Азербайжан: "Жеңишчилге" мөөнөтүнөн мурда шайлоонун кереги не?

Илхам Алиевдин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганына көпчүлүк таңыркап турат

Сүрөттүн булагы, AZERTAG/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Илхам Алиевдин мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялаганына көпчүлүк таңыркап турат

“Жеңишчил”- президент Илхам Алиевдин Карабак согушундагы жеңишинен кийин алган лакап аттарынын бири. Алиев жакында мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрөрүн жарыялады. Эмнеге ал мындай кылып жатат? Себеби, анын легитимдүүлүгү Карабактагы согуштан кийин өстү, ушул учурду пайдаланып калуу максатында болушу ыктымал. Ал мындай чечиминин себебин бүтүндөй аймак калыбына келтирилгенден кийин “жаңы доордун башталышы” катары өлкө боюнча биринчи шайлоо болот деп түшүндүргөн.

Президент Илхам Алиевдин өткөн жылдын декабрь айында айтканы боюнча мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоо жетинчи февралда өтөт.

Оппозиция тарап шайлоого катышуудан баш тарткан, анткени алардын пикири боюнча бир айдын ичинде үгүт жүргүзүп, 40 миң кол топтоо мүмкүн эмес.( үгүт иштери 7-февралга чейин жасалышы керек болчу)

Шайлоого катышкан талапкерлер үгүт иштерин жүргүзүшпөйт жана президентти сындашпайт. Мындай көрүнүш 2018-жылдагы шайлоодо дагы болгон.

Бирок азыркы шайлоодо өзгөчөлүктөр бар. 2020-жылы 44 күндүк согушта жеңишке жетип, 2023-жылы 30 жылдай армяндардын карамагында болгон аймакты кайтарып алган популярдуу жана күчтүү лидер болуп атагы чыгууда.

Көпчүлүктүн суроосу: эмне үчүн популярдуу жана күчтүү лидерге шайлоо керек? Өзү бул тууралуу алигиче үн ката элек.

Карабак Украина эмес

Россиянын президенти Владимир Путин дээрлик эки жылдан бери баскынчылык согушун жүргүзүп келет. Орусияда көбү ага каршы сөз айтышпаса да колдобой турганы анык.

Бирок Алиев ар бир азербайжандык үчүн согушта адилеттүү жеңишке жеткен лидер катары оозго алынууда. Жергиликтүү басма сөз аны “жеңишчил” деген атка кондурду. Ал үч жыл мурда болгон согушту бир жарым айдын ичинде жеңип чыкты, ал дагы деле айрым учурларда аскердик кийимди кийип жүрөт.

Бул тема боюнча макаласында социолог Бахруз Самедов: “Азербайжандагы мөөнөтүнөн мурда шайлоо Карабактагы жеңишке болгон эйфория басыла электе режимдин легитимдүүлүгүн камсыз кылуу аракети”- деп жазды.

Алиев Азербайжанды 2003-жылдан бери башкарат, ал дайыма өзүнүн бийлигинин легитимдүүлүгүн сактоо аракетин көрүп келет. Буга чейин көптөгөн эксперттер жазгандай, 1992-1994-жылдары согуштагы жеңилүү улуттун жүрөгүн өйүгөн ызасы эле. Ошондуктан бул жеңиш адилеттүү өч алуунун улуттук ураанына айланды.

Бирок 2020-жылдагы жеңиштен жана 2023-жылдагы күзүндө “ Карабакты армяндардан тазалоодон” кийин, Самедовдун айтымында бул маселе чечилди. Бирок, калк эртеби-кечпи экономиканын аксашы боюнча ойлоно баштайт.

Муздаткыч телевизор эмес…

Телевизор Азербайжанда экономикалык окуялар тууралуу эле эмес, 2020-жылдагы согуштагы жеңиш тууралуу дагы сүйлөп жатат

Сүрөттүн булагы, AZERTAG/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Телевизор Азербайжанда экономикалык окуялар тууралуу эле эмес, 2020-жылдагы согуштагы жеңиш тууралуу дагы сүйлөп жатат
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

2023-жылы январь-ноябрь аралыгында, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу, өлкөнүн ички дүң продукциясы жан башына 0,2% гана өстү.

Бул ИДПнын жарымынан көбүн мунай менен газ түзөт. Өлкөдө минималдуу эмгек акы быйыл гана көтөрүлгөн жок.

Мындан сырткары, 2020-жылга чейин өлкөдө майыптыгы бар үчүн пенсия алгандардын саны көбөйсө, 2020-жылдан бери тынымсыз кыскарып келет. Ошондой эле, быйыл кичи ишкерлер үчүн жеңилдетилген киреше салыгы алынды, алар эми пайданын 5% эмес, 20% төлөшү керек.

Акчалар кайсыл жакка сарпталууда? Карабакты калыбына келтирүүгө буга чейин мамлекет бюджеттен 7 миллиард доллар сарптаган. Азербайжандын айыл аймактарынын биринде ураган мектеп менен Карабактагы жаңы салынган ферманы салыштырган сүрөт социалдык тармактарда тарады.

Семедов мындай салыштыруу нааразылыктары областарда күндөн-күнгө көбөйөрүн белгиледи. “Учурдагы экономикалык жана социалдык көйгөйлөр ички карама каршылыктардын пайда болушуна алып келет”,- деп эсептейт эксперт. Антагонизмдин көбөйүшүнүн бирден-бир себептеринин бири - аймактар аралык нааразылык.

Анын пикиринде, аймактардагы жумушсуздук да чоң роль ойнойт.

Азербайжандын батышындагы Союдлу тоолуу айылынын тургундарына полициянын зомбулук көрсөтүүсү социалдык тармактарда чоң резонанс жаратты. Алар жайыт жерлерге жасалма көлмө курууга каршы чыгышкан. Борбордон келген милиция кызматкерлери айыл тургундарын, анын ичинде кары-картаңдарды таяк менен сабап, көз бууган газ колдонушту.

Расмий түрдө Азербайжанда жумушсуздук чектеш жайгашкан Грузияга салыштырмалуу дээрлик төрт эсе төмөн. Эмгек мыйзамына ылайык, жерге ээлик кылуу тургундарды иш менен камсыз болду деген түшүнүктү жаратат. Анткен менен, эксперттердин айтымында, айыл тургундарынын көпчүлүк бөлүгү иш жүзүндө жумушсуз. Ал эми расмий маалыматтар боюнча өлкөнүн калкынын 37% айыл чарбасында эмгектегендер.

Карабактан тышкары, бийлик көп жылдардан бери борбор шаар Бакуга инвестиция салып келет. Эгемендүүлүктү алгандан бери ушул убакка чейин облусту таштап, Бакуга иштегени кеткендер көп. Жакында мамлекет шаарды өнүктүрүүнүн башкы планын ишке ашырууга 16 жылдын ичинде 55 миллиард доллар сарптай турганын билдирди.

Журналистика кылмыш эмес

Севиндж Вагифгызы - шайлоо алдында камалган 13 журналисттин бири
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Севиндж Вагифгызы - шайлоо алдында камалган 13 журналисттин бири

“Азербайжан мамлекетинде ички тирешүүлөр көп болууда, ошондуктан репрессия жана шайлоодо жеңип чыгуунун аракетин көрүшүүдө. Өкмөт шайлоо алдында олуттуу, атүгүл майда көйгөйлөргө туш болгусу келбей турганы айдан ачык,” - деп айтты Семедов. Ага өткөн жылдын ноябрынан бери көз карандысыз журналисттерге болгон куугунтукту мисал кылды.

Бийликтин маалымат каражаттарды көзөмөлдөп, журналисттерди камакка алып жатканын Вашингтон анын акыркы айларда Арменияны колдогону үчүн Бакунун таарынычы деп жоромолдоодо.

Мамлекеттик катчынын жардамчысы декабрда Бакуга баргандан кийин басма сөздөгү антиамерикалык маанай басаңдады, бирок камакка алуулар токтогон жок. Азербайжандын Би-Би-Си кызматы декабрдын башында камакка алынган 11 журналистти санап чыккан. Камакка алуулар ошону менен эле токтоп калбастан, андан кийин эки журналист жана бир нече саясий активист темир торго салынды.

Батышта кезексиз президенттик шайлоону Азербайжандын бийлигинин ыңгайлуу учурду пайдаланып калуу аракети деп жоромолдошууда

Сүрөттүн булагы, AZERTAG/BBC

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Батышта кезексиз президенттик шайлоону Азербайжандын бийлигинин ыңгайлуу учурду пайдаланып калуу аракети деп жоромолдошууда

Жаңы доорбу?

Учурда президенттин рейтинги кандай экени белгисиз, сурамжылоо боло элек. Бул суроо боюнча Би-Би-Си Социалдык изилдөөлөр борборунун өкүлдөрү менен байланышканда, талапкерлердин тизмеси так болгондо гана сурамжылоо жүрөөрүн айтышты.

Шайлоого бир айдан аз убакыт калса дагы сурамжылоо качан болору белгисиз. 2018-жылы президентти шайлоочулардын 86% колдогон.

Үч жыл мурун Карабакта экинчи согуш башталганда жергиликтүү пацифисттер Алиевге согуш саясаттагы рейтингин көтөрүү үчүн керек деп эсептешкен.

2020-жылдагы согуштан кийин аны атүгүл оппоненттери, анын ичинде чет жерде жашап жаткандар ачык эле колдошкон. Жыйынтыгында чындап эле рейтинги бир топ көтөрүлгөнүн байкоого болот.

Мындай көрүнүш 2020-жылы да болгон. Бул президенттин алдында жаңы милдеттер турат дегенди билдиреби?

Британиянын “Чатхам Хаус” Королдук эл аралык мамилелер институтунун Азербайжан боюнча эксперти Лоуренс Броерс бул шайлоо чакырыктарга эмес, мүмкүнчүлүктөргө жооп деп эсептейт.

“2023-жылдын сентябрь айында Карабак армяндарынын массалык жер которуусу, армян-азербайжан жаңжалынынын токтошу жаңы доорду баштоого, ал тургай “төртүнчү республика” куруу идеясынын негизинде иш алып барууга ыңгайлуу учурду билдирет. Биз билген Алиев династиясын Азербайжан мамлекетинин чыныгы негиздөөчүлөрү катары көрсөткөн мифологиядагы жаңы бурулуш болуп калышы ыктымал,”- дейт Броерс.

Анын айтымында, азыркы глобалдык жана аймактык туруксуздук күчөп кете электе, Карабактан кийинки легитимдүүлүктү пайдаланып калуу максатында, бийлик мөөнөтүнөн эрте шайлоону өткөрүп жаткан болушу мүмкүн. Мындай аракеттиАзербайжан бийлиги мурда да жасаганы белгилүү: 2020-жылы парламенттик, 2018-жылы президенттик шайлоолор мөөнөтүнөн мурда өткөн.

“Бул шайлоолор консолидацияланган автократиядагы типтүү шайлоолорго окшош, жогорудагы көрүнүш азыркы элитанын легитимдүүлүгүн бекемдөө аракетин билдирет” дейт эксперт.

“Мындай көрүнүштүн нормалдашуусу (мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү) Азербайжандын саясий календарындагы негизги окуялар конституциянын жоболоруна эмес, режимдин ыңгайына жараша аныкталаарын ачык көрсөтүп турат". (АК)