Армения менен Азербайжан "кара күчтөн" баш тартабы?

Сочидеги жолугушуу

Сүрөттүн булагы, MIKHAIL KLIMENTYEV

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сочидеги жолугушуу: тараптар Армения менен Азербайжандын ортосундагы жаңжалда күч колдонуудан баш тартууну макулдашты

Дүйшөмбү күнү Сочиде өткөн үч тараптуу жолугушууда Азербайжан, Армения жана Орусиянын лидерлери Түштүк Кавказдагы чыр-чатактарда күч колдонбойбуз деп макулдашты.

Жыйынтыктоочу билдирүүдө бардык талаш-тартыштар эки өлкөнүн “эгемендүүлүгүн, аймактык бүтүндүгүн жана чек аралардын кол тийбестигин өз ара таануу менен” чечиле турганы айтылып, ошондой эле Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтык келишимин даярдоонун маанилүүлүгү баса белгиленди.

Макулдашуу 2020-жылдагы согуштан берки Армения менен Азербайжандын ортосундагы эң олуттуу куралдуу кагылышуудан бир жарым ай өткөндөн кийин түзүлдү.

“Жалпы пикирибиз боюнча, бул келечекте мүмкүн болгон келишимдер үчүн абдан жакшы атмосфераны түзгөн пайдалуу жолугушуу болду”, - деди орус президенти журналисттерге.

"Тынчтык келишими боюнча - азырынча эч нерсе жок. Документтин негизги бөлүктөрү жөнүндө айтууга али эрте, анткени бул дагы эле компромисстердин предмети болуп саналат, албетте, эки тарап буга ортомчулук аркылуу жетиши керек. [Компромисстер] эгер эки тарап, ошондой эле биздин өлкө кааласа жетишилет”, - деди Путин үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында.

Үч тараптуу саммиттин алдында Путин Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен өзүнчө жолугушту.

Анда Пашинян Ереван үчүн Карабактын орус тынчтык күчтөрү көзөмөлдөгөн аймактардан азербайжан күчтөрүнүн чыгып кетүүсү, ошондой эле армян туткундарын бошотуу приоритет экенин айткан.

"Карабак согушу тарыхтын бир бөлүгү болуп калды. Бул маселе эки жыл мурун чечилген. Андыктан бул контекстте талкуулана турган дээрлик эч нерсе жок", - деди Алиев.

Эксперттер Орусия Украинадагы согуштан улам Кавказдагы таасирин жогото баштаганын айтышат.

Эки согуш жана элдешүү аракети

Армения менен Азербайжан Тоолуу Карабакта эки жолу согушкан - 2020-жылы жана 1990-жылдары.

2020-жылдын күзүндө эки тараптан 6,5 миңден ашуун аскер каза болгон. Орусиянын ортомчулугу менен түзүлгөн келишимге ылайык, Ереван ондогон жылдар бою көзөмөлдөп келген аймактарын өткөрүп берген.

2022-жылдын сентябрында болгон куралдуу кагылышууларда 280ден ашуун адам каза болгон же дайынсыз жоголгон - анын 204ү армяндар. Аскердик аракеттер 14-сентябрда АКШнын ортомчулугу менен (Орусиянын кризисти жөнгө салуу аракетинен майнап чыкпагандан кийин) токтогон.

Москва дүйнөлүк аренада обочолонуп бараткандыктан, Армения менен Азербайжандын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө лидерликти АКШ менен Евробиримдик колго алды.

Август айында Еврокеңештин төрагасы Шарль Мишель менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон Брюсселде Армениянын премьер-министри менен Азербайжандын президентинин сүйлөшүүлөрүн уюштурган.

3-октябрда Вашингтон менен Брюсселдин демилгеси менен Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Женевада жолугушуп, келечектеги тынчтык келишиминин текстинин үстүндө иштөөнү башташкан.

Евробиримдик ок атышпоо режиминин сактоону көзөмөлдөө үчүн Арменияга “ЕБнын жарандык миссиясын” жибергенин жарыялады.

Азербайжандын негизги өнөктөшү болгон Түркия да жаңжалды жөнгө салуу үчүн активдүү аракеттерди көрүүдө. Жакында анын президенти Режеп Тайып Эрдоган Прагада Алиев жана Пашинян менен жолугушту. (ЕВ)