УКМК Камчы Көлбаев боюнча түшүндүрмө берди

Өткөн жылы 22-октябрда Көлбаев "Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене менен айыпталып камакка алынган эле

Сүрөттүн булагы, Social Media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Өткөн жылы 22-октябрда Көлбаев "Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене менен айыпталып камакка алынган эле

Кримтөбөл делген Камчы Көлбаевдин абактан тил кат менен бошотулушу боюнча УКМК түшүндүрмө таратты.

Өткөн жылы 22-октябрда Көлбаев "Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу" деген берене менен айыпталып камакка алынган эле. Абакта кармоо мөөнөтү 2021-жылдын 22-мартына чейин узартылган.

Адвокаттарынын арызы менен 2-мартта сот кылмышка шектүү Көлбаевдин бөгөт чарасын карап, анын жашаган дарегинен чыкпоо тил каты менен бошоткон. Соттун чечиминин аткарылышын коопсуздук кызматы аткара турганы милдеттендирилген.

УКМК Көлбаевге карата "250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча" башка дагы бир кылмыш иши иликтенип жатканын ырастап, туугандары тарабынан мамлекетке 49,6 миллион сом төлөнгөнүн билдирди. Тергөөнүн мөөнөтү бүткөнчө, тагыраагы апрелдин соңуна чейин, мыйзамсыз кирешенин калган бөлүгүн мамлекеттик бюджетке кайтаруу аракети көрүлөт деди атайын кызмат.

Ошол эле маалда УКМК кылмыш иштерин иликтөөнүн жыйынтыгы тууралуу коомчулукка учурунда маалымат бере турганын, "кримтөбөл К.Асанбек тарабынан туура эмес жүрүм-турум болсо мыйзамдын негизинде чара көрөрүн" айтты.

Камчы Көлбаев ким?

47 жаштагы Камчыбек Көлбаев Кыргызстанда “"мыйзамдагы ууру"” атыгып, уюшкан кылмыштуу топтун анабашы катары таанылган. Киши өлтүрүү, курал-жарак сатуу, мыйзамсыз курал алып жүрүү кылмыштарына катышкан деп айыпталып, 2000-жылы 25 жылга эркинен ажыратылган. Анын жети жылын өтөгөн соң, мунапыстын негизинде мөөнөтү кыскартылып, 2008-жылы эрте бошоп чыккан.

Андан кийин укук коргоо органдары адам уурдоо, кылмыштуу уюм түзүү, куралды мыйзамсыз алып жүрүү, баңгизат соодалоо, бийлик өкүлдөрүнө зомбулук көрсөтүү сыяктуу күнөө коюп, Интерполго чейин эл аралык издөө жарыялаган. 2011-жылы июль айында Камчыбек Көлбаев Араб эмираттарынан кармалганы жөнүндө кабарлар тараган. Бир жылдан кийин ИИМ Көлбаевди Кыргызстанга алып келген.

Ага "кылмыштуу топ түзгөн, бийлик өкүлүнө күч колдонгон, адам уурдаган, курал жана баңгизат сактаган деген айыптар тагылып, үч жылга соттолгон. Абактан 2014-жылы бошоп чыккан.

2012-жылы АКШ Камчы Көлбаевди эл аралык ири баңгибарондордун кара тизмесине киргизген. Ошону менен катар АКШнын Каржы министрлиги "Боордоштор жамааты" деп аталган эл аралык кылмыштуу топко кирген деп шектелген бир катар кишилердин арасында Камчы Көлбаев дагы бар деп маалымат таратып, алардын банктагы эсептерин тоңдуруп жатканын кабарлаганы бар.

2014-жылы АКШ кыргызстандык Камчыбек Көлбаевдин кылмыштуу тобун каржылоого бөгөт коючу маалымат үчүн 1 миллион долларлык акчалай сыйлык жарыялаган. Мындай аракет Мамлекеттик департаменттин Транс-улуттук уюшма кылмыштар боюнча программасынын алкагында жасалууда деп айтылган эле.

2017-жылы АКШ бир катар Орусия жарандарына каршы санкция киргизген. Америкалык Каржы министрлигинин маалыматына караганда, санкцияга он киши кабылган. Булар Евразиялык транс улуттук кылмыштуу топторго таандык, "Мыйзамдагы уурулар" экени айтылган. "Кара тизмеге" киргендер арасында : Тайванчик деген ысым менен белгилүү Алимжан Тохтахунов, Захарий Калашов (Шакро Молодой) Василий Кристофоровдордун катарында Камчыбек Көлбаевдин ысымы аталган. Бул мекеме "Мыйзамдагы ууруларды" "мурдагы Советтер союзунун, Европа жана АКШнын аймагында кеңири жайылган уюшкан кылмыштуу топ" катары мүнөздөп, акчаны адалдоо, опузалоо, карактоо жана паракорчулук менен алектенет деп белгилеген эле.