Түркиядагыдай эле титирегенине карабастан эмне үчүн Жапонияда өлүм-житим, кыйроо аз болду?
Жонатан Амос, Би-Би-Синин илимий кабарчысы

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Жапонияда болгон 7,5 баллдык жер титирөө, жердин абдан каттуу термелгендигинен кабар берип турат.
Айрым жерлерде жер төрт метрден ашык көтөрүлүп, бир метрден ашык жаракалар пайда болгон. Бир өлүм да көптүк кылат. Учурда урандылардын астында калгандарды издөө иштери уланууда. Ошентсе да бул кыйраткыч апааттан аз сандагы адамдын өмүрү кыйылганы таң калыштуу. Каза болгондордун саны эң көп дегенде 100гө жетээри божомолдонуп жатат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Былтыркы жылы Түркияда 7,8 баллдык жер титирөө катталган. Түркия менен Жапониядагы эки зилзала жалпысынан күч кубаты жагынан бирдей болгону менен Түркия менен Сириядагы силкинүүдө каза болгондордун саны 50 миңден ашкан. 2010-жылы Гаитидеги 7 баллдык жер титирөөдө 100 миңден ашуун адам каза болгон.
Айырмачылыктары жөнөкөй: Даяр болуу. Япония төрт негизги тектоникалык плиталардын кесилишинде жайгашкан. Дүйнөдөгү эң сейсмикалык активдүү аймактардын бири; алты жана андан жогору баллдык жер титирөөлөрдүн болжол менен 20% бул өлкөдө катталат.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Сейсмометрлер орто эсеп менен беш мүнөт сайын силкинүүнү каттайт.
Ошондуктан Жапония өзүнүн инфраструктурасын жана калкын жер титирөөлөргө даярдоо үчүн көп каражат жумшаган. Имараттар эрежелерге ылайык курулуп-курулбаганы тыкыр текшерилип, жарандарга жер титирөөгө чейин, жер титирөө учурунда жана андан кийин эмне кылуу керектиги окутулуп, үйрөтүлөт.
Ошондой эле Жапония дүйнөдөгү эң өнүккөн алдын алуу эскертүү системаларына ээ.
Окумуштуулар жер титирөөнүн так убактысын жана күчүн алдын ала айта алышпайт, бирок силкинүү башталганда аппараттар, телевизор, радио жана уюлдук телефон тармактарына дароо билдирүү жөнөтүшөт.
Бул билдирүүлөр эпицентрден алыстагы айрым адамдарга катуу титирөөдөн 10-20 секунд алдын ала жетет. Бул көп убакыттай сезилбегени менен «жергиликтүү өрт өчүрүү станциясынын эшигин ачууга, жогорку ылдамдыктагы поездин тормозун басууга, адамдардын отурууга, бекинүүгө жана бир нерсени карманууга» жетиштүү убакыт.

Сүрөттүн булагы, GETTY IMAGES
Так өлчөөлөр кантип жүргүзүлөт?
Жапонияда жер титирөөлөр жашоонун бир бөлүгү болуп калгандыктан, алдыңкы технологиялардын жардамы менен жер титирөөнүн кесепеттерине байкоо жүргүзүлөт. Мына ошентип так өлчөөлөрдү жасай алышат. Өлкө боюнча стратегиялык жерлерде жайгашкан GPS станцияларынын тармагы бар.
Жер титирөө болгондо, илимпоздор ар бир силкинүүнүн канчалык кыймылдаганын так айта алышат. Жердин формасын жана ал дуушар болгон күчкө жараша жылышын көрсөтүп турат. Бул система дүйшөмбү күнкү силкинүүдө жердин батышты көздөй 130 см жылганын көрсөттүү.
Ошол эле учурда илимпоздор жер титирөөдөн мурда жана кийин тартылган спутник сүрөттөрүн да салыштыруушуда.
АЛОС-2 спутниги соңку өтүүсүндө зилзаланын натыйжасында жер кыртышынын жогорулашынан улам жер өз огунун ортосундагы аралыктын кыскаргандыгын билдирди. Жер эң көп Ното жарым аралынын батыш бөлүгүнө жылган. Океандын түбү жылып, 80 см бийиктигинде цунами толкундарын жараткан.

Сүрөттүн булагы, Esimde
1911-жылы 4-5-январь күндөрү Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл аймагында катуу жер титирөө болуп, күчү 8-10 баллга жеткендиги айтылат. Ал мезгилде көпчүлүк боз үйдө жашагандыгы үчүн дубал басып калыптыр деген жокко эсе болсо керек. Бирок ошондо дагы 500 дөй киши өлгөн. Жер титирөөдө Каракол, Токмок, Алматы, Тараз, Ташкент шаарлары да жабыркаган. Жалпы Түркстан боюнча 2 миңден ашуун киши каза тапкан экен. Бул кырсыка Осмон түрктөрү 100 миң сомдон ашуун жардам берген. Ал убактагы акчанын күчүн азыркы менен салыштырып болбойт.(DR)












