Жаракалар деген эмне, алар кайда жайгашкан жана алардын жер титирөөлөргө кандайча тиешеси бар?

Сүрөттүн булагы, Getty Images
- Author, Карла Рош
- Role, Би-Би-Си
Түркияда жер титирөөлөр, тилекке каршы, сейрек учурабай турган кубулуш. Бул зилзалалар өлкө геологиялык жаракалар орун алган чөлкөмдө жайгашкандыктан улам орун алып турат, деп көп угабыз. Би-Би-Си деги жаракалар деген эмне экени жана алардын жер титирөө менен кандайча байланышы бардыгы жаатында түшүндүрөт.
Оксфорд университетинин доценти, доктор Жессика Хоторн: "Тектоникалык табактар тырмактарыңыз өскөндөгү ылдамдык менен дээрлик бирдей ылдамдыкта кыймылдап турат", – деп түшүндүрдү. Ал айым жер титирөөнүн механикасын изилдейт.
Доктор Хоторн айым бул сөзү аркылуу биздин планетабыздагы 16 ири тектоникалык табакты эскерип айтып жатат.
"Жарака – бул эки тектоникалык табактын бири-бирине салыштырмалуу жылып турган жери", – деп түшүндүрөт сейсмолог айым.

Бул кыймыл дээрлик байкалбай тургандыгы менен (адатта ал жылына бир нече сантиметр гана жылат), тектоникалык табактардын күтүлбөгөн маалда ордунан жылышы же сыйгаланышы өзгөчө ири көлөмдөгү кубатты бөлүп чыгарып, таштуу текти ичинен жарып, натыйжада жер титирөөнү (зилзаланы) пайда кылышы мүмкүн.
Адатта жер титирөө Жер планетасынын үстүңкү кыртышына салыштырмалуу жакыныраак жайда орун алып турат, анткени планетанын ички чордонуна – өзөгүнө жакыныраак жайгашкан алда канча ысык тектер көлкүлдөп эриген абалда кармалышат эмеспи, деп түшүндүрөт доктор Хоторн айым.
"Жер титирөө үчүн сүрүлүүнүн айынан бузула турган жай керек. Демек, катуу тек тез сынышы үчүн кыйла мортураак болушу зарыл", – дейт илимпоз айым.
Жер титирөөлөр көбүнчө тектоникалык табактардын чегинде орун алып турат (бирок мында деле адаттан тыш окуялар кезигиши ыктымал). Негизги ири жер титирөөлөрдүн 80%дан ашыгы Тынч океандын чек белдеринде, Тынч океандын вулкандык от шакеги деп аталып жүрчү аймакта учурайт. Бул шакектей аймакта чет жактардан курчаган тектоникалык табактар Тынч океан тектоникалык табагын өздөрү менен ичкериге ныгырып турушат.

Жарака түрлөрү
Жер титирөөлөр улам жаңы жаракаларды жаратканына карабастан, ири жер титирөөлөрдүн көпчүлүгү Жердин үстүңкү кыртышы кыйла мурдараак эле бузулууга дуушарланып калган жайларда орун алат, дейт доктор Хоторн айым.
Тегиздиктеги жылып орун которуулар мурда пайда болгон жараканы бойлото жүрөт жана аларды үч негизги түргө: кадыресе (нормалдуу), тескери жана тегиздикте жылчу жарака деп бөлүүгө болот.

Тегиздикте жылчу жаракалар
Мындай жарака түрү эки тектоникалык табак бири-бирин жандай горизонталдуу багытта кыймылга келгенде пайда болот.
Тегиздикте жылчу жаракалар көбүнчө вертикалдуу багытта жылып, алардын тереңдиги 15–20 чакырымга чейин жетет.

Мындай жарака түрлөрүнүн бир өрнөгү – Түркиядагы Анатолия (Анадолу) жана Арап тектоникалык табактарынын ортосундагы чек араны бойлой 700 чакырымдай узактыкта созулуп жайгашкан Чыгыш Анатолия жаракасы.
2023-жылдын февралында Түркия менен Сирияда орун алган 7,5 жана 7,8 магнитудалык жер титирөө – дээрлик соңку бир кылымдагы эң кубаттуу кош жер титирөө. Бул зилзалалар тектоникалык табактар горизонталдуу тегиздикте кыймылга келип жаткан дал ушул чөлкөмдө орун алышты.
Жер титирөө жана андан кийинки чакан жер термелүүлөр салыштырмалуу тайыз тереңдикте орун алышты. Кыртыштын тайыздыгы менен байланыштуу дал ушул жагдай дагы өзгөчө алааматтуу кесепеттерге алып келген себептердин бири болуп калды.
Сан-Андреас жарака системасы
Башка бир мисал катары АКШнын Калифорния штатындагы Сан-Андреас жарака системасын алсак болот. Бул жарака түрмөгү – батыштагы Тынч океан тектоникалык табагы менен чыгыштагы Түндүк Америка табагынын ортосундагы кыймыл сызыгын бойлото жайгашкан ар кандай жаракалар жыйындысы болуп саналат.
Түндүк Америка континенинин калган бөлүгүнө салыштырмалуу алганда, Калифорниянын батыш бөлүгү камтылган табак түндүккө карай – Алясканы көздөй жылып бара жатат, дейт доктор Хоторн айым. Бул эки табак бири-бирин жандай горизонталдык нукта сыйгаланып жылып келишет, бул жагдай жер титирөөлөрдү пайда кылып турат.
Бул жарака системасы –узундугу 1200 чакырымдай, тереңдиги болсо 25 чакырымдан кем эмес, майдаланган жана бузулууга дуушарланган тоо тектеринин татаал аймагын түзөт.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматы боюнча, 1906-жылдын 18-апрелинде орун алган Калифорниядагы ири жер титирөө Сан-Андреас жаракасынын эң түндүк тарабындагы 477 чакырымдык тилкесин ичинен үзүп салган. Анын натыйжасында Сан-Франциско шаары талкаланган жана бул зилзала тарыхтагы эң чоң жер титирөөлөрдүн биринен болуп калган.
Кадыресе жаракалар
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Кадыресе (нормалдуу) жаракалар – бул тектоникалык табактар бири-биринен алыстап жылчу жана алардын бири вертикалдуу түрдө төмөн карай жылчу жаракалар.
Афар ойдуңу, Чыгыш Африканын жаракалуу өрөөнү
Эфиопиянын Афар чөлкөмүндө Жер кыртышынын өзүнчө турган үч бөлүгү учурайт. Аларды "Афар үчилтик жаракасы" деп аташат.
Сомали тектоникалык табагы Африка континентинин калган бөлүгүнөн алыстап жылып бара жатат. Анын натыйжасында жаракалуу өрөөн жана улам тик чөккөн жаракалар аймагы келип чыккан.
Ошол эле учурда Африка жана Сомали табактары да түндүккө жайгашкан Арап табагынан улам алыстап бөлүнүп, "Y" (игрек тамгасы) түрүндөгү жаракалар системасын түзүүсүн улантууда.
Тектоникалык табактардын бул кыймылы тоо тектеги чыңалууну жаратууда жана анын айынан жер кыртышынын жогорку бөлүгүндө майда жана чоң жаракалар келип чыгууда, вулкандар атылууда жана башка кыртыштык бузулуу түрлөрү орун алууда.
2005-жылы жаракалар сызыгын бойлой улам жаңы майда жаракалар тобу пайда боло баштады. Бул тектоникалык жүрүм жер титирөөлөр, күлдүн обого атылышы сыяктуу кубулуштар менен коштолду. Кыртыштын үстүңкү бетинин 60 чакырымдык тилкессинде туурасы сегиз метрге чейин жеткен терең жарака ачылып калды.
Орто Атлантика кырка тоосу

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Түндүк Америка менен Евразиянын тектоникалык табактары акырындап бири-биринен алыстап жатат. Бул өз ара алысташып бара жаткан тектоникалык табактардын чек арасындагы жарака сызыгы – Орто Атлантика кырка тоосу деген аталыш менен таанымал.
Бул кырка тоо Атлантика океанынын аймагында түндүктөн түштүккө карай миңдеген чакырымга чейинки узактыкта созулуп жатат.
Бул табактар канчалык бири-биринен узап жылган сайын, эриген көлкүлдөк зат (магма) Жердин кыртышынын астынан тынымсыз түрдө кыртыштын үстүн карай агып чыгып турат. Ал көлкүлдөк чек арада жаңы тоо тектерди пайда кылат. Бул тоо тектер кыртыштын астындагы ичкерки бөлүктөн жаңы магмалык материал менен тынымсыз толукталып, улам жаңы көлкүлдөккө орун бошотуп турушат.
Бул тектоникалык жүрүмдүн натыйжасында улам жаңы тоо кыркалары пайда болууда. Ал кырка тоолор негизинен суу астында кала берүүдө, бирок кээ бир чөлкөмдөрдө кырка тоолор Жердин кургак кыртышынын үстүнө чейин өсүп жетип, айрым аралдарды, атап айтканда, Исландия, Азор же Ассенсион аралдарын түзүүгө чейин жетишкен.
Жаңы тоо тектердин тынымсыз пайда болуп жатышы Жердин кыртыш бетинин өзгөрүүгө учурашына (деформациясына), жер титирөөлөргө жана жанар тоолордун олуттуу түрдө жигердене атылышына алып келип турат.
Тескери же жогору түртүүчү жаракалар
Тескери багыттагы же жогору түртүүчү жаракалар – бул тектоникалык табактар бири-бирин көздөй жылган маалдагы кубулуштун мөмөсү. Мунун натыйжасында табактардын бири экинчисин өйдөнү карай түртөт. Эң ири жаракалар көбүнчө ушундай табигый мүнөзгө ээ.
"Адатта, алар Жердин кыртыштык бетинин четин бурчтук шекилинде кесип салат, бул жагдай болсо кыртыш тегиндеги морт мүнөздөгү өзгөрүүлөр орун алчу алда канча кеңири аймакты жаратат", – дейт доктор Хоторн айым.
Чили жаракалуу арыгы
Чили жаракалуу арыгы – Атакама жаракалар системасы катары да белгилүү. Бул жарака Тынч океандын чыгышында, Перу менен Чилинин жээгинен 160 чакырымдай алыстыкта, Түштүк Америка тектоникалык табагы менен Наска тектоникалык табагынын ортосунда жайгашкан.
Наска тектоникалык табагынын мухиттеги сырткы кабыгы Түштүк Америка тектоникалык табагынын континенттик кабыгынын астын көздөй жылып, эбегейсиз зор деңгээлдеги сейсмикалык жигердүү аракетти пайда кылууда.
1960-жылы 22-майда Чилинин түштүгүндөгү Вальдивия шаарына жакын жерде кубаты 9,5 магнитудага жеткен өтө кубаттуу жер титирөө болду. Бул зилзала ал мурда тарыхта катталгандардын ичинен эң кубаттуу жер титирөө болуп калды.
Окумуштуулар бул жер титирөөдө бөлүнүп чыккан кубат Хиросима шаарына ташталган биринчи өзөктүк бомбанын кубатынан 20 миң эсе көп экендигин эсептеп чыгышкан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Арийне, сиз тектоникалык жарака сызыгынын жанында жашасаңыз да, бул жагдай дайыма эле тынчсызданууга себеп боло бербейт.
Доктор Хоторн айым бардык эле тектоникалык жаракалар жер титирөөгө себеп боло бербестигин өзгөчө белгилейт. "Көптөгөн жаракалар жайгашкан тилкелерде жер титирөөлөр дегеле болбойт, же, болсо да, алар анча чоң кесепетке ээ эмес, – дейт сейсмолог айым. – Тектоникалык табактар, мындайча айтканда, бири-биринин жанынан тынч гана сойлоп өткөндөй эле болуп калат". (TT)











