"Ооруну жашырсаң..." Уран калдыктарын ташыган автоунаа кырсыгы

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Си, Бишкек

"Росатом" ишканасынын унаасы кырсыктаган учур
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, "Росатом" ишканасынын унаасы кырсыктаган учур

Миң-Кушта “Росатомдун” автоунаасы кырсыкка кабылган окуянын жаңы жагдайлары ачыкталып, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматты жаап-жашыруу планы ойрон болду көрүнөт. Окуядан 10 күн өткөндөн кийин кырсыктын бардык жагдайлдарын иликтөө үчүн кечигип болсо да беш кишиден турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Айрым экологдор менен активисттер кесепети олуттуу делген окуяны жашырууга аракет кылган үчүн бийликти сындап жатышат.

1-июнь күнү Миң-Куш айылында көпүрөдөн кулап түшкөн “Росатом” ишканасынын жүк ташуучу унаасында уран калдыгы болгонун Экология министринин биринчи орун басары Медетбек Маметов 11-июнда, парламенттеги тиешелүү комитеттин жыйынында ырастады.

Башында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сайга кулаган “Ховодо" эч кандай жүк болбогонун баса белгилеп, "сууга эч нерсе төгүлгөн эмес" деген жүйөнү кайталап келди.

ӨКМ ошондой эле, кырсык болгон жердеги радиациянын көрсөткүчү нормада экенин билдирип, суу менен топурактан алынган үлгүлөр текшерүүгө жиберилгенин кошумчалаган. Жакшылап талдаган кишиге аталган мекеменин "суу менен топурактын үлгүсүн текшертебиз" дегенин өзү эле министрликтин "жүк ташуучу унаа боп-бош болчу" деген жообуна логикалык жактан каршы келбейби деген күмөндү жараткан.

Сүрөттөн кандайдыр бир белгисиз заттын сайга төгүлгөнүн көрүүгө болот

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Сүрөттөн кандайдыр бир белгисиз заттын сайга төгүлгөнүн көрүүгө болот

ӨКМ маалыматты эмнеге жашырган?

Азыр эми министрлик "унаада жүк болгон эмес" деп башында тараткан жалган маалыматына түшүндүрмө берүүдөн баш тартты. Мыйзамда жалган маалымат тараткандар ким болбосун жоопкерчиликке тартылары каралган. Мындан улам айрым актвистер министр Бообек Ажикеевдин да жоопкерчилиги каралышы керек деп жатышат.

"Мага унаа бош болчу деген маалымат берилген. Кандай айтылса ошондой маалымат таратам да. Азыр эч нерсе дей албайм. Суу менен топурактын үлгүлөрү алынган, жыйынтыгы чыккан соң дароо маалымат беребиз", – деди ӨКМдин басма сөз катчысы Нурзат Муратбекова.

Уулу заттарды ташуу үчүн унаанын жүк салган бөлүгү ушинтип жабылат

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Уулу заттарды ташуу үчүн унаанын жүк салган бөлүгү ушинтип жабылат

Ишенимдүү булактардын айтканы

Ишенимдүү булактардын Би-Би-Сиге берген маалыматына караганда, жүк ташуучу унаа Миң-Куштагы "Туюк-Суу" калдык сактоочу жайынан уран калдыктарын жүктөп, "Дальнее" калдык сактоочу жайына чыгып баратканда артка кетип, көпүрөдөн сайга кулап түшкөн.

Кырсыктын келип чыгышына унаанын ылдамдыкты жөндөй турган тетиги жылып кеткени себеп болгон делет. Кырсык болгон жерге ошол замат бардык тиешелүү органдардын аймактык жооптуу жетекчилери барган.

Сайга түшүп калган унаадагы топурак экскаватордун жардамы менен башка автоунаага жүктөлгөн. Кечинде Жумгал районунун акиминин орун басары баш болгон тиешелүү органдар Миң-Кушта чукул жыйын өткөрүшкөн. Бул маалыматтарды Би-Би-Сиге Миң-Куштан эки ишенимдүү булак ырастап, бирок аты-жөнүн ачыктабоону суранышты.

Комиссиянын иликтөөсү ачык жүрөбү?

Кырсыкка кабылган унаадагы уран калдыктарын башка автоунаага которуп жаткан учур

Сүрөттүн булагы, Kaktus.media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кырсыкка кабылган унаадагы уран калдыктарын башка автоунаага которуп жаткан учур
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Сайга кулаган унаадагы топуракты башка машинеге которуп жаткандагы видеону Kaktus.media порталы жарыялангандан кийин гана тиешелүү мекемелер башында карманган пикиринен кайтып, окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүүгө аргасыз болушту. Эми түзүлгөн комиссия канчалык кесипкөй иш алып барат, ачык-айкын болобу деген суроо кабыргасынан турат.

Комиссиянын курамына Экологиялык техникалык көзөмөл кызматы, Тоо-кен металлургия профсоюзу, Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ департаментинин адистери кирген. Комиссияга мүчө болгон беш адам эки жума ичинде кырсыктын себептери менен кесепеттерин изилдеп чыгат. Экология министрлиги комиссяга мүчө болгон адамдардын аты-жөнүн ачыктоодон баш тартты.

Эколог Калия Молдогазиева бул окуяны иликтөө үчүн бир беткей эле мамлекттик органдардан тартылбай сөзсүз түрдө көз карандысыз эксперттер да камтылышы керек эле дейт.

"Комиссия түзүлгөнү туура болду. Бирок ага жалаң гана мамлекеттик мекемелерден эмес, көз карандысыз эксперттер, керек болсо жергиликтүү тургундар да кириши керек болчу. Азыр эми иликтөө иштерине кандай адистер катышып жатканын да жашырып жатышат. Мындан улам кортунду чыгарганда баары ачык айкын жүрөбү деген маселе турат".

Адистер эмне дейт?

Ошентип парламентте уран менен торий казууга жол ачкан мыйзам карылып, буга айрым экологдор кабатырланып жаткан учурда Миң-Кушта болгон кырсык радиоактивдүү заттар, анын ичинде уран темасын ого бетер козгоду.

Айрым активисттер менен экологдор ӨКМ окуянын негизги жагдайларын жогортон берилген буйруктун негизинде жаап-жашырган деп божомолдошот. Анткени Кыргызстан суунун башында турган өлкө болгондуктан суу этегиндеги кошуналарын кабатырга салгысы келбесе керек деп түкшүмөлдөшөт.

"Калдык сактоочу жайларда ар кандай уулу элементтер, радиоактивдүү кошулмалар бар. Эгер алар сууга кошулганы билинсе кошуналарда кооптонуу жаралат дешсе керек. Бирок бул таптакыр туура эмес чечим болгон. Элди эч качан алдабаш керек. Мыдай олуттуу нерсени жашырып койсо жаратылышка, суудагы жандыктарга, өсүмдүктөргө же жашоочулардын ден соолугуна терс таасирин тийгизет", – деди жаратылышты коргоо боюнча активист, гидролог Гүлбара Оморова.

Гүлбара Оморова

Сүрөттүн булагы, social media

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Гүлбара Оморова

Борбор Азиядагы Америка университетинин экология жана климатология факультетинин ага окутуучусу Бактияр Асанов дагы ушундай эле пикирде. Ал дагы бийлик маалыматты жаап-жашыргандан көрө дароо иликтөө жүргүзүп, элге так маалымат берсе туура кадам болмок дейт:

"Сууга зыяндуу заттар төгүлүптүр дегенде төмөнкү айылдардын жашоочулары кооптонмок. Экинчиден, биздин суулар трансчегаралык болгондуктан коңшу өлкөлөр уулу калдыктарды бизге агыздыңар деп доомат кылышат. Ошондуктан мамлекет башында автоунаа бош болчу деп "жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын" дегендей кылды окшойт".

Бактияр Асанов

Сүрөттүн булагы, auca.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бактияр Асанов

Асанов азыр кеч болуп калгандыктан иликтөө иштеринин жыйынтыгы так чыгарынан күмөн санайт. Анткени андан бери суу далай жерге чейин акты. Миң-Куштун суусу Көкөмеренге, андан Нарын дарыясына куят. Суунун көлөмү көбөйгөн сайын сууга аралашкан зыяндуу заттардын таасири да, кубаты да төмөндөйт. Бирок так көрсөткүч бере алган бир ыкма бар дейт ал.

"Суудагы химиялык көрсөткүчтөрдү ченегенде баары норма болушу мүмкүн. Анткени агып кети да. Бирок сууда жашаган майда жандыктар так көрсөткүч боло алат. Эгер алар жок болуп же азая түшсө анда абал коопту экенин билдирет", – деди адис.

Мекемелер аралык комиссия иликтөө иштерин кандай жүргүзөөрү, анализдер кайсы лабораториядан жасалары боюнча так маалымат жок. Адистердин белгилешинче, биринчи суудан, экинчи сунун астына чөгүп калган топурактардан анализ алынат. Андан кийин унаадан төгүлгөн калдыктар канчалык зыяндуу экенин текшерүү керек.

Улуттук илимдер академиясынын Биялогия институтундагы биохимия жана радиоэкология лабораториясынын башчысы Бекмамат Жээнбаевдин айтымында, Кыргызстанда тоо кен тармагындагы уулу заттарга анализ жүргүзө турган лобараториялардын абалы ич жылытарлык эмес.

"Адегенде эмне төгүлгөнүн анализдеш керек. Унаага жүктөлгөн топурак калдык сактоочу жайдын кайсы катмарынан алынган. Калдыктардын кубаттуулугу кандай? Эгер уулу заттар кубаттуу болсо анда жаратылышка зыяны тиет. Бирок Туюк-Суудагы калдыктар мен билгенден өтө деле кубаттуу эмес. Бирок албетте көп төгүлсө суудагы жандыктарга зыяны тийбей койбойт. Азыр эми суу менен топурактан алынган үлгүлөргө анализ жасалып жатыптыр. Бизде анализ жүргүзө турган лобараториялар бар, бирок жакшы эмес. Ошондуктан Казакстанда анализ жасалат деп уктум. Бул туура чечим", – деди Бекмамат Жээнбаев.

Адистер белгилегендей, Жумгалда бир жерден экинчи жерге ташылып жаткан уран калдыгынын так курамы, күчү, таасири тууралуу так маалымат жалпыга белгилүү эмес. Ошондон улам сууга төгүлдү деген топурактын эч кандай коркунучу жок экенин же тескерисинче зыяны чоң экенин так кесе айтууга азыр эрте.

Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайлардын бири

Сүрөттүн булагы, gov.kg

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Миң-Куш айылындагы калдык сактоочу жайлардын бири

Кыргызстанда бүгүнкү күндө уран калдыгы көмүлгөн 92 калдык сактоочу жай бар. Анын 60ы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, 32си кен иштетүүчүлөрдүн балансында.

Булардын көпчүлүгү 60-жылдардага чейинки технология менен көмүлгөн. Техногендик, табигый жана тектоникалык өзгөрүүлөрдөн улам калдык сактоочу жайлардын абалы оорлоп кеткен.

Миң-Куш айылында "Талды-Булак", "Туюк-Суу", "Как" жана "Дальнее" деп аталган төрт калдык сактоочу жай бар. Айылдын жогору жагындагы “Туюк-Суу” калдык сактоочу жайын жер көчкү тооруп тургандыктан аны көчүрүү демилгеси 2013-жылдан бери эле көтөрүлүп келген. Эгер апаат болсо, уран калдыктары Нарын дарыясына кошулуп кетиши мүмкүн. Андай болсо, бул Орто-Азиядагы чоң экологиялык апаатка алып барышы мүмкүн.

Мындан улам "Туюк-Суудагы" уран калдыктарын “Дальнее” калдык сактоо жайына ташуу чечими кабыл алынып, рекультивациялоо иштери былтыр август айында башталган. Калдык сактоочу жайды зыянсыздандыруу Орусиянын "Росатом" компаниясына жүктөлгөн. Каражаттын көбүн да Орусия каржыламай болгон.

Советтер Союзу маалында уран казып алуудан жабыр тарткан аймактарды залалсыздандыруу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда атайын келишим түзүлгөн.