Кыргыз жеринен табылган мумия тууралуу талаштар

Сүрөттүн булагы, c
Кыргызстандын Мамлекеттик тарых музейинде сакталган аялдын мумиясынын тегерегинде экстрасенстер менен илимпоздордун ортосунда кызуу талаш дүрт этти. Айрым экстрасенстер Баткен облусунун аймагынан табылган бул мумияны жерге бербесе, элди-жерди кырсык басат деп эскертишүүдө. Илимпоздор өз кезегинде экстрасенстердин айтканын четке кагып, биздин заманга чейинки биринчи, экинчи кылымга таандык мумияны антрпологдор изилдеп жатышканын жүйөө тартышууда.
Айрым экстрасенстердин тез арада тарых музейиндеги мумияны жерге бербесе, элди-жерди кырсык басат деп коомчулукка кайрылганы кызуу талаш-талкууну жаратууда. Айрымдары муну күлкү менен кабыл алышса, кээлери таң калып, окуянын өнүгүүсүнө кулак түрүп турушат.
1955-жылы Баткендин Кара-Булак айылында Юрий Баруздин атуу археологдун жетекчилиги астында табылган кыздын мумиясы мамлекеттик тарых музейине өткөрүлүп берилген.

Публицист Мелис Арып-Бектин айтымында, мумиядагы сөөк Аменхотеп аттуу фараондун жубайы Анфисанын, башкача айтканда Баткен канышасынын мумиясы. Кыргызстанда болуп жаткан ар кандай жамандыктар ушул мумиянын жерге берилбей жатканынан болуп жатат дейт Мелис Арыпбек:
"Кыргызстанды эмне деген коркунучтар тооруп тураганын илимпоздор түшүнбөй жатышат. Бул мумия июль айынын башына чейин жерге беришиңер керек деп бизге мөөнөт берген, бирок биз аны жасаган жокпуз. Ар кандай вирустар бизди агрессивдүү кылып, педофилдер, гомосексуалдары чыгып жатат. Биз бул мумияны жерге бермейинче өлкөбүздө ар кандай жаратылыш жана башка кырсыктар көбөйө берет. Баткен, Ош облустарынын чек ара аймактарында ай сайын эле чырдын чыкканы да ошондон".
Экстрасенстер фараондун жубайы деп айтып жаткан мумия тарыхчылардын айтымында, биздин заманга чейинки биринчи же экинчи кылымга таандык. Ал көптөгөн жылдар бою сөөгү чирибей, арча табытта мумия бойдон сакталып турат.
Антрополог окумуштуулар өз кезегинде бул мумияны илимпоз-изилдөөчүлөр жана туристтер үчүн абдан баалуу экспонат деп жатышат.
"Буга чейин илимпоздор эки жолу чогулуп, мумияны жерге көмбөйбүз деген жыйынтыкка келишкен. Илимдер академиясынын окумуштуулары аны иликтегени жатат. Мумиянын кийиминин, шакегинин фрагменттери бар. Бул аркылуу мумия жөнүндө жаңы маалыматтар табылышы мүмкүн", - дейт Мамлекеттик тарых музейинин директорунун орун басары Касым Оморов.
Тарыхчылардын айтымында, байыркы элдерге тиешелүү бул мумиянын ушул кунгө чейин сакталып келгенинин өзү чоң ийгилик. Буга чейин ага олуттуу иликтөө жүргүзүлгөнү белгилүү эмес. Эми илимдин соңку жетишкендиктери менен мумиянын тарыхын изилдөө, ага баа берүү сыяктуу көптөгөн маанилүү иштер алдыда деп айтылып жатат.









