“Бизди таштап кетишти”. Британияга иштеген оогандар талибдерден жашынууда

Йогита Лимайе, Би-Би-Си Кабул

Нурия
Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибдер бийликке келгенге чейин англис тили мугалими болуп иштеген Нурия жашынууга аргасыз

Талибдер Ооганстандагы бийликти басып алганына бир жыл өтсө да, Батыш уюмдар менен кызматташкан он миңдеген адамдар дагы эле өлкөдөн чыга албай жатышат. Көбү өмүрүнөн кооптонуп, качып жүрүүгө аргасыз.

Ошондой эле, британ аскерлерине жардам берген жүздөгөн оогандыктар кыйын абалда калышты. Көпчүлүгү британ өкмөтү аларды “таштап кеткендей” сезишет. Ал эми Улуу Британиянын бийлиги оогандарды көчүрүү боюнча арыздарды колдон келишинче тез карап жатканын айтууда.

“Талибан” Ооганстандын мурдагы өкмөтүнө жана анын союздаштарына иштегендердин баарына мунапыс жарыялаган. Бирок БУУ мурда өкмөт же чет элдик уюмдарда иштеген адамдардын өлтүрүлүшү боюнча кеминде 160 учурду каттаган. Иш жүзүндө алардын саны мындан да көп болушу мүмкүн.

Маалымкат: "Талибан" Кыргыз Республикасынын аймагында террористтик жана экстремисттик уюм катары таанылган жана ишмердүүлүгүнө тыюу салынган диний бирикмелердин тизмесине кирет.

“Мени аңдып жатышат”

Аммар көрксүз ак желим баштыкта ал үчүн эң баалуу болгон бир топ кагаздарды сактайт.

Анын үйүнө түз барсак өтө эле көп көңүл бурулмак. Ошондуктан, биз менен жолугуу үчүн коопсуз жерди тандады - ал мотоцикл менен келе жатканда талибдердин өткөрмө бекетинен аны тинтип, документтерин таап алышы мүмкүн деп чочулаган.

Документтердин арасында - анын Британ кеңеши менен мугалим катары эки жылдык эмгек келишими жана Улуу Британия менен байланышынын башка далилдери бар. Аммар бул аны жана үй-бүлөсүн коопсуз жерге көчүрүүгө жардамы тийет деп үмүттөнөт. Британ өкмөтүндөгү иши анын өмүрүнө кооптонуу сезимин жаратат.

"Биз Ооганстанда Улуу Британиянын маданиятын жана баалуулуктарын үйрөтүп келдик. Англис тилинен тышкары биз теңдик, көп түрдүүлүк жана инклюзивдүүлүк жөнүндө да үйрөткөнбүз. Бирок талибдердин ишеничинде бул исламдан тышкары, демек мыйзамсыз. Ошол себептен алар бизди кылмышкер деп, жазалоо керек деп ойлошот. Ошондуктан биз өзүбүздү коркунучта сезебиз”, - дейт ал.

Талибдер Аммарды буга чейин да кармашкан, ошондуктан ал мурдагы жумушу анын үй-бүлөсүнө да коркунуч жаратты деп кооптонот.

"Алар мени чет элдик өкмөттө иштегенимди аныктоо үчүн полиция бөлүмүнө алып барышты. Бактыга жараша, алар менин үйүмдөн да, телефонумдан да эч кандай далил таба алышкан жок, - дейт Аммар. Бирок алар муну менен токтобосо керек. Алар мени аңдып жатышат”.

Аммар менен бирге Британ кеңешиндеги кызматтарда жүздөн ашуун адам иштешкен, алардын көбү аялдар. Алар дагы эле Ооганстанда калууда.

“Абактагы жашоодон да жаман”

Нурия дагы англис тилин окутуу программасына катышкан.

"Бул биз үчүн оңой болгон жок. Экстремисттик ойлору бар кээ бир кишилер “силер үйрөткөн нерселер бизге туура келбейт” деп көп айтышчу. Кайсы жерде болсок да, бизди британ өкмөтүнүн өкүлдөрү катары кабыл алышкан. Айрымдар бизди англиялык тыңчылар деп эсептешкен", - дейт ал. 

Мындан улам, анын айтымында, үй-бүлөсү талибдер көзөмөлдөгөн Ооганстанда кооптуу абалда калууда.

Кабулдун көчөлөрүн кайтарган талибдер

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Кабулдун көчөлөрүн кайтарган талибдер

“Талибан” мурдагы режим жана анын союздаштары үчүн иштегендердин баарына мунапыс жарыялаган. Бирок буга карабастан светтик бийлик менен кызматташкандар жазага тартылып жатканы тууралуу маалыматтар улам пайда болот.

Нурия былтыр августта талибдер бийликти басып алгандан бери жашырынып жүргөн.

"Бул абдан оор, абактагы жашоодон да жаман. Эркин жүрө албайбыз. Сыртка чыкканда сырткы келбетибизди өзгөртүүгө аракет кылабыз. Психологиялык жактан бул абдан оор. Кээде акыр заман келгендей сезилет", - дейт ал.

Нурия Британ кеңешин дискриминацияга айыптайт: "Алар кеңседе иштеген кызматкерлерди көчүрүп, бирок бизди таштап кетишти. Ал тургай "Оогандарды көчүрүүгө көмөк көрсөтүү саясаты" (ARAP) тууралуу бизге айтылган эмес".

Нурия жана башка мугалимдер Улуу Британиянын “Ооган жарандарын көчүрүү программасы” (ACRS) деп аталган башка схема менен чыгып кетүүгө арыз беришкен, бирок азырынча алардын колунда арыз катталган номерлери гана бар.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

Британ кеңешинин билдирүүсүнө ылайык, көчүрүү схемасы биринчи жолу ишке киргенде, Улуу Британиянын өкмөтү штаттагы, анын ичинде кеңседе иштеген кызматкерлердин гана арыздарын карап, бирок мугалимдердин жана башка убактылуу жумушчулардын арыздарын караган жок.

Ошондой эле кеңеш бул маселенин үстүндө Улуу Британиянын өкмөтү менен бирге иштеп жатканын белгиледи.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги Британ кеңеши менен иштешкен оогандар ACRS схемасы менен көчүрүүгө укуктуу экенин, мекеме арыздарды мүмкүн болушунча тезирээк кароого аракет кылып жатканын, бирок буга канча убакытка керектелерин айта албастыгын билдирди.

"Менин оюмча, алар подрядчылардын бири каза болгондо гана ыкчам чара көрө алышат. Ошондо алар биз коркунучта экенибизди түшүнөт, “эми бир нерсе кылалы” [дейт]. Эртеби-кечпи ушундай болот деп ойлойм", - деп эсептейт Аммар.

Мугалимдердин айрымдары “Талибан” тарабынан куугунтукталган жана “Хорасан Ислам мамлекети” (Ислам мамлекети тобунун аймактык бөлүмү - эки уюм тең Кыргызстанда террористтик деп табылган) тарабынан бир нече жолу чабуулга кабылган хазарлардын диний-этникалык азчылыгына таандык. Акыркы 10 күндүн ичинде Кабулдун хазарлар жашаган аймактарда үч жолу жардыруу болду.

Бирок Улуу Британиянын өкмөтү менен башка кызматтарда көмөктөшкөндөр үчүн эркиндикке жана коопсуздукка карай жол ого бетер бүдөмүк.

Жаффер улук кеңешчи кызматында британ өкмөтүнүн Ооганстанды өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшүп келген.

Ал британ компанияларында түздөн-түз иштеген - алардын айрымдары британ өкмөтү тарабынан негизделген, башкалары келишимдин негизинде кызматташкан. Ал ошондой эле кызматтарда АКШнын өкмөтүндө, анын ичинде америкалык аскерий базаларда да иштеген.

Жаффер 2021-жылга чейин эле талибдер тарабынан коркутууларга кабылган. Анда радикалдар ооган жарандык коомунун көрүнүктүү мүчөлөрүнө кол сала баштаган.

Ал бизге каттардын бирин көрсөттү: анда Жаффер чет элдик өкмөттөр үчүн тыңчылык кылууга айыпталып, аны “ислам динине чыккынчылык кылганы үчүн” өлүм менен коркутушкан.

Өткөн жылдын августунан бери ал сегиз жолу көчүүгө аргасыз болгон.

Ошондой эле, анын үй-бүлөсүнүн үйүнө “Талибандын” Ички иштер министрлигинен үч жолу чакыруу кагаз келген. Талибдер “тергөө иш-чараларын өткөрүү үчүн” Жафферди полиция бөлүмүнө чакырат.

"Стресстен жана шоктон улам ооруканага түштүм. Уктай албайм. Дарыгер күчтүү дарыларды жазып берген, бирок алар анча деле жардам бербейт. Менин жубайым да депрессиядан жабыркайт. Балдарымды мектепке киргизбейм, аларды таанып калышат деп корком", - дейт ал.

Жафферге АКШга атайын иммиграциялык виза (SIV) берилбей калган, анткени ага рекоммендациялык кат берүүчү жетекчиси коронавирустан каза болгон.

Талибдер Ооганстанды күтүүсүздөн тез басып алгандан кийин башаламан эвакуация башталып, Жафферди британ өкүлү аэропортко чакырган. Ал кичинекей балдары жана жубайы менен бирге аэропорттун жанындагы автобуста алты саат отурду.

"Уулум өзүн жаман сезе баштады, бирок автобустун терезелерин ача да алган жокпуз, анткени сырттагы адамдар кирүүгө аракет кылышты. Талибдер асманга ок чыгарышты. Уулум муну көрүп, аябай коркуп кетти", - дейт Жаффер.

Кабул аэропорту

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Бир жыл мурда он миңдеген оогандыктар талибдерден качуу үмүтү менен Кабул аэропортуна чуркап келишкен

Ал күнү террорист-жанкечтилер аэропортко кол салышып, 180ден ашуун адамдын өмүрүн алып кетишкен. Британияга эвакуациялоо процесси аяктап, Жаффер үй-бүлөсү менен Ооганстандан чыга албай калды.

Ошондон бери ал өзүнүн ARAP арызына жооп катары Улуу Британиянын өкмөтүнөн өзүнүн иш номерин гана алды.

"Мен алар менен иштешкенмин, жардам бергем. Коркутууларга туш болдум, азыр ушундай абалдамын. Дүйнөдө мен коопсуз жана татыктуу жашай турган жер жок, - деди ал титиреп үнү менен. - Балдарымды кандай келечек күтөт? Кызым билим ала албайт. Мен андан көп үмүттөнгөм. Кичинекей уулдарым экстремист болуп калабы? Аларды эмнеге бул дүйнөгө алып келдим деп өзүмө суроо берем. Эгер алар жашай турган дүйнө ушул болсо, балким, аларды төрөбөш керек эле”.

Биз британ өкмөтү менен иштешкен кеминде үч адам менен сүйлөштүк, анын ичинде британ аскерлери менен фронтко барган аскердик котормочу. Алардын баары өз өмүрүн тобокелге салган кишилер тарабынан чыккынчылыкка кабылганын айтышты.

Британ аскери ооган балдар менен

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Ооганстанда британ аскерлери менен дээрлик үч миң котормочу иштешкен

2021-жылдын августунда Улуу Британия 15 миң кишини эвакуациялаган. Бир жылдын ичинде дагы беш миң адам көчүрүлдү.

Бирок миңдеген башка адамдар өз кезегин күтүп, туңгуюкка кептелишип, күн сайын коркуу менен жашашат жана күн сайын үмүт менен электрондук почталарын текшерет.

“Мурда мен Британиянын өкмөтүндө иштегениме сыймыктанчумун, - дейт Нурия. - Бирок азыр өкүнөм. Алар үчүн эч качан иштебесем дейм, анткени алар биздин өмүрүбүздү, эмгегибизди баалабай, бизди таштап, ырайымсыздык кылышты”. (ЕВ)

Каармандардын аты-жөнү өзгөртүлдү

Кабулдагы Иможен Андерсон жана Санжай Гангулинин катышуусу менен

Маалыматтардан артта калбаш үчүн биздин соцтармактардагы баракчаларыбызга жазылыңыз: