Көлбаевдин өлүмү кылмыш дүйнөсүнө коңгуроо боло алабы?
Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

Уюшкан кылмыштуу топтун "анабашы" делген Камчы Көлбаевдин сөөгү Чолпон-Ата шаарында жерге берилди. УКМКнын "Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынды” деген расмий билдирүүсүнөн кийин түрдүү талкуулар токтой элек.
Айрым интернет колдонуучулары криминал менен айыгышкан күрөштү баштады деп бийликти алкаса, башкалары Көлбаевдин өлтүрүлүшү атайын даярдалган болушу мүмкүн деген пикирлерди жазып жатышат.
УКМКнын "Альфа" атайын даярдыктагы бөлүгүнүн уюштуруучусу жана мурдагы жетекчиси Артур Медетбеков ашынган кылмышкерлерди кармоо үчүн дайындалган атайын операциялардын жол жобосун түшүндүрүп берди:
"Эгер Көлбаев каршылык көрсөтпөй, спецназдын башчысынын айтканына көнгөндө атышуу болмок эмес. Бирок ошол жерде Көлбаевди кайтарып жүргөндөрдүн курал-жарагы болгон жана ок чыгарган болушу мүмкүн. Ошонун негизинде спецназдын балдары атууга мажбур болушкан. Мыйзам боюнча укук коргоо органдарынын кызматкерлерине иш убагында куралдуу каршылык көрсөтүп, өмүрүнө коркунуч жаратса алар милдеттүү түрдө курал колдонуп, жарадар кылышат же атып өлтүрүшөт. Мындай учурлар буга чейин да кездешип келген".
Мурдагы чекист "Альфанын" жоокерлери кызматтык милдеттерин гана аткарган деген пикирде. Ал спецназ кандайдыр бир буюртма аткарган деген кептерге ишенбей турганын айтты.

"Атайын даярдыктагы жоокерлер башка да операцияларды башынан өткөргөн, тажырыйбалуу балдар. Алар кайсыл учурда, кандай жерден ок чыгарышты билишет. Ошон үчүн кечээки операция учурунда атайын буюртма же башка нерсе аткарышты деп айтууга болбойт. Ошентсе да мунун баары териштирүү иштеринин, күбөлөрдүн көрсөтмөсүнүн жана экспертизалардын кортундусунун негизинде баары ачыкка чыгат. Азыр толугу менен бир тараптуу айтуу кыйын".
Кыргызстанда көп жылдан бери эле жогорку бийлик өкүлдөрү кылмыштуу дүйнө менен “табакташ” болуп кеткени айтылып келет. Ким бийликке келбесин криминал менен айыгышкан күрөш жүрөт деген убада бергени менен, иш жүзүндө такай эле андай эмес.
Соңку үч жылда азыркы бийликке дагы криминал тууралуу далай кептер айтылып келет. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев андай сындарга жооп катары кылмыштуу топторго катуу эскертүү берип, эң оор чараларга бара турганын бир нече жолу билдирген.
"Бандиттер, силерге өтө кыска убакыт берилет, же мыйзам менен жашайсыңар же түрмөгө киресиңер же өлкөдөн чыгып кетесиңер. Мен бул кызматта турган кезде биздин мамлекет бандиттер менен коррупционерлердин өлкөсү болбойт! Эми бандиттер качып, жашына баштайт. Мен муну толук жоопкерчилик менен жарыялайм", – деген Ташиев 2020-жылы журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.
2020-жылы бийлик алмашкандан кийин Камчы Көлбаев кармалып, беш айдай абакта отуруп чыккан. Андан кийин маал-маалы менен Көлбаевдин кылмыштуу тобунун бир нече мүчөсү кармалганы тууралуу кабарлар жарыяланып турду. Бирок кылмыш дүйнөсүнүн анабашчылары ээн-эркин жүрөт деген пикирлер боло келген.
"Криминал менен күрөшүүгө убакыт келди"
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Генерал Өмүрбек Субаналиев “кримавторитеттин өлүмүнүн аркасын кайра эле криминал өз пайдасына буруп кетпегидей кылыш керек” деген пикирде.
"Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топтор туу чокуга чыгып калды. Азыр аш-тойго барсаң деле мурдагы президенттер, саясатчылар, депутаттар, элдик баатырлар анан киримчөйрөнүн ана башчыларын көрөсүң. Бул деген криминал менен Кыргызстандын коомчулугу жуурулушуп калды деген түшүнүк. Бул жакшылыкка алып келбейт, кримтөбөлдөр саясатка, кадрларды дайындоого аралашып кетти. Муну инвесторлор көрүп жатат. Убакыт дагы уюшкан кылмыштуу топ менен күрөшүүгө учур келгенин айтып жатат. Эгер ушул учурдан пайдаланып күрөш жүргүзбөсө анда бийлик башка багытка кетип калат. Көлбаев авторитардык кылмыштуу империя түзүп койгон. Ал Кыргызстандын кылмыш чөйрөсүн монополия кылып алган. Бүгүнкү күндө анын ордун басып, тең тайлаша турган адамдар киримчөйрөсүндө жок. Ошондуктан Көлбаев жок болгондон кийин анын системасы алсырайт. Учурдан пайдаланып күч органдары катуу иштеп, аягына чейин күрөшүү керек. Эгер башка бирөө кылмыш дүйнөсүн колго алып, мыйзамдагы ууру болуп калса анда мунун баары атайын жасалгандай болуп калат", – деди Субаналиев.

АКШ 2012-жылы Көлбаевди дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине киргизип, кийин киримтөбөлдүн кылмыштуу тобу боюнча маалыматтарга 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. 2021-жылы сый акынын өлчөмүн 5 млн. долларга көтөргөн. Субаналиевдин айтымында, президент Садыр Жапаровдун соңку сапарларында Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтор дагы талкууланган болушу мүмкүн.
"Дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда трансулуттук кылмыштуу уюм бар дешет. Бул эл аралык деңгээлдеги олуттуу көрүнүш. Анткени биз эл аралык келишимдерге, долбоорлорго кол коюп, инвестиция тартабыз деп жатпайбызбы. Ошондуктан мунун баарын токтотуш керек", – деди Субаналиев.
Улуттук коопсуздук комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 5-октябрда, Токмок шаарында атайын кызматтын оңдолгон имаратын ачып жатып, Көлбаев боюнча учкай токтолду.
"Кечээки болгон окуяда криминал башын көтөрүп, УКМКнын атайын операцияларына каршы чыгып, биздин кызматкерлерге ок атып, кол көтөрдү. Ошон үчүн буга чейин коомубузду ар түркүн нерселер менен кармап жүргөн мыйзамдагы ууру жок кылынды. Мындан ары да ушундай болот. Эгерде кимдир бирөө мыйзамды бузууга аракет кылса өтө катуу жазаланат. Бир криминал баш көтөрө турган болсо биз башын кыя чабабыз. Дагы бир жолу эскертем, ошол кримавторитеттин тегерегиндегилер кайсыл бир мыйзамды бузганга аракет кыла турган болсо баз ага жол бербейбиз", – деди Ташиев.
Ошентип бизнестен баштап инвесторлорго чейин коколойт, мыйзамды тебелейт деген криминал ушуну менен толук ооздукталабы деген суроо кайрадан күн тартибине чыкты.












