көрүнүш, мисалы, гепатит B, күйдүргүгө жана, албетте, азыр коронавируска каршы эмдөө үчүн коюлган жаңы талаптар менен байкалды.
Эмдөө азыр кээ бир учурларда мектепке баруу үчүн (мисалы, Словенияда В гепатитине каршы), органдарды трансплантациялоо үчүн (Британиянын кээ бир жерлеринде бөйрөк алмаштыруу үчүн талап кылынат) жана Италияда кандайдыр бир экстремалдуу учурда балдарга камкордук кылуу шартын сактап калуу үчүн талап кылынат. Бул талаптарды аткарбагандар көбүнчө финансылык жазага тартылат же аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.
Хэмптондун айтымында, эмдөөдөн өтүү талабы өзгөчө кирешеси жогору өлкөлөрдө кеңири тараган. Ошондой эле башкаруу стилине да байланыштуу болот. "Өкмөт канчалык авторитардык болсо, милдеттүү эмдөө ошончолук көп болот". Бул таң калыштуу эмес, анткени башкаруунун мындай стили үчүн жаңы эрежелерди, анын ичинде коомдук кызыкчылыкты коргоочу эрежелерди (мисалы эмдөө) киргизүү оңой.
Ишенимге байланышкан баш тартуу
Кылымдар бою вакциналарды жасоо үчүн колдонулган компоненттерге байланыштуу ар кандай каршылыктар пайда болгон. Кээ бир вакциналар акуланын боорунан алынган сквален майы сыяктуу жаныбарлардан алынган аз өлчөмдөгү заттарды камтыйт. Полиомиелитке каршы вакцинада мурда маймылдардын бөйрөктөрүнүн клеткалары колдонулган. Бул ингредиенттердин түрлөрү вегетариандык каршылыкка алып келди.
Чечекке каршы алгачкы вакцина торпокто пайда болгон ыйлакчалардан алынган уй чечектин лимфасын камтыган. Викториялык Британияда өнүгүп келе жаткан вегетариандык жана вивизекцияга (илимий максатта тирүү жаныбарды же тирүү организмди союп көрүү) каршы кыймылдын кээ бир өкүлдөрү үчүн бул жийиркеничтүү болгон.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Учурда Данди университетинде ушул темада доктордук диссертациясын жазып жаткан Силвия Валентайндын айтымында, вакцинага каршы болгондордун ар кандай себептери бар эле.
"Кээ бир конформисттик эмес конфессиялар адамдын денеси жаныбарлардан чыккан зат менен булганбаш керек деп эсептешкен", - деп түшүндүрөт Валентин.
"Вивизекцияга каршы кыймыл ошондой эле антиваксерлер менен тарапташ жана көптөгөн каршы болгондор дагы башка бир канча нерселерге, анын ичинде мамлекеттин алардын жашоосуна кийлигишүүсүнө каршы болушкан. Анти-вивизекциячылар жаныбарларга кам корүү менен музоонун лимфасын өндүрүү үчүн колдонулган ыкмаларга каршы чыгышмак, анткени чынында бул ыкма абдан үрөй учурарлык болгон".
Чочкодон алынган зат кээ бир мусулмандарды кайсы бир вакциналар, мисалы, стабилизатор катары чочкодон алынган желатин колдонулган учурларда, адалбы деп кооптонууга алып келди. Бул Индонезияда 2018-жылы кызамыкка каршы эмдөөнү оорлоштурган. Жакында Индонезиядагы мусулман диниятчылары коронавирус вакциналарына уруксат берилгенин, ал эми Covid-19 вакцинасын өндүрүүчүлөр бул вакциналарда чочкодон алынган заттар жок экенин айтышкан. Кээ бир израилдик аткаминерлер чочкодон алынган ингредиенттерди камтыган пероралдык эмес (иче турган эмес) вакциналар менен эч кандай көйгөйлөр болбошу керек деп ырасташат.
Дагы бир талаштуу компонент – ондогон жылдар мурун мыйзамдуу түрдө жасалган бойдон алдыруудан кийинки түйүлдүктүн клеткалык сызыктары. Бул клеткалык сызыктар кээ бир вакциналарды сыноодо жана башкаларын иштеп чыгууда колдонулуп келген. Ага карабастан, Ватикан коронавируска каршы вакциналарды "моралдык жактан алгылыктуу" деп жарыялады.
АКШнын евангелисттик христиандары сыяктуу дин борборлоштурулбаган жерде секталар менен жеке адамдардын ортосунда пикир келишпестиктер болуусу анык болсо да, эмдөөгө тыюу салуу расмий кабыл алынган диндерде жок.
Чынында, тарыхка көз чаптырсак, диний кызматкерлер эмдөөнү кубаттоодо жана ишке ашырууда маанилүү роль ойноп келишкен. Анткени, сыйынуучулардын ден соолугун сактоо алардын кызыкчылыгына кирет.
Рухий каршылык көрсөткөндөр менен катар, эмгекчилердин активдүүлүгүнүн узун жиптери вакцинага каршы чыгуу менен байланыштырылды. Виктория доорунда кээ бир англис иш берүүчүлөр чечекке каршы вакцина алууну мидеттүү деп таңуулашкан. Андай чечим өзгөчө жумушчу табына таасир эткен жана жумушчулар тарабынан каршылыкты күчөткөн. Профсоюздар уюшкан каршылыктын маанилүү булактары болуп келген (анын ичинде 2004-жылы Virginia Mason медициналык борборундагы гриппке каршы вакцина алуу талаптарына каршы чыккан профсоюзга мүчө медайымдар болгон).

Сүрөттүн булагы, Alamy
1898-жылдан баштап Англия ишенимге байланышкан себептерден улам эмдөөдөн баш тартууга уруксат берген. Бирок 1907-жылы гана мындай жеңилдик алуу салыштырмалуу түрдө оңой болуп калган. Ошентип баш тарткандардын саны бардык төрөлгөндөрдүн төрттөн бирин түзгөн.
Юта университетинин тарыхчысы Надя Дурбах бүгүн анти-ваксерлердин чакан азчылыгынын добушу абдан бийик чыгып жатса да, "вакцинацияга каршы викторияндык кыймыл бир топ чоң болчу" деп эсептейт. "Ошондой эле бүгүнкү күндөгү анти-вакцинацияга караганда ал кенен жайылган агым болгон. Ал кезде вакцинация илими боюнча белгисиз нерселер көп болчу жана санитардык шарттардын жоктугунан улам эмдөө процесси оңой инфекцияга алып келиши мүмкүн болчу."
Заманбап жана тарыхый эмдөө нааразылыгынын ортосунда окшоштуктар бар. Үстүбүздөгү жылдын май айында АКШнын Юта штаты сыяктуу кээ бир жерлерде эмдөөгө каршы максатта жасалган куурчактарды дагы эле өрттөгөн учурлар бар. Бирок бир айырмачылыгы – Виктория заманындагы нааразылык акцияларынын маал-маалы менен болгон карнавалга окшош атмосферасы болгон.
Дурбах жазгандай, "эмдөөгө каршы жалпы демонстрация, абактан жаңыдан бошотулган, эмдөөгө каршы болгон адамды, көп учурда түрмө кийимчен бойдон, ленталар жана транспаранттар менен кооздолгон арабада үйлөмө аспаптар оркестринин коштоосунда айдап жүрүүнү камтыган".
Катаал жана жумшак мамиле
Британияда маалымат берүү жана ынандыруу багытында кошумча эмдөөгө (мисалы, дифтерияга каршы) карата кеңири аракеттердин шартында чечекке каршы милдеттүү эмдөө 1947-жылы аяктаган. Бирок биз азыр көрүп жатканыбыздай, коронавируска каршы эмдөө, чечектегидей эле, созсүз вакцина алуу талабын кенен жайылтып жатат. Мисалы, Франция 2018-жылдан кийин төрөлгөн балдар үчүн өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон ооруларга каршы эмдөөнүн 11 түрүн милдеттендиргенде, толук эмдөөдөн өткөн балдардын саны мурунку жылдарга салыштырмалуу кыйла өскөн.
Кылдаттык менен карап чыксак, милдеттүү эмдөө өмүрдү сактап каларынан шек жок. Мисалы, бир изилдөө медициналык кызматкерлерде сасык тумоого каршы эмдөөнүн деңгээли төмөн болгондорго салыштырмалуу жогору болгон ооруканаларда вирустун бирдей жугушу мүмкүн болгон кезде бейтаптардын өлүмгө учурашы (өлүмдүн денгээли болжол менен 13,6% эмделген учурда, жана 22,4% эмделбеген учурда) азырак экенин көрсөттү.
Кастыкты күчөтүшү мүмкүн болгон милдеттүү эмдөө жана жугуштуу оорунун жайылышын күчөтүшү мүмкүн болгон ыктыярдуу эмдөөнүн ортосунда бир жалпы карама-каршылык бар. Кээ бир саламаттыкты сактоо адистери милдеттүү түрдө эмдөөдөн чочулашат. Анткени мындай саясат медициналык жогорку кызматтарга болгон ишенимди узак мөөнөткө азайтышы мүмкүн. Эмдөөнү милдеттүү кылуу Бразилияда зордук-зомбулукка алып келген баш аламандыктарга себеп болду. Бүткүл Европада да бул вакцинага каршы ызы-чуусу көп кыймылдарга түрткү болгон болушу мүмкүн.
Вакцина боюнча кызуу талаштар чечилбей келе жаткан дүйнө өлкөлөрүнүн бири болгон Францияда Саламаттыкты сактоо министрлиги ишенимди бекемдөө үчүн кеңири аракеттин алкагында чектөөчү шарттарды киргизүү менен вакцинанын айынан чыккан коомдогу бөлүнүүнүн таасирин азайтууга аракет кылды. Бул вакцина менен камтуунун жакшырышына алып келди. Бирок салмактуу азчылык дагы эле эмдөөдөн өтүүдөн карманууда. Бул мамилелерге мониторинг жүргүзүүнү улантуунун жана медициналык мекеме менен коомчулуктун ортосундагы алаканы чыңдоонун маанилүүлүгүн көрсөтүп турат.

Сүрөттүн булагы, Alamy
Бирок, баары эле "милдеттүү" деп эсептелген нерсеге макул боло бербейт. Көптөгөн милдеттүү эмдөөлөр техникалык жактан милдеттүү эмес деген аргумент бар. Анткени адамдар, адатта, эмдөөдөн диний негиздер сыяктуу белгилүү бир жагдайларга байланыштуу баш тарта алышат.
А физикалык күч же коркутуу аркылуу мажбурлоо менен эмдөөнү жүзөгө ашырууну камтыган милдетүү эмдөө – ал башкача. Вакцинаны колдонууну көбөйтүүнүн пайдалуу натыйжаларына карабастан, бул стратегиядан оолак болуу керек деген жалпы консенсус бар.
Бирок, Хьюман Райтс Вотчтун кытайлык изилдөөчүсү Якю Ваңдын айтымында, Кытайдын кээ бир аймактарында куугунтуктоо жана тыңчылыкты камтыган мажбурлоо тактикалары колдонулганы айтылып жатат. Бул албетте расмий мамлекеттик саясат ушундай дегенге жатпайт, деп түшүндүрөт Ваң.
Бирок борбордук өкмөт жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына эмдөө боюнча катаал талаптарды коёт. Мисалы, 2021-жылдын сентябрында Кытайдагы балдардын кеминде 90% эмдөө боюнча көрсөтмөлөр бар.
"Борбордук өкмөттүн мындай квота/токтомдору эмдөөнүн деңгээлин жогорулатат, бирок кээде бул жергиликтүү деңгээлде мажбурлап эмдөөлөргө алып келиши мүмкүн", - дейт Ваң.
Физикалык күч колдонуу болбогон күндө да, коюлган талаптарды аткарбагандыгы үчүн чегерилген айрым жазалар терс натыйжаларга алып келиши мүмкүн. Мисалы, жумуштан суранып чыгуу же эмдөө жерлерине баруу кыйынга турган адамдардан олуттуу акчалай жазана алынышы мүмкүн. Бул 19-кылымда жибек өстүрүүчүлөр арасында талаш-тартышка себеп болгон жана бүгүнкү күндө да эмдөөдөн өтө элек кээ бир адамдар үчүн тоскоолдук жаратууда.
Хэмптондун айтымында, эмдөө талаптары – бул "этият менен ишке киргизе турган", ыктымал жаза колдонуунун минималдуу деңгээлинде аткарыла турган нерсе. Жазаларды колдонуунун шарттары "өмүргө коркунуч туудурган оорунун, өзгөчө өтө жугуштуу оорунун болушун жана ал оорунун жайылышын азайтуу үчүн (коопсуз жана) эффективдүү кийлигишүүнү камтышы керек. Бул, адатта, абдан жакшы айкалышуу болуп эсептелет.
"Биздеги коронавируска каршы вакциналардын чындап, өтө коопсуз экенинин пайдасы бар", - деп кошумчалайт ал. Ал эмдөө каршылыктарга карабай калкты коргоонун пайдалуу жолу болуп кала берет деген оптимисттик көз карашта.
"Акыл-эс жана сарамжалдуу пайдалануу менен, эмдөөнү милдеттүү колдонуунун пайдасы зыяндан ашып түшөт", - дейт ал. Бул күмөн санап жүргөндөрдү ынандыруу үчүн жетиштүүбү, жокпу, ал жагы азырынча белгисиз. (DO)
Макаланын түп нускасы BBC Future сайтында жарык көргөн.












