Тоолуу Карабак согуштан кийин: Лачиндеги жашоо

Лачин
    • Author, Ольга Ившина, Ольга Просвирова, Илья Барабанов, Марина Катаева
    • Role, Би-Би-Си, Лачин

Карабак тоо кыркаларынын түштүк-батыш ыптасында жайгашкан Лачинди артка кайтарып алууну Азербайжан отуз жылдан бери эңсеп келген. Лачин чакан шаарча жана чөлкөмдөгү өтө маанилүү жолдо жайгашкан. Бул жол Тоолуу Карабактын борбору саналган Степанакертти (азербайжандар шаарды Ханкенди дейт) Армения менен байланыштырат. Алдыдагы жылдарда жолду орусиялык тынчтык күчтөрү көзөмөлдөмөкчү.

Азербайжан кайтарып алган аймактардын дарбазасы - Горадиз чакан шаарчасы. Жол Аракс дарыясынын сол жээгин бойлоп кетет. Оң жээгинде ирандык конуштар жайгашкан.

Жылдын дал ушул мезгилинде аскердик унаалар гана бул жол менен жүрүшү мүмкүн. Күн бүркөлүп, туман басып турду. Согуштун залдары көрүнүп турат: аскер техникалары, урандыга айланган тамдар. Ооба, бир нече чакырымга чейин бүтүн имаратты көрө албайсың.

Карабактагы биринчи согушта бул айылдарда жашаган азербайжандар үйлөрүн таштап, качып чыгып кетишкен эле. Ураган дубалдар, талкаланган терезелер азырга чейин кишилер кайтып келбегенин көрсөтүп турат.

Лачинге бараткан жолдун жарымында гана чатыры бүтүн имаратты көрдүк. Мындан төрт ай мурун эле бул жерде "Агадзор" (армян айылынын аталышы) деген жол белгиси турган. Азыр бул жерге азербайжан аскерлери жайгашууда. Жол белги жерде жатат.

Жарандык кишилерди аймакка киргизише элек. Анткени миналарды тазалап чыгуу зарыл.

Үч сааттан кийин кезектеги блокпостко келдик. Бул Орусиянын тынчтык күчтөрү жайгашкан жер.

Блокпост

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Азербайжандык аскерлер эгер блокпост аркылуу өтүшү керек болсо, анда тынчтык күчтөрү менен сөзсүз макулдашат.

"Башында азербайжандык офицерлер жолдон өтүш үчүн тынчтык күчтөрү менен макулдашуусу керек дегенге ачууланып жатышты. Формалдуу түрдө бул алардын аймагы. Бирок биздин балдар тынчтык келишиминин шарттары ушундай болгонун түшүндүрүп жатышты. Келишимде Азербайжан президентинин колу турат. Ошондуктан шарттарды аткаргыла дедик. Ушундай сөздөрдөн кийин талаштар токтоп жатты",-деди Би-Би-Си менен маектешкен тынчтык күчтөрүнүн өкүлү.

Блокпост

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сөөктөр жаткан жер

Орусиялык тынчтык күчтөрүнүн офицерлери блокпостту сүрөткө тартууга тыюу салып, суроолорубузга жооп берүүдөн баш тартып жатты. Келишими менен келген аскерлер камера менен микрофонго ачылып сүйлөгүсү келген жок. Бирок мындай баарлашып калганда кенен сүйлөштүк.

"Интернет колдонууга тыюу салынган. Телевизор эле бар, бирок анда бир дагы канал тартпайт. Ошондуктан диск аркылуу кино көрөбүз",-деди ысымын атагысы келбеген жоокерлердин бири.

Лачиндеги тынчтык күчтөрү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Аймактагы чоң коркунуч - мина. Айрымдары 90-жылдардан бери жерде жатат, башкасы акыркы жылдарда коюлган.

Декабрда Шуша шаарында орусиялык офицер минага жарылып, кийин ооруканада каза тапты. Дагы бир офицер каза тапкан жоокерлердин сөөктөрүн алмашуу учурунда издөө тобу менен чыгып минага жарылган. Бактыга жараша анын аман калганы айтылган эле.

мина бар деген эскертүү

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Жергиликтүү тургундар тынчтык күчтөрүнүн дагы бир аскери минаны залалсыздандыруу учурунда жаракат алганын айтышты.

"Согуш маалында каза тапкандардын сөөгүн издөө үчүн Кызыл Чырым менен иштешүү өтө кыйын иш. Мен бул жерден көргөндөрдүн эң эле үрөй учурганы ушул,-дейт издөө иштерине катышып жаткандардын бири. - Биз мина талаасына дагы бардык, сөөктөрдү көрдүк, айрымдарын чөөлөр жарым-жартылай жеп кеткен. Шушага келгенибизде жолду ката сөөктөр жатканын көрдүм. Азербайжандык аскерлер жаңы позицияны ээлеген кезде армяндардын сөөктөрүн жерге берип, чөөлөрдүн жеп кетишинен сактап калышкан экен. Жерге бергенге үлгүрбөй калгандарынын бөлөк-салак сөөктөрүн гана таап калып жаттык".

Лачин

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Лачиндин көчөлөрү бопбош. Расмий маалыматтарга караганда шаарда азыр болгону 80 гана жергиликтүү тургун бар. Калгандары аскер кызматкерлери.

Журналисттер менен сүйлөшкөнгө жергиликтүү тургандар көңүлсүнгөн жок. Сүйлөшүп калса ысымдарын атагысы келбеди.

Лачинге атайын уруксат аркылуу гана келүүгө мүмкүн. Армян паспорту барлар гана өтө алат. Калгандарына атайын уруксат кагазы керек. Аптасына үч жолу азербайжандык аскер унаалары Шушада жайгашкан аскер бөлүгүнө жана башка пункттарга керектүү нерселерди ташып келет. Бул аймак азыр Бакунун көзөмөлүндө. Ошондой болсо дагы аскер кербенин орусиялык тынчтык күчтөрү коштоп жүрөт. Согуш бүткөндөн кийинки жаңы тартипке акырындап көнүп жатышат.

Армяндар менен азербайжандар ортосундагы тынымсыз жаңжалдар орусиялык тынчтык күчтөрүнүн негизги көйгөйү эмес. Кээде аскерлер тынчтык келишимин бузган койлордун маселесине баш оорутушу керек болот. Узак жылдар бул жердеги чабандар чек ара дегенге маани бербей эле койлорун кеңири жайып келишкен. Анткени аймактын баарын армян күчтөрү көзөмөлдөп турган. Азыр болсо Лачин коридорунан сырткары аймакты азербайжандык аскерлер көзөмөлүнө алып, посттор коюлган.

"Урматтуум, жардам кыл, туманда дагы 300 кой өтүп кетиптир. Тынчтык күчтөрүнө чалып бер. Өткөндө 20 баш койду азербайжандар кайтарып бербей койду!".

кой айдаган чабан

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Кийинки күнү койлор дагы маселе жаратты. Азербайжандык колонна өтө турган маалда чабан трасса аркылуу койлорун айдап калды. Эл аралык жаңжалдан качууга мүмкүн болду. Анткени коштоп келе жаткан унаалардын сиренасынан койлор үркүп, жолдон чыга качышты.

Военная автоколонна

Колоннаны коштоп бара жаткан тынчтык күчтөр үн күчөткүч аркылуу эскертүү берет. Жергиликтүү тургандар унаасын жол четине токтотуп, колонна өтүп кетишин күтүп турушат. Жергиликтүүлөрдүн айтымында башында тынчтык күчтөрү жарандык унааларды катуу текшерип жаткан. Кандайдыр бир куралдуу жаңжалдан качуу үчүн унаада курал бар-жогун карашкан. Азыр тандап туруп, шектүү көрүнгөндөрүн текшерет. Негизинен жүк тарткан унааларды жана кичи автобустарды. Муну мародерчулукту дагы токтотуп калуу аракети деп айтышты.

Сатуучу болуп иштеген Аида Баликяндын айтымында, мародерчулук көбөйүп кетти.

"Жакында эле трассадан үч чакырымдай ичкеридеги эки баламдын үйүнүн эшигин бузуп кирип, тоноп кетиптир",-деди ал. Аида өзү Лачиндеги дүкөндө сатуучу болуп иштейт.

Дүкөн

"Муну азербайжандар эле кылып жатат. Биздикилер эмес го. Албетте, жыргаганынан кылбаса керек, электр зымдарынан бери алышкан",-деди ал.

"Мындан кийин кандай болорун эч ким билбейт. Коңшулаш айылдардын бирине түнкү саат он экиде келип, кетишиңер керек деп айтышыптыр. Кишилер кайсыл оокатын алып кетишти да билбей калыптыр".

"Биз эч нерсе чечпейбиз. Биз үчүн чоң мамлекеттер чечет тура. Биз болгону ошону менен жашап, ошол ыкка көнүшүбүз гана керек. Эмне болорун билгенге биз өтө эле кичине кишилербиз",-деди дагы бир сатуучу аял Лариса.

Ал Лачинден эч качан, эч кайда чыккан эмес. Азыр дагы шаар бош калганына карабай үйүнөн кетүү планы жок. Келишим боюнча шаар Азербайжанга кайтарылды. (AbA)