“Биз баарыбыз карайлап калдык”. Афганистан талибдер келгенден бир жылдан кийин

Афганистан

Бир жыл мурда Афганистандан жыйырма жыл басып отурган батыш аскерлери чыгып кетти. Талибан кайрадан бийликке келип, бардык провинциялар менен шаарларды өзүнүн көзөмөлүнө алды. Батыш аскери менен кошо он миңдеген афгандыктар талибдерден жакшылык күтпөй сыртка кетти. Афганистанда калган элдин жашоосунда бир жылда эмне өзгөрдү?

Бир жыл мурда сыртка кетүүгө шашылган адамдар жык-жыйма болуп, кымгуут түшкөн Кабулдун аба майданында азыр кыймыл аз, киши аз. Учуп келгендерди кара бурка кийинген, паспортко мөөр баскан аялдар тосуп алууда.

Жарнамалык такталарда адамдардын сүрөтү сыртынан сырдалып коюлган, ал эми «Талибандын» (Кыргызстанда, Росссияда жана башка көп өлкөлөрдө террордук уюм деп таанылган) ак желектери шамалга желбирейт. 

1996-жылдан 2001-жылга чейин биринчи жолу бийликте турганда талибдер катаң мыйзамдарды киргизген эле: уурулардын колу-бутун кыя чаап жазалашчу, кыздарга мектепке барганга, аялдарга ишке чыкканга тыюу салынган эле. Жинсы кийип көчөдө жүрүүгө болбойт эле.

Талибан бул жолу дагы бийликке келери менен «исламдын баалуулуктарын» сактай турганын убада кылды, бирок кээ бир маселелерде жумшак жана ийкемдүү болорун билдирген. Алар сөзүнө турдубу?

Ачарчылык жана кыйраган экономика

Афганистан

Сүрөттүн булагы, AFP

Афганистан үчүн эң чоң көйгөй - бул ачарчылык. Талибдер келгенге чейин мамлекеттик чыгымдардын 75% чет элдик гранттар менен гуманитардык жардам эле. Бир жыл мурда бул программалардын көбү жабылды, ал эми Афганистандын Борбордук банкынын АКШдагы жайгашкан резервдери тоңдурулган бойдон турат. Афган экономикасы менен банк системасы дээрлик кыйроого учурады. 

"Талибан" акча каражаттарын кайтарып берүүнү талап кылууда, ал эми Вашингтон талибдер Борбордук банктын жетекчи кызматынан кетсин деген шартын коюуда. 

Ошентип эки тарап сүйлөшүүгө аракет кылып жатканда, Афганистанда жумушсуздук күчөп, эң керектүү товарларга баалар асмандады. БУУнун эсебинде болжол менен 25 миллион афгандыктар, бул элдин теңинен көбү, өлбө жаным өлбө деп күн көрүп калды.

Жарыяны өткөрүп, макаланы окууну улантыңыз
Би-Би-Синин WhatsApp каналы

Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз

Катталыңыз

Жарыянын аягы

 "Менин апам ооруп жатат, аны операция кылыш керек, бирок биздин дарыгерге барганга да, дары-дармек алганга да акчабыз жок, - дейт Амина. – Эгер таблетка алсак, анда бүт үй-бүлө ачка калабыз. Айлабыз куруду». 

Жетиштүү тамак жебегендиктен ай сайын он миңдеген балдар ооруканага түшүүдө. Ал эми алыскы райондо балдар каралбай, ачкалыктан көз жумууда. Кээ бир афган үй-бүлөлөрү өздөрү аман калыш үчүн балдарын сатууга мажбур болууда.

 Июнда Афганистандын түштүк-чыгышында катуу жер титирөө болуп, кеминде 1150 адам жер жазданды. Куткаруу иштери жакшы болгон жок, анткени ага акча жетпеди.

 "Талибдерге башка өлкөлөрдүн ишеними барбы-жокпу, ага карабай эл аралык экономикалык чектөөлөр афган элине абдан оор кесепет алып келди»,-деди Human Rights Watch өкүлү Джон Сифтон.

 "Биз баарыбыз карайлап калдык, - дейт Амена Арезо, Газни провинциясындагы дарыгер. – Элибиздин эртеңи жок".

 Афган экономикасы болжол менен 30-40% кыскарды. Эмгек рыногу да ыкчам кыскарууда.

 "Быйыл кургакчылык болуп буудайдын түшүмү да начар", - дейт буудайды колу менен оруп сатып, күнүгө эки доллар таап жаткан 18 жаштагы Нур Мохаммад. – Мен башка иш таппадым. Электротехниканы окуп жаттым эле, эми үй-бүлөмдү багыш үчүн окууну таштадым".

Согуш жана коопсуздук

Талибан жоокерлери Өзбекстан менен чек араны кайтарууда

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Талибан жоокерлери Өзбекстан менен чек араны кайтарууда

Батыш аскери бүт чыгып кетип, талибдер Афганистандын бардык аймактарына көзөмөлгө алгандан кийин өлкөдө согуштук аракеттер дээрлик токтоду.

"Жалпысынан Афганистанда зордук-зомбулук деңгээли акыркы жылы абдан азайды. Мунун себеби биринчиден, талибдер мурда АКШ менен НАТОнун колдоосунда турган афган өкмөтүнө каршы жан кечтилердин чабуулун жасап, ар кандай жардырууларды жасап согушуп келгени менен байланыштуу. Мунун баары эл ичинде курмандыктарга алып келип жаткан. Экинчи жагынан, өкмөттүк күчтөр «Талибан» кыймылына каршы күрөшүп, анын ичинде абадан сокку уруп жатты. Мындан да эл жабыркап жаткан. Эми бул касташуу токтоду»,-дейт Би-Би-Синин Афган кызматынын радиопрограммалар редактору, профессор Давуд Азами.

Афганистандын түштүгү менен чыгышында жашаган айыл калкы негизинен талибдердин бийликке келишин колдоп чыкты, анткени эл согуштан тажады, алар үчүн тынчтык керек эле. Анын үстүнө бул провинцияларда басымдуу түрдө пуштундар жашайт, аларга Талибандын консервативдүү саясаты жакын.

Бирок дагы эле кан төгүлүп, адам өлгөн учурлар да болууда. БУУнун эсебинде 2021-жылдын август айынан 2022-жылдын июнь айына чейин 700дөн ашык карапайым афгандык набыт болду, 1400 чамалуу адам жаракат алды.

 Бул өлүм-житимдин тең жарымы «Ислам мамлекети» террордук уюмунун афган канатынын аракеттери менен байланыштуу. Экстремисттердин кол салуулары көбүнчө шииттер же башка азчылыктар жашаган аймактарда болуп жатат.

«ИМ» согушкерлери Афганистанда азыр абдан активдүү. Бирок алар Талибанга караганда аз жана алсыз", - дейт Азами.

 Согуш очоктору Афганистандын түндүгүндө утур-утур боло калууда, бул жакта мурдагы бийлик менен байланыштагы чакан куралдуу топтор талибдер менен кармашып турган убак. Бирок кырчылдашуулар мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир топ эле азайды.

"Бирок Афганистанда зордук-зомбулук башка формада болуп жатканын айтуу керек. Мисалы, бүт өлкөдө «Талибанды» сындап сөз айткандарды кармап, кыйноого алышууда»- дейт Би-Би-Синин Афганистандагы кабарчысы Секундер Кермани.

Өткөн жылдын август айынан бери кеминде 160 адамдын, мурдагы афган өкмөтүнө иштеген кызматкерлерди эч кандай сот жок эле жазаланып өлтүрүлгөнү жөнүндө маалыматтар бар.

БУУнун адистеринин баамына караганда, Афганистандагы кырдаал барган сайын түшүнүксүз болуп баратат. Талибдер бийликке келген алгачкы айларда тыйылып калган көчө кылмыштары азыр кайрадан күчөп баштады. Мунун бир себеби жакырчылык менен ачарчылык болуп жатканы белгилүү.

Аялдардын укуктары

Афганистан аялдар

Сүрөттүн булагы, AAMIR QURESHI / AFP

Өткөн жылы талибдер аялдардын укуктарын «афгандардын каада-салты жана ислам баалуулуктарына» ылайык урматтай турганын убада кылышкан. Бирок натыйжада өлкөдө аялдарга катаң тыюулар салынды жана алардын саны барган сайын көбөйүүдө.

Жалаң эркектерден турган Талибан өкмөтү түзүлдү, Аялдардын иштери боюнча министрлик жоюлду, анын ордуна шарияттын талаптарын таңуулап талап кылган башка министрлик түзүлдү.

Азыр аялдарга коомдук жайларга же шаар сыртына эркектердин коштоосу жок чыгууга болбойт. Май айынан тарта аялдар көчөдө хиджап кийип, бетин жаап жүрүшү керек болуп калды. Буга баш ийбеген кыз-келиндердин атасы же жакын эркек туугандары түрмөгө салынат.

"Мен дарыгер болууга окуп жаткам, өткөн жылы аякташым керек эле. Бирок талибдер келип мени зордоп күйөөгө беришти. Эми күйөөм мага үйдөн чыгууга тыюу салды. Жашоом аңтарылды да калды. Боюмда бар, күйөөм мени көп бала төрөсүн деп жатат. Качайын дейм, аргам жок. Акыркы убакта өлүп алгым келип жүрөт. Ушу кантип жашоо болсун»,-деп ыйлады 24 жаштагы Айша.

Жазында Кабулда кыздарга орто мектептерди ачууну талап кылган акциялар болду.

Сүрөттүн булагы, AFP

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, Жазында Кабулда кыздарга орто мектептерди ачууну талап кылган акциялар болду.

Бир жыл мурда талибдер кыздарга мектептен окууга уруксат берилет деп билдиришкен, бирок аны аткарышкан жок. Азыркы убакта кенже кыздарга гана башталгыч мектепке барууга мүмкүнчүлүк беришти (үч-төрт жыл окушат). Ошол эле убакта мектеп программасы өзгөрдү, азыр негизинен исламды окуганга көп саат бөлүндү.

БУУнун эсебинде Афганистанда 1,1 миллиондон ашык кыздар мектепке барбай калды. Талибан аял мугалимдер жетишпей турганын, кыздарды өзүнчө бөлүп окутканга имарат карап жатышканын айтууда. Бирок бул жүйөлөргө көбү ишенбейт.

Расмий түрдө аялдарга башталгыч мектепте иштегенге уруксат бар, бирок алардын көбүнө экономикадагы кыйынчылыктан улам эмгек акы төлөнбөй калды.

Өткөн жылы ноябрда талибдер актрисалар катышкан телефильмдерди көрсөтүүгө тыюу салып, телеканалдардагы аял алып баруучуларга «ислам хиджабын» кийип чыгууга буйрук берди.

"Талибдердин саясаты көп аялдар менен кыздардын үйдө камалып отурушуна алып келди, мамлекет эң баалуу ресурсунан – аялдардын таланты менен тажрыйбасынан айрылды»,-дейт Human Rights Watch уюмунун өкүлү Хезер Барр. "Афганистанда кыз-келиндер үчүн кризис курчуп баратат, анын аягы көрүнбөйт".

Апийим

Апийим

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Сүрөттүн түшүндүрмөсү, 2021-жылы апийим өстүргөн аянттар кайрадан көбөйдү

 Жыйыма жыл мурда талибдер бийликте экенде алар апийим өстүрүү менен күрөшүүгө аракет кылган. Бул саясат бүгүн да уланууда, апрелде талибдер апийим айдоого тыюу салышты.

Анын канчалык аткарылып жатканын айтуу кыйын. Бирок Гильменд провинциясындагы апийим өстүргөн кээ бир райондордон келген кабарларга караганда, талибдер чынында эле фермерлердин апийим талааларын буздуртуп жаткандай.

АКШнын июль айындагы расмий отчетунда талибдер фермерлер менен баңгисоодагерлеринин колдоосунан ажырап калышы мүмкүн деп айтылган, бирок алар артка чегинбейт окшойт.

Анткен менен Афганистандагы наркоэкономика боюнча эксперт доктор Дэвид Мэнсфильд тыюу салынганга чейин эле апийимдин түшүмү жыйналып алынганын айтууда.

Ошону менен катар кристалл метамфетамин сыяктуу башка баңгизаттарды өндүрүү токтогон жок. (КС)