Түркиядагы зилзала: заманбап үйлөр эмнеге күбүлүп түштү?

- Author, Джейк Хортон жана Уильям Армстронг
- Role, BBC Reality Check и BBC Monitoring
Түркияда курулуш эрежелери сакталбагандыктан жер титирөөдө көп үйлөр кыйрагандыгы боюнча нааразылык күчөп жатат. Би-Би-Си кырсык учурунда кулап калган үйлөр тууралуу маалыматты текшерип көрдү.
Малатье шаарындагы үйлөрдүн бирин өткөн жылы куруп бүтүшкөн, социалдык тармакка таркаган кулактандырууда «имарат жер титирөөгө эсептелип, соңку коопсуздук нормаларына ылайык курулган" деп айтылган эле.
Жарыяда ошондой эле бардык колдонулган материалдар жана алардын сапаты «эң биринчи класста» деп макталган.
Азыр ал жарыя табылбайт, бирок бир нече адам аны скриншот кылып алууга үлгүрүп, видео менен кошо интернетке чыгарышты. Скриншоттогу текст компаниянын сайтындагы башка ошол сыяктуу жарыялардын стилине окшош.
Искендерун шаарында дагы бир көп квартиралуу үй катуу талкаланды.

Аны курган компания жарыялаган сүрөттөргө караганда курулуш 2019-жылы аяктаган. Би-Би-Си жер титирөөдө бузулган үйдүн сүрөтү компания жасаган жарнамалык сүрөт менен окшош экенин тактай алды.
Биз курулуш компаниясы менен байланыштык, бирок жооп ала албадык.
Би-Би-Си текшерген дагы бир башка сүрөттөгү үй Антакьеде 2019-жылы пайдаланууга берилген.

Сүрөттүн булагы, Twitter
Биз бул турак жай комплексинин 2019-жылы болгон ачылыш салтанатынын видеосун таптык, анда курулуш компаниясынын ээси: "Гуклу Бахче" - жайгашкан жери жана курулуштун сапаты жагынан башкалардан өзгөчө" деп айткан экен.
Эксперттердин пикиринде, Түркияда болгон жер титирөөнүн күчүнө карабай, эреже боюнча салынган үйлөр туруштук бериш керек эле.
"Бул жер титирөөдөгү силкинүүнүн максималдуу күчү катуу болду, бирок эреже менен салынган имараттар туруштук бериши керек эле",-дейт Лондондогу Университет колледжинин авариялык пландаштыруу жана башкаруу профессору Дэвид Александер.
"Көп жерлерде силкинүүнүн деңгээли максималдуудан төмөн болду, ошондуктан кыйрап калган миңдей имараттар баары сейсмикалык курулуш нормаларына жана эрежелерине туура келбейт деген жыйынтык чыгарабыз", -деп кошумчалады Александр.
Курулуш ченемдерин сактабагандык
Түркияда коопсуздуктун катаң стандарттарын 1999-жылы Измиттеги 17 миң адам курман болгон катуу жер титирөөдөн кийин киргизишкен. Андан кийинки болгон табигый кырсыктардан улам дагы катаалдаштырылган, акыркы жолу 2018-жылы бекиген.
Соңку эрежелерге ылайык, сейсмикалык коркунучтуу аймактарда болот арматуралар кошулган жогорку сапаттагы бетон колдонулушу керек эле. Колонналар менен балкалар жердин силкингенде эффективдүү жооп бергидей бөлүштүрүлүүгө тийиш.
Бирок бул эрежелер жакшы сакталган эмес.
"Бул жерде бир көйгөй, мурда курулган имараттарды модернизация кылуу сейрек, ал эми жаңы имараттарда курулуш нормалары жакшы сакталбай жатат",-дейт профессор Александр.
Мисалы, жер титирөө көп болгон башка өлкө Жапонияны алсак, аларда абдан катаң курулуш нормалары иштейт. Курулуштагы коопсуздук талаптары имараттын керектөөсүнө жана анын сейсмикалык коркунуч чоң райондорго канчалык жакын экендигине жараша болот.

Эмнеге талаптар жакшы сакталбайт?
Түркиянын өкмөтү курулуш амнистияларын байма-бай жүргүзүп турат. Бул иш жүзүндө коопсуздук нормаларынын сертификаты жок имараттардын курулушун жоопкерчиликтен куткарууга барабар.
Мындай амнистиялар 1960-жылдардан бери болуп келатат (соңку жолу 2018-жылы).
Өкмөттү сындагандар мындай амнистия катуу жер титирөө болгондо кырсыкка алып келет деп эскертип келишкен.
Түркиянын жер титирөөдөн жабыркаган аймактарында мындай амнистиялар 75 миң имараттын куруучуларына берилген дейт Түркиянын инженерлер жана архитекторлор палатасынын союзунун Стамбулдагы бөлүмүнүн башчысы Пелин Пынар Гиритлиоглу.
Кырсык болордон бир аз эле күн мурда Түрк ЖМКлары кабарлагандай, парламент курулуш компанияларына дагы көбүрөөк жеңилдик берүү жөнүндө жаңы мыйзам долбоорун караганы жаткан экен.
Ушул жылдын башында геолог Джелал Сенгор тектоникалык жараңка аралаган өлкөдө курулуш амнистияларын берүү кылмышка барабар деп билдирген.
2020-жылы Измир провинциясындагы жер титирөөдөн кийин Измирдеги 672 имаратка курулуш амнистиялары берилгенин Би-Би-Синин түрк кызматынын журналисттери изилдеп чыкты.
Ошол материалда журналисттер Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана урбанизация министринин Түркиядагы имараттардын тең жарымы - дээрлик 13 миллион- эрежелерди бузуу менен салынганын билдирген.
Биз Түркиянын айлана-чөйрөнү коргоо жана урбанизация министрлиги менен жер титирөөдөн кийин байланышып, мындай жооп алдык: "Биздин администрация тарабынан курулган бир да имарат кулаган жок. Жер-жерлерде кыйроолорду тездик менен текшерип жатабыз".
Ольга Смирнова, Алекс Мюррей,, Ричард Ирвин-Браун жана Дилай Ялчиндин катышуусу менен (КС).













