Египет археологиясы: Алтын жалбыракка бөлөнгөн мумия табылды

Каирдин түштүгүндөгү Саккара археологиялык казуу жайында жаңы табылган төрт көрүстөндүн бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Каирдин түштүгүндөгү Саккара археологиялык казуу жайында жаңы табылган төрт көрүстөндүн бири
    • Author, Катрин Армстронг
    • Role, Би-Би-Си

Археологдор 4300 жылдан бери ачыла элек табыттын ичинен алтын жалбыракка бөлөнгөн мумия табылганын шардана кылышты.

Бул мумия Гекасхеп аттуу кишинин сөөгү болуп чыкты. Бул киши сөөгү Египетте (Мысырда) табылган фараондук текке тиешеси болбогон эң байыркы жана өзгөчө толук сакталган кишилердин мумияларынын бири болуп саналат.

Бул мумия Каирден 25 чакырымдай түштүгүрөөктө жайгашкан Саккара кыштагына жакын жердеги байыркы көрүстөндөр жайында 15 метр тереңдиктеги атайын жер астындагы көрүстөндүк бөлмөдө табылды. Бул казуу жайында андан башка да үч көрүстөн табылган.

Бир көрүстөн “жашыруун сыр сакчысына” таандык болгон.

Байыркы көрүстөн жайдан (некрополдон) табылган мумиялардын эң чоңу Хнумжедеф аттуу кишиге таандык экени маалымдалды. Ал – диниятчы, текшерүүчү жана ак сөөк төбөлдөрдүн жетекчиси болгон экен.

Дагы бир мумия – Мери деген эркек кишиге таандык. Ал төбөл ак сарайдын улук аткаминери болгон. Ага атайын диний жөрөлгөлөрдү жүзөгө ашырууга уруксат берүүчү "жашыруун сыр сакчысы" наамы ыйгарылган экен.

Фетек аттуу сот бийлигинин өкүлү жана жазуучусу да жашап өткөн. Ага таандык делген мумия жакынкы башка бир көрүстөндөгү табыттан табылды. Анын көрүстөнүнөн Саккара аймагындагы эң ири делген айкелдердин жыйындысы табылды.

Бул көрүстөндөгү буюм-тайымдардын арасынан дагы бир нече баалуу артефакттар, анын ичинде карапа идиштер да табылган.

Жаңы ачылган көрүстөндөрдөн ар түрдүү айкелдер, карапа идиштер да табылган

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаңы ачылган көрүстөндөрдөн ар түрдүү айкелдер, карапа идиштер да табылган
Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Египеттин байыркы мурастар боюнча мурдагы министри, археолог Захи Хавас мырзанын айтымында, бардык жаңы ачылыштар биздин заманга чейинки XXV кылымдан – б.з.ч. XXII кылымга чейинки доор камтылган көөнө тарыхка таандык.

"Бул ачылыш – абдан маанилүү, анткени ал фараондорду алардын айланасында жашаган кишилер менен байланыштырып турат", – дейт казууга катышкан дагы бир археолог Али Абу Дешиш мырза.

Саккара аймагы 3000 жылдан ашуун мезгил бою ар кандай киши сөөктөрү көрүстөндөргө ырааттуу коюлуп келген өз доорунун куттуу жери болгон. Бул аймак азыркы тапта ЮНЕСКОнун дүйнөлүк маданий мурас жайларынын тизмесине киргизилген.

Бул аймакта бир кезде байыркы Египеттин борбор шаары Мемфис жайгашкан болчу.

Бул Саккара аймагында дүйнөдөгү эң эски чоң таш курулуш – Саккара тепкичтүү пирамидасы да жайгашкан. Бул эң эски пирамидалардын бири б.з.ч. 2650-жылы архитектор Имхотеп тарабынан фараон Жосердин сөөгүн коюу үчүн курулган.

Алиги жаңы табылган мумиялар дал ошол Жосердин пирамидасынан анчалык узак эмес жерде тереңдикте жайгашкан оозу бекитилип коюлган кооз жасалгаланган жертөлөдөн табылып отурат.

2023-жылдын 26-январындагы бул ири илимий ачылыштан бир күн эле мурда Египеттин түштүгүндөгү Луксор шаарынын жанында археолог адистер дагы бир олуттуу ачылышты жүзөгө ашырышкан.

Мында байыркы Рим доорунан калган, б.а. биздин замандын II – III кылымдарына таандык шаардын бүтүндөй конушунун урандылары табылды.

Бул шаар чалдыбарынан археологдор турак үйлөрдү, мунараларды жана өздөрү “темирчилик устаканасы” деп атаган өнөрканаларды, андагы римдик тыйындарды, ар кыл аспаптарды жана карапа идиштерди табууга жетишти.

Египет акыркы жылдары туризм тармагын андан ары жандандыруу аракеттеринин алкагында көптөгөн ири археологиялык ачылыштарды жүзөгө ашырды.

Мысыр өкмөтү бир катар создуктуруулардан кийин үстүбүздөгү жылы ачыла турган Залкар Египет музейинин ачылыш салтанатына кызуу беленденүүдө.

Бул ири ажайыпкана 2028-жылга чейин өзүнө жылына 30 миллиондой туристти тартат ко, деп бийликтер үмүттөнүшөт.

Арийне, бийликтин сынчылары Египеттин өкмөтүнүн туризмди көбүрөөк тартуу үчүн шымаланып аракеттенип жатканын белгилөө менен катар эле, бийликтер бул кымгуут аракет маалында узак мөөнөттүк жана машакаттуу илимий изилдөөлөрдүн көйгөйлөрүн чечүүгө караганда, медиа тармагында көрүнүп калуу аргаларына артыкчылык берип жатышат, деп айыптап чыгышты.

Кыргызстандагы мурдагы бийликтер Баткенден табылган жана Улуттук музейде сакталып келген байыркы өтө баалуу мумияны шалаакылыктын жана түркөйлүктүн айынан сабатсыз бакшыларга 2017-жылы күзүндө тарттырып ийген учур жаатында бул шилтемелерди караңыз. (ТТ)