Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборун жабуу сунушталууда

Сүрөттүн булагы, Кыйноолорго каршы коалиция
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборду оптимизациялоого укук коргоочулар каршы. Алар жабык жана социалдык жайларга күнү-түнү кирип текшере алган жалгыз институттун жабылышы адам укуктарында олуттуу артка кетүү болот дешет. Өкмөт аны менен Акыйкатчы институтунун милдети окшош экенин айтып, бириктирүүнү ЖКга сунуштаган.
Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору Акыйткачы институтуна кошулушу мүмкүн. Мындай сунушту Каржы министрлиги Жогорку Кеңешке билдирген. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы коалициядан кабарлашты.
Коалициянын аткаруучу директору, Индира Саутованын айтымында, Борбордун ачылганы эл аралык аренада Кыргызстан үчүн адам укуктарын коргоо багытындагы чоң жетишкендик болчу.
БУУнун келишимдерине кол койгон мамлекетте анын талаптарына жараша мындай борбордон кеминде бирөө болуш керек.
"Он беш мамлекеттин ичинен Кыргызстан биринчилерден болуп Кыйноого каршы превенцияга ылайык ушул борборду ачкан. Анда республика боюнча болгону 26 киши иштейт. Азыр эмне үчүн ушундай чакан ишкананы өкмөт жабууга баратканы бизге түшүнүксүз. Эмне үчүн Акыйкатчы институтуна бириктиргиси келет? Экөө тең адам укугун коргойт, бирок экөөнүн милдети эки башка. Кыйноого каршы өзүнчө мекеме болушу зарыл", - деди Би-Би-Сиге Саутова.

Сүрөттүн булагы, Official
Укук коргоочулар өкмөт башчыга Кыйноолорду алдын алуу борборун өзүнчө калтырууну өтүнгөн кат жолдошту. "Бир дүйнө Кыргызстан" уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова өкмөт борборду жабык жайлардагы шартты жакшыртуу үчүн жардамчы катары колдонуш керектигин белгилеп жатат.
"Садыр Жапаров мырза өзү да түрмөлөрдө көп киши тергөөнүн, соттун, милициянын коррупциялашканынан улам адилетсиз отурганын айтты. Октябрдан бери толук реформа боло элек. Азыр өткөөл, жооптуу мезгил. Ошондуктан бул борборду жаппаш керек. Абалды болушунча туура түшүндүргөнгө биз дагы аракет кылып жатабыз. Аталган борборду тескерисинче эл аралык деңгээлге чыгарып иштетиш керек. Эгемендүү Кыргызстанда бул борбор менен Акыйткатчы институту өтө маанилүү жетишкендик. Бирок албетте Акыйкатчы институту кийин саясатташып кетти", - деди Исмаилова.
Укук коргоочу Саутованын айтмында, акыркы жылдары кыйноо боюнча расмий арыздардын саны азайган. Ага аталган борбор бир пайыз болсо да салым кошту деп ойлойт.
"Жабык жайлардан сырткары балдар үйлөрү, карылар үйлөрү сыяктуу социалдык жайлар бар, - деди Саутова. - Ал жерлерде да катаал мамиле катталат. Эгерде бул улуттук борбор жабылса эмнени жоготобуз? Биз көз карандысыздыкты жоготобуз. Бул орган аталган жайлардагы абалды каалаган учурда кирип териштиргенге мыйзамдуу укугу бар. Эгер ал жабылса, биринчиден, ушул укук, көз карандысыз орган жоголот. Экинчиден, экөөнү кошуу менен каражат үнөмдөлбөйт. Анткени Акыйкатчы институтундагы кызматкерлердин айлыгы жогору. Ал жерге барып кайра көп акча алып жатпайбы".
Укук коргоочулар аталган борбордун иштешине мамлекеттик органдар башынан эле кызыктар эмес экенин белгилешти.

Сүрөттүн булагы, Official
Аталган борборго мамлекеттен жылына 12 млн сом бөлүнөт. Адистер бир кыйноо фактысы алдын алынбаса мамлекетке 4 млн сом чыгым алып келет деп эсептешкен.
Демилгенин ээси саналган Каржы министрлиги ага кеткен каржыны үнөмдөө максаты тууралуу билдирген жок. Болгону Акыйткачы институту менен Борбордун милдети айкалышаарын айтты.
"Мамлекеттик аткаруу органдарынын ишин оптималдаштыруу жана КР өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө Жогорку Кеңештин 2021-жыл 3-февралдагы токтомун ишке ашыруу максатында Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбор менен Акыйкатчы институтун бириктирүүнү биз сунуш кылганбыз. Азыркы учурда функционалдык анализ жасалып жатат. Экөөндө кайталанган милдеттер болсо, биригиши мүмкүн. Кайталанбаса, бирикпей да калышы мүмкүн. Азырынча биригет же бирикпейт деп айта албайбыз ", - деди Би-Би-Сиге Каржы министрлигинин өкүлү Фатима Раатбек кызы.
Борбор 2012-жылдан бери Жогорку Кеңешке төрт отчет берип, канааттандырылган. Борбордун директору Бакыт Рысбеков кыйноо канчага азайганы сан менен өлчөнбөгөнүн, бирок башка көрсөткүчтөр бар экенин айтууда.

"Мисалы, мурда жабык жайларда "пресс хата" деген түшүнүк бар болчу. Ал камерага тил албай жаткан же документке кол койбой жаткан жаранды киргизет. Кызматкер соттолуучумун деп же адинмистрация менен тил табышкан кишилер уруп, согуп кылмышты мойнуна алдырчу. Бүгүнкү күнү ал көрүнүш жок. Социалдык жайларды карасак, жөнөкөй эле, тамагы жакшырып калды, шейшеп, жаздыктары тазарып калды. Ушул көрсөткүч да. Абал өзгөрүп жатат, албетте бул бир гана биздин борбордун эмгеги эмес. Ал жалпы коомдун, мамлекеттин жетишкендиги, бирок биздин салымыбыз да зор", - деди Рысбеков Би-Би-Сиге.
Акыйкатчы институту адам укуктары мекемелери боюнча "Париж принциптеринин" баарына жооп бербейт, башкача айтканда, Б статусуна ээ. Бул - мекеме толук көз карандысыз дегенди түшүндүрбөйт. Ал эми Улуттук борбор андай сындан өтө элек.
"Көз карандсыздыгы боюнча борбордун механизми жакшы экенин эл аралык эксперттер айткан. Эгер ал жабылса жабык жайларга такай кирүү токтойт, баалуу тажрыйба жок болот, ушуга чейин мамлекет жылына бөлүп келген 12 млн сом жана донорлордун салган акчасы текке кеткен болот", - деди юрист Алмаз Эсенгелдиев.
Акыйкатчы институту азырынча комментарий берүүдөн карманып жатат. Ушу тапта өкмөттө толугу менен өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Керек болсо ири министрликтир бири-бирине кошулду. Укук коргоочулар Кыйноолордун алдын алуу борборун оптимизациялоо идеясы ага чейин эле көтөрүлүп келатканын кошумчалашты.












