«Бузулбас бир туугандыктан» баш тартуу. Деги ЖККУнун Орусиядан башка кимге кереги бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Илья Абишев
- Role, Би-би-си
СССРдин урандыларынан курулган Жамааттык Коопсуздук Келишими Уюму (ЖККУ) азыркы тапта көзгө басар бирикме болуп калды. Борбор шаарында дал ушул аскердик-саясий блокту жаратуу жөнүндө келишим түзүлгөн өлкөнүн өзү эми андан чыгып кеткен. ЖККУга мүчө болгон азыркы алты өлкөнүн экөө иш жүзүндө башка мамлекеттер менен согуш абалында турат, бирок согуш аракеттерин өз алдынча жүргүзүп келишет. Анын дагы эки мүчөсү өз ара уруш жүргүзүүдө. Деги бул - кандай болгон уюм жана анын келечеги дээрлик барбы?
Жаңылыктардын күн тартибинде акыркы жолу 2022-жылы 9-октябрда ЖККУ жөнүндө эскерилип, Кыргызстан бул уюмдун тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн машыгууларын өз аймагында өткөрүүдөн баш тартты деген кабар таркады. 10-14-октябрь күндөрү Кыргызстандын Ысык-Көл облусунда "Бузулгус бир туугандык - 2022" деп аталган командачылык-штабдык машыгуулар өтүшү керек болчу, бирок эч кандай жүйөө айтылбастан, бул машыгуулар жүргүзүлбөй калды.
Эртеси (10-октябрда) журналисттер Орусия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысынан "деги Орусия менен Кыргызстандын ортосунда кандайдыр бир пикир келишпестиктер барбы?" деп сурашканда, Дмитрий Песков мырза: «Жок», - деп жооп узатты.
Учурда ЖККУга Орусия, Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан кирет. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында өтөөрү болжолдонгон машыгууда ок атышпоо режимин камсыз кылуу шарттарын иштеп чыгуу тууралуу пландалган. Бирок ЖККУнун күчтөрү ок атышпоону камсыздай алчу жөндөмгө ээ экендигине бул уюмдун азыраак мүчөлөрү ишенет көрүнбөйбү. Маселен, сентябрдын аягында Армения ЖККУнун Казакстандагы машыгууларына катышуудан баш тарткан.
"Атылбаган тапанча"
Бул биримдикке кирген өлкөлөрдүн көптөгөн саясатчылары ЖККУнун ишмердүүлүгү - же анын иш алып бара албастыгы - жаатында нааразы. Сентябрдын ортосунда Ереванда Жамааттык коопсуздук келишиминен Армениянын чыгуусун жана жаңы шериктерди табуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоону талап кылган нааразылык жыйын өткөрүлдү. Буга 12-сентябрдан 13-сентябрга караган түнү кайра башталган Азербайжан менен куралдуу кагылышуу болгон аймакка жоокерлерди жөнөтүү боюнча Армениянын өтүнүчүнө ЖККУнун өтө солгун мамилеси себеп болгон.
Демонстранттарды Армениянын парламент спикери Ален Симонян менен Коопсуздук кеңешинин катчысы Армен Григонян колдоп чыгышты. Симонян ЖККУну «эч ок чыгара албаган, бирок аны менен чаап калууга же аны сес кылып көрсөтүүгө гана мүмкүн болчу» мажүрөө тапанчага салыштырды.
Симонян мырза Армениянын Коомдук сыналгы каналында: "Биз, албетте, абдан нааразыбыз. Бар үмүттөр эч акталбай келет. Анан калса, эл өкүлдөрү болуп туруп, эл менен байланышта болуп туруп, деги ЖККУ эмне үчүн өзү жүзөгө ашыра тургандыгы алдын-ала каралган милдеттерин аткара албай жатканын элибизге кыйла убакыт бою эч аңдата албай келебиз. Албетте, биз мындан жыйынтык чыгарабыз, биз буга чейин эле тыянак жасап жатабыз жана бир тыянакка келдик», - деп билдирди.
Нааразылык чаралары АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин Ереванга сапарына туш келди. Ал эми эртеси, 19-сентябрда, Нью-Йоркто АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен жана Армения менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери катышкан үч тараптуу жолугушуу орун алгандыгы белгилүү болду.
"Орусия эми аракеттеги катышуучу катары эске алынбай баратат"
Саясат таануучу Анатолий Несмияндын оюнча, Орусия Түштүк Кавказ менен Борбордук Азиядан чыгуу алдында турат, анткени ал тышкы саясий жүгүн мурдагыдай аркалай албай калгандыктан, бул эки чөлкөмдөгү мамилелердин тең салмактуулугу кескин өзгөрүүдө.
"Ошондуктан АКШ кантип жаңы тең салмактуулук кырдаалдарына, - эгер мүмкүн болсо, аларга кыйыр түрдө гана, - кирүүнүн жолдорун караштырып жатат. Баарынан ыктымалдуулукка жакыны - АКШ Арменияны европалыктар менен НАТОго "өткөрүүгө" далаалат кылышы ажеп эмес. Түркиянын өзү НАТОго мүчө болгондуктан, чөлкөмдөгү кырдаал жаатында НАТОнун алкагында, - мындайча айтканда, ички былык-чылыкты сырткы дүйнөгө билдирбестен, ич ара чечүү аркылуу, - Анкара менен сүйлөшүү алда канча оңой болот», - деп Несмиян өзүнүн Telegram баракчасына жазды.
«Мунун баары СССР кулаганга чейинки абалды абдан эске салат, - деп ал оюн улантат. - Ошол кезеңде да советтик таасир аймактарын бөлүштүрүү жүрүмү башталып калган. Кремль болсо "эч нерсе болгон жок" дегендей түр көрсөтүүгө аргасыз болгон, анткени ал турмушта орун алып жаткан окуяларга өз турумун билдирүүгө эч дармансыз болуп калган эле».
«Бүгүнкү күндө дагы Орусиянын туруму түзүлгөн кырдаал үчүн эске алынбай калды, анткени ал Украинанын кара топурагында өзүнүн дараметин түгөтүп алды жана азыркы маалда өз аскерлерин ого бетер тизелетип жатат. Ошентип, Орусия өзүнүн мурдагы кызыкчылыкка ээ болуп жүргөн чөйрөлөрүндө кайсы бир чечимдерди кабыл алууда гипотеза түрүндө болсо дагы катышуу жөндөмүнөн айрылууда», - деп Несмиян мырза өзүнүн адистик пикири менен бөлүштү.
ЖККУ кантип жана эмне мүдөө үчүн түзүлгөн?
1992-жылдын 15-майында, Советтер Биримдиги ыдырагандан көп өтпөй, постсоветтик алты жумурият - Армения, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан, - Ташкент шаарында Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюшкан. Кийинки жылы бул келишимге Азербайжан, Грузия жана Беларус да кошулган эле.
Жакынкы учурларга (1991-жылдын соңуна) чейин эле бирдиктүү аскерге ээ болуп турган бирдиктүү мамлекеттин курамында жүргөн өлкөлөрдүн аймагында аскердик-саясий блокту түзүү - улам күч алып бараткан ыдыроо жүрүмдөрүнүн ордун толтурууга багытталган табигый муктаждык сыяктуу көрүндү.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Чү дегенде эле ЖККУ болжолдуу түрдө НАТОго атаандаш блок катары түзүлгөн, бирок эч кандай шартта анын теңдеши боло алмак эмес болчу: тээ совет доорунда топтолуп келген жана СССРдин мамлекет катары ойрон болушу менен ого бетер курчуп кеткен көптөгөн карама-каршылыктар ошол баштапкы мезгилде эле айкын болуп калган.
Биринчиден, телегейи тегиз аскердик бирикменин түзүлүшүнө анын катышуучуларынын чечилбеген өз ара аймактык талаштары жана бул ынтымактын эң кубаттуу мүчөсү - Орусиянын өзүнүн таасир чөйрөсүн кеңейтүүгө, - анын ичинде аскердик жол менен кеңейтүүгө, - багытталып, мамлекеттик саясат деңгээлине чыгарылган умтулуусу тоскоол болду.
Беш жылдан кийин Өзбекстан, Грузия жана Азербайжан ЖККУдан чыгып кетишти (Өзбекстан 2006-жылы ЖККУга кайтып келүүнү чечкен, бирок 2012-жылы өз оюнан кайтып, бул уюмдан кайра чыгып кетти).
Учурда ЖККУга Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан мүчө бойдон кала беришүүдө.
Москванын "берешендиги" бекер болбойт
Көп учурларда байкоочулар ЖККУну былпык бир уюм деп аташат. Өзү негизделгенден бери ЖККУ бир гана жолу аскерлерди колдонду: 2022-жылдын январында Казакстанда жапырт нааразылык чаралары баш-аламандыкка айланып кеткен кезеңде, ЖККУ бул өлкөгө тынчтык жаратуучу күчтөрдү жөнөткөн.
ЖККУнун Казакстанга кирип келген бөлүктөрүнө же полиция аткарчу амалдарга катышуу, же болбосо, калкалап-арачалай турган кошуундардын ролун аткаруу иши жүктөлгөнсүдү. Ал күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн өзүнө берилген бойдон кала берип жаткандыгына өзгөчө шектенген. Ал ЖККУнун тынчтык жаратуу күчтөрүн Казакстанга аттандыруу өтүнүчүн чет өлкөлүк 20 миңдей террорчу басып кирди деген жүйөө аркылуу негиздеген. Кийинчерээк мындай террорчулардын кирип келгендиги тууралуу анын жүйөөсү ишенимдүү түрдө тастыкталган деле эмес. Бирок ошол тапта Путин Токаевди колдоп берди.
Вашингтондогу Улуттук коргоо университетинин профессору Эрика Марат айым: "ЖККУнун Казакстандын шаарларындагы аскерлери Нур-Султандагы саясий режимге Орусиянын толук негиздеги таасиринин жана көзөмөлүнүн орношунун символдук бир көрсөткүчү болуп калды, бул жагдай расмий Москванын кызыкчылыгына төп келчү кызмат өтөдү", - деп белгиледи.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Деги Жамааттык коопсуздук келишими уюму Кыргызстанга керекпи? - Азыр кыргыз саясатчылары менен коомдук ишмерлери өздөрүнө дал ушул суроону байма-бай берип жаткан кез.
Көптөгөн адистер ЖККУ Орусиянын аскердик таасирин сактап калуунун куралына айланганын баса белгилеп, Москванын "берешендиги" үчүн ага акы төлөөгө туура келээрин эске салышууда. Мисал катары алар Беларустагы кырдаалды көп келтиришет. Бул өлкөнүн башчысы Александр Лукашенко 2020-жылы бийликте калуу үчүн жанталашканда, расмий Кремл ага көөк кылган. Эми Лукашенко орус президенти Владимир Путиндин дегениндей болуп, бардык каалоолорун аткарып келет.
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин Лукашенкодон башка эч кимиси Орусиянын Украинага басып киришин колдогон жок. Бул жагдай орусиялыктардын бул баскынчыл согушту колдогон бөлүгүнүн кыжырдануусун туудурду. Алардын оюнча, ЖККУну шериктер "Орусиянын душмандары менен кызматташкан" учурларын көз жаздымда калтыра, далдаалап турчу парда сымал гана колдонуп келишет.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
"Орусияга ким кандай добуш берип жатканын көрүп айран-таң каласың. Деги ЖККУ деп аталган ушул комедияны биротоло ойрондой турган учур келип калбадыбы? Деги кеч болуп калып жүрбөсүн?" - деп topwar.ru порталынын бир автору суроо салып жазды.
Украинага баскынчыл согуш баштагандан кийин Орусиянын эл аралык аброю ушунчалык түшкөндүктөн, ЖККУнун көптөгөн мүчөлөрү өз бойлорун Москвадан обочороок кармоодон баш тартпагандай. Бирок алардын баары тең эле өздөрү үчүн жаңы ынтымакташ таба алышабы? - бул дагы чоң көйгөйгө жатат.
(TT)Коңшу Кыргызстан ЖККУга үч жолу жардам сурап кайрылган: оболу, 1999-жылы Ооганстан менен Тажикстандан куралдуу исламчылар өлкөгө басып киргендеги Баткен окуясында, андан соң 2010-жылы Ош менен Баткенде кыргыздар менен өзбектердин ортосунда этностор аралык кандуу жаңжал чыкканда, ал э ми үчүнчүсү - 2021-жылы тажик-кыргыз чек арасында орун алган кезектеги, бирок мурдагылардан алда канча катаал куралдуу кагылышуу учурунда көмөк суралган. Арийне, бул үч өтүнүч тең четке кагылган болчу. (TT)







