Азербайжандагы шайлоо: И. Алиев кеминде 92% менен алдыда

Шайлоо - 2024

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Азербайжандын учурдагы президенти Илхам Алиев мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоодо 92,05% добуш (8-февралдагы эсеп) алуу менен жеңишке жеткенин өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо участкаларынын 93%нын маалыматтарын санап чыккандан кийин билдирди.

Экинчи орунду 2,1% менен парламент депутаты Захид Орудж ээледи.

БШКнын жетекчиси Мазахир Панаховдун айтымында, шайлоого шайлоочулардын 77%га жакыны катышты.

Экзитполдор окшош сандарды болжолдоп жатышкан, жалпысынан жыйынтык ойлогондой болуп чыкты.

Мамлекет башчылыгына жети талапкер ат салышты, анын ичинде Алиев бешинчи жолу талапкерлигин коюп жатат. 2018-жылдагы шайлоодо аны шайлоочулардын 86,22% колдоп, 74,5% добуш берген.

Алиевдин тарапкерлери Бакунун көчөлөрүндө

Сүрөттүн булагы, REUTERS

Азербайжандын мамлекеттик ММКлары кабарлагандай, Алиевди шайлоодогу жеңиши менен Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түркиянын президенти Эрдоган, Ирандын президенти Ибрахим Раиси жана Кытайдын лидери Си Цзиньпин куттукташты.

Илхам Алиевдин миңдеген тарапкерлери Бакунун борбордук көчөлөрүнө чыгып, кээ бирлери “Карабакты боштондукка чыгаруучу!”, "Биз сени менен сыймыктанабыз!" деген плакаттарды көтөрүп чыгышты.

Алиев Азербайжанды 2003-жылдын октябрынан бери башкарып келет, ал мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү чечимин ал президент болгонунун 20 жылдыгына карата кабыл алган.

Дагы бир мотив - биринчи жолу Азербайжан 2020-жылдагы согуш учурунда жана 2023-жылдын сентябрындагы аскердик операциянын натыйжасында өзүнүн аймагына көзөмөлдү кайтарып алгандан бери, бүткүл өлкө боюнча өткөрүү каалоосу болду.

Алиевдин атаандаштары өкмөтчүл саясатчылар болгон, алар парламентте отуруп, президентти эч качан сындашкан эмес, тескерисинче, дебаттарда анын жетишкендиктерин, биринчи кезекте аймактык бүтүндүктү калыбына келтирүүнү макташат.

Алиев өзү дебатка азыр да, мурда да катышкан эмес. Ал Тоолуу Карабактын Ханкенди (Степанакерт) шаарындагы шайлоо участогунда добуш бергенин анын басма сөз кызматы билдирди.

И. Алиев

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Шайлоонун алдында Азербайжан бир жыл бою ЕКПАнын ишиндеги ыйгарым укуктарынан ажыратылган.

Буга оппозициялык саясатчылар менен көз карандысыз ММКларын куугунтуктары, 2023-жылдын сентябрь айында Тоолуу Карабактагы аскердик операциялар жана Бакунун бул президенттик шайлоого Европа Кеңешинин байкоочуларын чакыруудан баш тартканы себеп болгон.

ЕККУ/ДИАУБ байкоочуларынын бири Бакудагы Гейдар Алиев атындагы аэропортто жүргөндө өлкөгө киргизилбей калган.

Гейдар Алиев азыркы президент Илхам Алиевдин атасы. Гейдар Алиев - СССРдин мамлекеттик коопсуздук органдарынын мурдагы кызматкери, 1969-1982-жылдары Азербайжан ССРинин, андан кийин 1993-жылдан 2003-жылы каза болгонго чейин эгемендүү Азербайжандын башчысы. Андан кийин Илхам Алиев президент болду.

2020-жылдын башындагы акыркы парламенттик шайлоо да мөөнөтүнөн мурда болгон. 2018-жылы өткөн президенттик шайлоодо да оппозиция болгон эмес, анча белгилүү эмес саясатчылар Алиевдин оппоненттери болушкан. Анда 86% упай менен жеңишке жеткен.

Демократия жана шайлоого көмөктөшүү боюнча эл аралык институттун демократиялык деңгээли боюнча өлкөлөрдүн рейтингинде Азербайжан Куба менен Венесуэланын ортосунда 174 өлкөнүн ичинен 148-орунда турат. Ал эми “Чек арасыз кабарчылар” уюмунун рейтингинде өлкө Пакистан менен Ооганстандын ортосунда 180 өлкөнүн ичинен 151-орунда турат.

Илхам Алиевдин вице-президенттик кызматын анын жубайы Мехрибан ээлейт. Алардын Арзу менен Лейла аттуу кыздары өлкөдөгү эң ири холдингдердин биринин ээлери. Илхам Алиевдин чоң атасынын урматына Гейдар деген уулу да бар.

Өлкөдө проспектилер, парктар, мечиттер, спорт жана маданият борборлору Илхам Алиевдин атасынын урматына аталган. (NO)