ДСУ: бир гана жолу колдонуучу ийнелерди пайдалануу зарыл

Камбожанын бир гана айылынан 270 кишиге ийнелерди кайра-кайра колдонуудан ВИЧ вирусу жуккан.

Сүрөттүн булагы, Gareth Fuller PA Wire

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камбожанын бир гана айылынан 270 кишиге ийнелерди кайра-кайра колдонуудан ВИЧ вирусу жуккан.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ВИЧ/СПИД илдетин таза эмес ийнелерден жуктуруу көрүнүшүнө каршы күрөш жарыялады. Жылына таза эмес ийнеден миллиондогон кишилер ВИЧ жана гепатит илдетин жуктуруп алары айтылып жатат.

Камбожанын бир гана айылынан 270 кишиге ийнелерди кайра-кайра колдонуудан ВИЧ вирусу жуккан. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2020-жылга чейин бир гана жолу колдонулуучу ийнелерди кеңири жайылтуу максатын көздөп жатат.

Кыргызстандын Ош аймагында дагы мындан 6-7 жыл мурун ооруканада ондогон балдар СПИД илдетине кабылганы туралуу окуя бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган эле. Бул боюнча сот иштери болуп, бир катар дарыгерлер жоопко тартылган. Бирок илдет бир жолу колдонулуучу ийнени эки жолу колдонгондон бул баладан буга жуккан деп далилдеш өтө кыйын болоорун эксперттер айтып чыкканы бар.

Бул окуя өлкөнүн саламаттыкты сактоо тармагындагы көп мүчүлүштүктөрдү көрсөткөндөй болду. Аймактагы ооруканаларга кайрылган кишилерде чочулоо, ишенбөө сезимдери жаралып, ошол эле учурда дарыгерлерге талап, алардын ишин көзөмөлдөө көрүнүштөрү күчөгөн.

Кыргызстандын Ош аймагында дагы мындан 6-7 жыл мурун ооруканада ондогон балдар СПИД илдетине кабылганы туралуу окуя бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган эле.
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандын Ош аймагында дагы мындан 6-7 жыл мурун ооруканада ондогон балдар СПИД илдетине кабылганы туралуу окуя бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салган эле.

Кыргызстандагы ооруканалар эл аралык уюмдардын колдоосу астында соңку жылдары бир гана жолу колдонулуучу ийнелерди пайдаланганга өткөн. Өкмөт инфекциялык көзөмөл боюнча атайын токтом чыгарып, бул маселе саламаттыкты сактоо тармагында тыкыр көзөмөлдөнүп келатат.

“Кыргызстанда швейцариялык “Кызыл чырым” уюму да бул багытта чоң иштерди жасап жатат. Ошол окуядан кийин бир топ иштер болду. Элдин аң-сезими да өзгөрүп талап күчөдү. Көп жолу колдонулган ийнелер азыр колдонулбайт. Бир гана жолу колдонулган ийнелер мамлекеттин эсебинен акысыз берилип жатат. Бул боюнча азыр маселе жок”,-дейт Оштогу облустар аралык бириккен клиникалык оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулайманов.

Бир учурларда өлкөнүн саламаттыкты сактоо мекмелеринде каржы тартыштыгынан улам ийне сатып алуу да кыйынчылыкка турган учурлар болгон. 2007-жылдан бери ийнеден улам оору тарады деген бир да учур, же дооматтар айтыла элек деп ишендирүүдө башкы даарыгер. “Калктын саламатчылыгы бир эле ийнеге байланыштуу эмес. Өкмөтүн саламаттыкты сактоо тарамагына жасаган мамилеси, коомдогу маданият, аң сезим дагы чоң мааниге ээ”,-деди Сулайманов.

Дарыгерлердин айтымында кан аркылуу жуккан илдеттерге ВИЧ/СПИД жана гепатит оорулары кирет. Кыргызстан бул илдеттер менен күрөшүүдө эл аралык уюмдардын жардамына таянып келатат.