Тоолуу Карабак жаңжалдын жалыны өчтү, кезек дипломатияда...

Сүрөттүн булагы, AZERBAIJAN MINISTRY OF DEFENCE/GETTY IMAGES
Азербайжан менен Карабак кепке келип, ок атышуу токтоду. Азербайжандын талабы боюнча экинчи тарап толук куралсыздандырыла турганы маалым болду. Армениянын бийлиги бул сүйлөшүүлөргө катышпаганы менен келишимди кубаттай турганын билдирди. Эки тараптын макулдашуусунун негизги мазмуну - Карабак "теориялык" жактан Бакунун таасиринде болот.
Бирок соңку кандуу кагылышууда макулдушууга келүү, ок атышууну токтотуу онойго турган жок. Анын учкай таржымалын тизмектейбиз.
Азербайжан шейшемби күнкү аскердик операциянын алдында Тоолуу Карабактын айланасында аскердик күчтөрүн көбөйттү.
Азербайжан Тоолуу Карабакта "антитеррордук" операциясын баштап ал жердеги армян тектүү жикчилдер багынып бермейинче аны токтотпой турганын билдирди.
Эл аралык деңгээлде Азербайжандын бир бөлүгү катары таанылган, жикчил анклавдын айланасында бир нече айдан бери чыңалуу күчөп келет.
Азербайжан менен Армения акыркы жолу үч жыл мурун согушкан.
Баку “мыйзамсыз армян аскер түзүмдөрүнө” курал-жарагын өткөрүп берип, “мыйзамсыз режимин” жоюуну буйрук кылды.
Азербайжан менен Армения биринчи жолу 1990-жылдардын башында СССР кулагандан кийин согушкан. Андан соң, 2020-жылы Азербайжан Тоолуу Карабактагы жана анын тегерегиндеги аймактарды кайтарып алгандан кийин ортодо тынчтык келишими түзүлүп,ал орусиялык бейпилдик күчтөрү тарабынан көзөмөлгө алынган.
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Карабактагы этникалык армяндар шейшембиде ок атышууну токтотууга жана сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышты. Бирок азербайжан койгон ультиматумдан көрүнүп тургандай, Бакунун максаты тоолуу анклавды басып алууну аягына чыгаруу экен.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян Азербайжанды “этникалык тазалоону” көздөгөн аскердик операциясын баштады деп айыптады.
Бирок өлкөсүнүн жообуна нааразы болгон жүздөгөн армян демонстранттары Ереванда парламенттин алдында полиция менен кагылышып, өлкө лидерин чыккынчы деп айыптап, анын кызматтан кетүүсүн талап кылышты.
Азербайжан сүйлөшүүлөрдү этникалык армяндар Степанакерт деп атаган Карабах аймагынын борбору Ханкендиден жүз километр алыстыктагы Евлах шаарында башташы мүмкүн экенин билдирди.
2020-жылдын аягынан бери үч миң россиялык жоокер борпоң келишимдин ишке ашуусуна көз салып келди, бирок Москванын көңүлү Украинага каршы согушка бурулду.
Тоолуу анклавда жүз жыйырма миңдей этникалык армян жашайт. Орус аскерлери эң коркунучтуу аймактардан дээрлик беш жүз жаранды көчүрүшкөнүн билдирсе, жикчилдердер алар жети миңдей кишини көчүрүүгө жардам бергенин айтты.
Соңку тогуз айдан бери Азербайжан Армениядан анклавга кире турган, Лачин коридору деп аталган жалгыз жолду катуу блокадага алып келди.
Азербайжан шейшемби күнү эртең менен эки минанын жарылуусунан алты кишинин, анын ичинде төрт полиция кызматкеринин өлүмүнө жооп иретинде операция баштаганын билдирди.
Андан соң аба чабуулунун сиреналары жаңырып, Карабахтын борбор шаарында артиллериянын жана ок атуунун үнү угулду. Турак жайлар жабыркап, журналист Сирануш Саркисян кошуна имаратка сокку урулганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, Source: Russian Ministry of Defence/BBC
Карабактын расмий өкүлдөрү беш киши каза болгонун, дагы ондогон адам жаракат алганын, анын ичинде аялдар менен балдар бар экенин айтты.
Жикчил аймактын коргоонуу боюнча расмийлери азербайжандык аскерлер “бүтүндөй чек ара тилкесинде ок атышпоо режимин ракеталык-артиллериялык соккулар менен бузду” деп билдирди. Карабахтын башка өкүлдөрү "ири масштабдагы аскерий чабуул" жөнүндө айтышкан, бирок кийинчерээк чыккан маалыматтарда ок атуунун күчү азайганы айтылган.
Азербайжандын Коргоо министрлиги жарандарды же жарандык имараттарды бутага албаганын жана "жогорку тактыктагы курал колдонуудан аскердик буталар гана жарактан чыгарылып жатканын" ырастады.
Баку анын армиясынын позицияларын армян күчтөрү “системалуу түрдө аткылоодо” деп айыптап, “куралсыздандыруу жана Армян армиясынын түзүмдөрүн өз аймагынан чыгарууга мажбурлоо максатында жергиликтүү антитеррордук иш-аракеттерди” баштаганын билдирди.

Сүрөттүн булагы, AZERBAIJAN DEFENCE MINISTRY
Азербайжан бийликтери адам өмүрүн алган мина жарылуусунан кийинки делген сүрөттөрдү жарыялады
Армениянын премьер-министри кыскача телекайрылуусунда армян аскерлери катышкан деген дооматтарды четке какты.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Азербайжандын чабуулу аларга тууралуу бир нече мүнөт мурун гана эскертилгенин жана эки өлкөнү 2020-жылы согуштан кийин кол коюлган ок атышпоо келишимин сыйлоого үндөгөнүн билдирди. Евробиримдиктин аймактагы атайын өкүлү Тойво Клаар "тез арада ок атышууну токтотуу зарыл" деп белгиледи.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да, АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да Алиевди аймактагы аскерий аракеттерди дароо токтотууга чакырышты.
Түштүк Кавказ боюнча серепчи Лоуренс Броерс шейшембиде Карабактагы армян калкы блокададан улам алсырап турганын жана Азербайжандын операциясы "армяндар отурукташкан Карабакты толугу менен кайтарып алуу максатында" башталганын билдирди.
Никол Пашинян жакында эле Орусия "аймактан кутүүсүздөн кетип жатканын" айткан. Азербайжан ошол эле учурда шериктеши Түркиянын күчтүү колдоосуна таянып келет.
Азербайжан президентинин атайын кеңешчиси Хикмет Гаджиев жикчил этникалык-армян администрациясын “өзүн-өзү жоюуга” чакырды.
“Биз Азербайжан, Конституцияга ылайык Карабак армяндарынын укуктарын жана коопсуздугун камсыз кылууга даяр экенибизди дайыма айтып келебиз”, - деди ал BBC Newsке.
Азербайжан аймактагы аскерлеринин санын көбөйткөнүн четке какты. Дүйшөмбү күнү Баку Эл аралык Кызыл Чырым комитетине Карабакка эки жолдон, бири Армениядан Лачин коридору аркылуу, экинчиси Азербайжандын Агдам жолу аркылуу жардам жеткирүүсүнө уруксат берди.
Шейшембидеги чабуул башталганга чейин чыңалуу басаңдайт деген үмүттөр бар болчу.
Азербайжандын Коргоо министрлиги минадан талкаланган унаанын сүрөттөрүн жарыялады, бирок этникалык армян расмийлери ок атышпоо келишимин Азербайжандын аскерлери бузганын айтышты. (DО)












