"Абактарда крим чөйрөдөн баш тарттым дегендер бар". Абак жетекчилиги менен маек

Сталбек Абдижалил, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясын кайтарып турган сакчы-жоокер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясын кайтарып турган сакчы-жоокер

Кыргызстандын абактарында кылмыш дүйнөсүнүн "мыйзамдары" бекем орноп, анын айынан жаза өтөп чыккандардын көбүнүн жүрүм-туруму оңолмок турсун тескери кетип, “каралардын" идеологиясына сугарылып чыгып жатат деген кооптонуу айтылып келет.

Түзөтүү мекемеси делген түрмөлөр жүрүм-турумду түзөй алабы, абакта ажал тапкандар, киши колдуу болгондор, баңгизаттын жана криминалдын таасири сыяктуу маселелер маал-маалы менен талкууланып келе жатат. Абактан ажал тапкан Арастанбек Абдылдаевдин өлүмү, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин турмөлөрдү дагы иретке келтирүү тууралуу айтканы андай талкууларды кайрадан жандантты.

Би-Би-Си Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков менен жогорудагы маселелерди талкуулады.

Кемел Садыков: Түзөтүү мекемелеринин негизги милдети соттолгон адамдарды кайра тарбиялап, оң жолго түшүрүү. Биз буга өзгөчө көңүл бурабыз. Жакында эле соттолгондор менен иштеген социалдык кызматкерлердин санын үч-төрт эсеге көбөйттүк. Соттолгондорду кайра тарбиялоонун негизги жолу – аларды эмгекке тартуу, билим алууга жана социалдык байланыштарын калыбына келтирүүгө шарт түзүү.

Кыргызстандын абактарында жумуш менен камсыз болгон соттолгондор 25 пайыздан ашпайт. Бул өтө эле аз. Мунун себептери бар. Советтер Союзу урагандан кийин абактардагы өндүрүш токтоп, завод-фабрикалар эскилиги жетип, бузулууга дуушар болгон. Абактардагы кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясына сугарылган адамдардын туура эмес таасири соттологондорду кайра тарбиялоого тоскоолдук жаратып келди. Азыр биз бул багытта тиешелүү жумуштарды жүргүзүп жатабыз. Соттолгондорду эмгекке тартуу менен аларды кайра тарбиялоо – Жаза аткаруу кызматынын артыкчылыктуу багыты.

Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жаза аткаруу кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кемел Садыков

Би-Би-Си: Кылмыш дүйнөсүндөгүлөр кайра тарбиялоо иштерине кандай тоскоолук жаратышат?

Кемел Садыков: Кылмыштуу топтордун таасири башка соттолгондордун эмгекке болгон мамилесин өзгөртөт. Башкача айтканда алардын таасиринин аркасында эмгектен баш тарткан учурлар болгон. Бирок азыр абактарда кылмыш дүйнөсүнүн таасири мурдагыдай эмес. Көпчүлүгү эмгек кылууга даяр.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Би-Би-Си: Абактан чыккандардын кайсы бир бөлүгү кайталап, керек болсо атайын кылмыш кылат деген кептер айтылып жүрөт. Бул боюнча мониторинг, эсептөөлөр барбы?

Кемел Садыков: Азыр бизде катуу тартиптеги мекемелер бар. Анда эки же андан көп жолу абакка кесилген адамдар жаза өтөшөт. Ошолордун санына караганда кайталап кылмыш жасагандар 1,5 миңге жакын деп айтсак болот. Бирок абактан чыккандан кийин канча адам оңолуу жолуна түшкөнү, канчасы кайра кылмышка барганы боюнча так сандарды айтууга эрте. Азыр биз бул багытта мониторинг жүргүзүү үчүн алдыбызга чоң максаттарды койдук.

Би-Би-Си: Абактагы адам өлүмүнө байланышкан соңку окуя (Арстанбек Абдылдаев) боюнча тактоо, иликтөө кайсы баскычына жетип калды?

Кемел Садыков: Жаза аткаруу мекемеси тарабынан жүргүзүлгөн кызматтык иликтөө ишин аяктап, укуктук баа берүү үчүн кортундусу прокуратурага жөнөтүлгөн. Аскер прокуратурасы тарабынан да кылмыш-иши козголгон, азыр тергөө жүрүп жатат. Тергөөнүн купуялуулугу үчүн толук маалымат бере албайбыз.

Би-Би-Си: Дал ушул окуядан кийин жаза аткаруу мекемесине сындар көп айтылды. Сиздер жарыялаган видеодо Арстанбек Абдылдаев ээн-эркин басып жүргөнүн, окуя кыска убакытта эле болбогонун көрүүгө болот. Ошол убакта тиешелүү кызматкерлер эмнени карап отурган деген сынды сиз да уксаңыз керек?

Кемел Садыков: №31 мекеме оорукана болгондуктан анда башкача тартип бар. Дарыланып жаткан соттолгондор менен айыпталуучулар ээн-эркин жүрө алат. Бөлмөлөр камера тибинде эмес палата сыяктуу. Дааратканалар башка бөлмөлөрдө жайгашкандыктан эшиктер жабылбайт. Бул окуя таң эрте болуп жаткандыктан ал киши өз өмүрүнө кол салаары эч кимдин оюна келген эмес. Дарылануу үчүн келерде ага алгачкы диагноз коюлган, аны тастыктоо үчүн дарыгерлердин так диагнозу керек эле. Ошол маалда жаңы жылдык эс алуу күндөрү болчу, эс алуу бүткөндө ал башка ооруканага которулмак. Бирок ага жетишпей калдык. Ошон үчүн мен кызматкерлердин аракетинде кылмыштын белгилери бар дегенден алысмын. Тергөөнүн жыйынтыгында баарына укуктук баа берилет.

Би-Би-Си: Ээн-эркин жүргөн адам заматта эркиндиги чектелген жерге түшүп калганда моралдык, психологиялык кыйынчылыкка кабыларын адистер айтышат. Бул аныктамадан алып караганда, оорукана болсо деле айыпталуучуну эркин коюнун өзү канчалык туура?

Кемел Садыков: Коомчулукта ушундай суроолор көп айтылууда, аны түшүнсө болот, бирок ал кишиге тастыкталбаган алгачкы диагноз коюлуп жатат. Эгер психикалык жактан жабыркагандыгы боюнча тастыкталган акыркы диагноз коюлганда кармоонун өзгөчө тартиби колдонулмак.

Би-Би-Си: Абак жайлардын ичиндеги тартипти адатта криминалдык топтор кармап, алардын мыйзамдан тыш жорук-жосундарын жаза аткаруу кызматкерлери тескей албайт деген сындар айтылат. Дагы эле ушундайбы?

Түнтүү учурунда абактан табылган бычак жана учтуу буюмдар

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Түнтүү учурунда абактан табылган бычак жана учтуу буюмдар

Кемел Садыков: Азыр өлкөбүздө күч органдары тарабынан уюшкан кылмыштуулук менен катуу күрөш жүрүп жатат. Ооба, кылмыштуу топтордун түшүнүктөрү абак жайларына да орноп калган. Аны жашырганга болбойт. Кылмыш дүйнөсүнүн идеологиясы ошол жерден (абактардан – ред.) жайылтылган. Бирок азыр жүрүп жаткан уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүнүн өзгөчөлүгү – кылмыштуу топтордун лидерлери же өкүлдөрү менен эле күрөшүү эмес, алардын идеологиясы менен да күрөш жүрүп жатат. Азыр биз кылмыш дүйнөсүнүн абактардагы “воровской” деген түшүнүгүн түп тамыры менен жок кылуу боюнча активдүү иштеп жатабыз. Таптакыр жок кылдык деп айтууга эрте, анткени алардын түшүнүктөрү көп жылдан бери орноп калгандыктан дароо эле жок кылып жиберүү кыйын. Бирок күрөшсө болот, жумуш башталды, жакшы жыйынтыктар бар.

Би-Би-Си: Жакында эле УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев эми абактар тартипке салынарын айткан. Ошондо ишти эмнеден баштайсыздар?

Кемел Садыков: Адегенде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Мындан ары кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүн абктарда жайылтууга болбой тургандыгын айтып, мыйзам менен жашаш керектигин эскертебиз. Терс багыттагы (уюшкан кылмыштуу топко тиешеси барлар - ред) сотолгондордун арасында кылмыш дүйнөсүнүн түшүнүктөрүнөн баш тартып, мыйзам менен жашайым деген адамдар бар. Абактарды тартипке келтирүүдө башка да ыкмаларды колдонобуз. Бирок алар купуя болгон үчүн айта албаймын.

Би-Би-Си: Кыргызстанда камакака алынган саясатчылардын айрымдары абактарда, өзгөчө №1 тергөө абагында ар кандай кыйноолорго туш болгонун айтып келишет. Бул канчалык негиздүү?

Кемел Садыков: №1 тергөө абагы кылмыш дүйнөсүнүн борбору дегенден алысмын. Чындыгында сиз айткан адамдар тарабынан сын-пикрлер айтылып келет. Мен жоопкерчиликтүү түрдө айтып кетким келет, биз үчүн абака түшкөн адамдары баары бирдей. Алар саясий же социалдык абалына, мурда ээлеген кызматына карап бөлүнбөйт. Биз баарына бирдей мамиле кылабыз. Бирок шарты брюнча көйгөлөр бар. Айрым камералардын эскилиги жеткен. Бул Жаза аткаруу мекемесинин күнөөсү эмес, анткени көп абак жайлары өткөн кылымда курулган.

Кыргызстандагы тергөө абактарынын бири

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кыргызстандагы тергөө абактарынын бири

Би-Би-Си: Камакка алынган айрым саясатчылар жаза аткаруу мекемеси тарабынан эмес, кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү тарабынан кыйноого кабылганын айтышат.

Кемел Садыков: Мен дагы бир жолу сизди ишендирип кетет элем. Бүгүнкү күндө жаза аткаруу мекемелеринде кыйноолор жок. Талапка жооп бербеген кармоо шарттары боюнча көйгөй бар. №1 тергөө абагын шаардын сыртына көчүрүү боюнча жумуштар жүрүп жатат. Мамлекет таарбынан 26 млн 300 миң сом берилген. Быйыл долбоорлоо боюнча жумуштар жүрөт. Буюрса дагы акча бөлүнсө коопсуздук жана кармоо шарты заман талабына жооп берген тергөө абагын курабыз.

Би-Би-Си: Абактар баңгизат айлана турган чөйрө катары да сыпатталат. Ал тургай андай фактыларды өзүңүздөр да жарыялаган учурлар бар. Ушунун өзү эмнеден кабар берет?

Кемел Садыков: Өткөн жылы жаза аткаруу кызматкерлери тарабынан 26 кг ар кандай түрдөгү баңгизаттар кармалды. Баңгизаттарды алып-сатуу бул аябай пайдалуу бизнес. Бул иш менен алек болгондор абактарда отурган адамдарды чоң рынок катары көрүшөт.

Би-Си-Си: Бул деген абактарда баңгизат колдонгон адамдардын саны көп дегенди билдиреби?

Кемел Садыков: Соттолгон адамдардын арасында баңгизат колдонгондор да бар. Аларды баңгликтен арылтуу боюнча да ар кандай программалар иштейт. Азыр биздин талдоо көрсөткөдөй, учурда абактарга баңгизаттарды киргизүү фактылары азайды.

Би-Си-Си: Соттолгондорду эмгекке тартуу менен аларды тарбиялап чыгабыз, союз учурундагы ишканалар дээрлик токтогон деп калдыңыз. Абактарга жаңы ишканаларды куруп жатасыздарбы?

Кемел Садыков: Мисал катары айтсак. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жаңы түзөтүү мекемеси курулууда. Ошол жерге кыш завод салынууда. Беловодский айылындагы №16 абакта жаңы кыш заводун курууга даярданып жатабыз. Молдованокадагы №1 абакта чакан кыш заводубуз бар. Нан бышыруучу ишканабыз бар, андан бардык абактар нан менен камсыздалат. Кийим тигүүчү цехтерибиз бар, аларды дагы кеңейтебиз. Башка мекемелерге тикенек зымдарды, металдарды иштеткен, мебелдерди чыгарга турган цехтерди куруу иштери жүрүп жатат.

Абактарды тинтүү учурунда табылган телефондор

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Абактарды тинтүү учурунда табылган телефондор

Би-Би-Си: Абактагылар телефондорду ээн-эркин колдонорун угуп жүрөбүз. Түзөтүү мекемелери тосулган, сыртынан аскерлер катуу кайтарышат. Абактарга тыюу салынган буюмдар кандай жолдор менен кирип кетет?

Кемел Садыков: Телефондордун жабык жайларга кирип кетүсү чоң көйгөй. Биз бул менен дайыма күрөшүп келебиз, көптөгөн телефондорду тартып алабыз. Негизинен телефондор дубалдардан ыргытуу аркылуу кирет. Андан кийин коррупциялашкан кызматкерлер тарабынан кирип кеткен учурлар бар. Телефон киргизип бергендер үчүн административдик жоопкерчилик гана каралган, айып пул эле салынат. Эгер кылмыш жоопкерчилиги каралса балким азаймак.

Би-Би-Си: Өспүрүмдөр колониясы жана аялдар камалган түрмөлөр тууралуу кеп кылсак.

Кемел Садыков: №2 түзөтүү мекемесинде 230дай аял киши жазасын өтөйт. Бул жайда тигүү цехи жана нан бышыруучу ишкана бар. Аялдарды жумушка тартуу үчүн дагы кошумча ишканаларды ачалы деп турабыз. Эмгек кылуу бул соттолгондордун милдети.

Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар колониясында Нооруз майрамы белгиленүүдө. 2023-жыл

Сүрөттүн булагы, Official

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Чүйдүн Степное айылындагы №2 аялдар колониясында Нооруз майрамы белгиленүүдө. 2023-жыл

Балдар колониясында 11 бала жаза өтөп, тарбияланат. Анда балдар эмгек кылбайт, негизинен билим алышат. Окууну аяктагандан кийин аларга аттестат берилет. Балдар колониясындагы өспүрүмдөрдү окутуу албетте оңой эмес, бирок биздин мугалимдерибиз тажырыйбалуу. Аларга таазим айтабыз.

Би-Би-Си: Амнистия иши коррупциялашкан деген сын көп айтылып жүрөт. Мекеменин жообу кандай?

Кемел Садыков: Балким коррупциялык тобокелдиктер бардыр. Бирок аны ишке ашыруу кыйын. Биринчиден мунапыс берүү жөнүдө мыйзамды Жогорку Кеңеш кабыл алат. “Мунапыс берүү негиздери жана аны колдонуу тартиби жөнүндө” мыйзамда кайсы беренелерге мунапыс берилери, кайсыларга берилбей тургандыгы так көрсөтүлгөн. Мыйзам кабыл алынгандан кийин ага президент кол коет. Андан кийин сот карайт. Соттун чечими чыккандан кийин гана амнистия колдонулат.