Камчы Көлбаев. "Атагы" АКШга чейин жеткен кримтөбөлдүн учкай таржымалы

Камчы Көлбаевди кармоо операциясы өткөн жер
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Камчы Көлбаевди кармоо операциясы өткөн жер

Кыргызстандагы уюшкан кылмыштуу топтун анабашы деп айтылган Камчы Асанбек (Көлбаев) жок кылынганын атайын кызмат тастыктады. Анын сөөгү соттук-медициналык экспертизига алынып, ошол эле күнү (4-октябрда) кечки саат он жарымдар чамасында туугандарына өткөрүп берилди. Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун башкы дарыгеринин орун басары Эрнис Акунов корутунду тууралуу Би-Би-Сиге учкай гана айтты.

Күндүз борбор калаадагы ресторандардын биринде аны кармоо операциясы башталганы тууралуу кабарлар чыккан. Атайын кызмат бул боюнча кечке маал гана билдирүү таратты. Анын кыскача мазмунунда Камчы Асанбеков мыйзамдуу талаптарга баш ийбей, куралдуу каршылык көрсөткөнү жазылган.

УКМК тараткан билдирүү (тиркелген сүрөттө маалымат толук камтылган эмес)

Сүрөттүн булагы, screenshot

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, УКМК тараткан билдирүү (тиркелген сүрөттө маалымат толук камтылган эмес)

Андан соң УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлери Орто-Сай айылындагы "Браво" деп аталган шаарчага барып, Көлбаев жашайт деп айтылган үйдө операция жүргүзгөнүн айрым басылмалар жазып чыгып, сүрөттөрдү жарыялады. Атыйын кызмат бул тууралуу расмий маалымат тарата элек.

Мындан сырткары "Камчы Көлбаев атайын операция учурунда жок кылынды" деген маалыматтан кийин абактагылар чогулуп жатканы тууралуу такталбаган кабарлар чыгып, сүрөттөр коомдук сайттарга тарады. Жаза аткаруу кызматы муну төгүндөп, сүрөт эски экенин, түзөтүү мекемелеринде абал тынч жана тыкыр көзөмөлдө турганын айтты.

Камчы Көлбаев ким?

Мурда Көлбаев "кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене боюнча айыпталып, камакка алынган эле

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Мурда Көлбаев "кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене боюнча айыпталып, камакка алынган эле

Кырк тогуз жаштагы Камчы Көлбаев Кыргызстанда "мыйзамдагы ууру" атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, куралды мыйзамсыз алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы бошоп чыккан.

Андан кийин укук коргоо органдары адам уурдоо, кылмыштуу уюм түзүү, куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңгизат соодалоо, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу күнөө коюп, Интерполго чейин эл аралык издөө жарыялаган. 2011-жылы июль айында Камчы Көлбаев Араб эмираттарынан кармалганы жөнүндө кабарлар тараган. Бир жылдан кийин ИИМ Көлбаевди Кыргызстанга алып келген.

Ага "кылмыштуу топ түзгөн, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган, курал жана баңгизат сактаган деген айыптар тагылып, үч жылга соттолгон. Абактан 2014-жылы бошоп чыккан.

Көлбаев 2020-жылы дагы кармалган эле

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Көлбаев 2020-жылы дагы кармалган эле

АКШга чейин аты чыккан...

2012-жылы АКШ Камчы Көлбаевди эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген. Ошону менен катар АКШнын каржы министрлиги "Боордоштор жамааты" деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кирген деп шектелген бир катар кишилердин арасында Камчы Көлбаев дагы бар деп маалымат таратып, алардын банктагы эсептерин тоңдуруп жатканын кабарлаганы бар.

2014-жылы АКШ кыргызстандык Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого бөгөт коюучу маалымат үчүн 1 миллион долларлык акчалай сыйлык жарыялаган. Мындай аракет мамлекеттик департаменттин транс-улуттук уюшма кылмыштар боюнча программасынын алкагында жасалууда деп айтылган эле.

Архив

2017-жылы АКШ бир катар орус жарандарына каршы санкция киргизген. Америкалык каржы министрлигинин маалыматына караганда, санкцияга он киши кабылган. Булар евразиялык транс-улуттук кылмыштуу топторго таандык "мыйзамдагы уурулар" экени айтылган. "Кара тизмеге" киргендер арасында "Тайванчик" деген ысым менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, Захарий Калашов (Шакро Молодой), Василий Кристофоровдордун катарында Камчыбек Көлбаевдин ысымы да аталган. Бул мекеме "мыйзамдагы ууруларды" мурдагы советтер союзунун, Европа жана АКШнын аймагында кеңири жайылган уюшкан кылмыштуу топ катары мүнөздөп, акчаны адалдоо, опузалоо, карактоо жана паракорчулук менен алектенет деп белгилеген эле.

Камчы Көлбаевге байланыштуу кабарлар кызуу талкууланып жаткан чакта кылмыш чөйрөсүнө "Алтуха" деген каймана ат менен белгилүү Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылганы тууралуу маалымат тарады. Айрымдар аны Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү деп жатышат.

Ибраимовдун үй камагына чыккандыгы тууралуу маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктап, анын бөгөт чарасын өзгөртүү тууралуу арыз сотко Улуттук коопсуздук комитетинин тергөөчүсү тарабынан келип түшкөнүн билдирди.