Талибан бийлигине бир жыл: басмырланган афган аялдарынын арыз-арманы

Burqa-clad women travel in a vehicle along a street in Kandahar on 18 December

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Афганистанда Талибан бийликке келген бир жыл ичинде афган аялдарын алар жыйырма жылдын ичинде жетишкен дээрлик бардык эркиндиктер менен укуктардан ажыратты.

Өткөн жылы 15-августта Кабул басып алынгандан кийин көптөгөн аялдар жаңы бийликтин саясатынан аябай кооптонушту эле, айткандай эле алардын жашоосу көп жагынан артка кетти.

Бир топ жарлыктар жана расмий көрсөтмөлөр менен катуу чектөөлөр кирди, алардын аткарылышы ар кай жерде ар кандай болуп жатат. Биз аялдардын укуктары менен эркиндиктери одоно бузулган оркойгон фактыларды жыйнадык.

An Afghan female presenter with news network 1TV, Lima Spesaly prepares to cover her face with a veil before a life broadcast.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

21-май 2022 - Теле алып баруучу аялдарга жүзүн жабууга буйрук

Талибдер бийликке келгенден тогуз айдан кийин теле алып баруучу аялдарга эфирге бетин жаап чыгууга буйрук берилди. "Толо" каналынын алып баруучусу Ялда Али ушул окуядан кийинки күнү социалдык сайтка видео чыгарып, алардын эркек кесиптештери дагы аялдарга тилектештик билдирип, беткап кийип эфирге чыгып жатышканын билдирген.

"Алар бизге ар кандай кысым көрсөтүп, телекөрсөтүүдөн чыкпашыбызды каалап жатат",-деди Би-Би-Сиге Кабулда иштеген бир журналист атын жашырып.

"Мен жабык оозум менен жаңылыктарды кантип окумак элем? Мен эми эмне кылышты билбейм - мен иштебесем, үй-бүлөм ачка калбайбы".

TOLOnews каналынын алып баруучусу Фарида Сиал Би-Би-Сиге: «Биз мусулманбыз, туура, хиджаб кийип жүрөбүз, чачы-башыбызды жаап жүрөбүз, бирок алып баруучуга бетин жаап алып эки-үч саат сүйлөш кыйын»,-деди.

Women wearing a burqa receive free bread distributed as part of the Save Afghans From Hunger campaign in Kabul (January 18, 2022.)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

7-Май 2022 - коомдук жайларда милдеттүү түрдө бетти жаап жүрүү

Талибдердин жаңы жарлыгына ылайык, афган аялдарын ондогон жылдардан бери биринчи жолу бетин жаап, хиджап кийүүгө милдеттендиришти. Баш ийбеген аялдар үч күнгө түрмөгө салынат. Жарлыкта ошондой эле аялдар үйүнөн катуу зарылчылык болгондо гана чыксын, эгер бул талап аткарылбаса, эркек туугандары жооп берет деп айтылат.

"Көчөдө адамдар мага басып келип, бетиңди жап деп талап кылып жатканда жүрөгүм ооруду",-дейт Би-Би-Сиге чакан бизнес кылган Сорайя.

Анын айтымында, талибдер Кабулдагы аялдардын дүкөнүнө чейин кирип, эмне сатылып жатканын, сатыктагы кийимдердин узуну талапка туура келеби-жокпу деп текшеришкен.

Университетте окуган Ферешта анын курсташтары коркуп буйрукка баш ийишкенин айтты: «Алар чадраны толук кийип чыгарын айтышты, анткени аталары катуу эскертишкен экен".

Razia Dalili driving a mini-bus for the 'Pink Shuttle' service which helped women get safely around Kabul back in 2019. (Oct 31 2019)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

3-май 2022 - Аял айдоочуларга тыюу салынды

Гераттагы талибдер аялдарга машина айдаганды үйрөтүүгө жана айдоочулук күбөлүк берүүгө каршы болууда. Шаардык жол кыймылын башкарган институттун башчысына бул жөнүндө оозеки эскертүү берилген.

Талибандын жетекчилиги муну моюнга албай жатат, бирок көптөгөн чектөөлөр жергиликтүү деңгээлде өткөн жылы эле башталган.

Afghan women and girls take part in a protest in front of the Ministry of Education in Kabul on March 26, 2022, demanding that high schools be reopened for girls.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

23-март 2022 - Орто мектепке кыздар барбай калды

Билим берүү министрлиги жаңы окуу жылы башталар алдында кыздарга орто мектепке барууга тыюу салды. Талибандын борбордук жетекчилиги министрликтин мурда таркаткан билдирүүсүн жокко чыгарып, "кыздар мектепке кайтыш келиш үчүн "исламга туура келген окуу планы" керек деп билдирди.

Бул чечим Кабулда катуу каршылык жаратты, аны чет өлкөдө дагы аябай айыпташууда.

"Мен университетке тапшырып, дарыгер болоюн деп кыялдандым эле",-дейт Тахир провинциясындагы 11-класста окуган 17 жаштагы окуучу Махваш. Би-Би-Сиге берген маегинде орто мектептин окуучусу Рохила күн сайы жаңылыктарды карап, өзүнүн районундагы мектеп качан ачылат деп күтүп жүргөнүн айтты. Бир нече айдан бери анын эркек бир туугандары мектепке барып жатат, ал болсо үйдө калууда.

Students from the faculties of Engineering and Computer Science attend their graduation ceremony at the Benawa University in Kandahar on March 17, 2022.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

3-февраль 2022- университетте кыздар, эркектер бөлөк окуп калды

Бир катар мамлекеттик университеттер кыздар менен эркек балдарды бөлөк окута турган болуп ачылды, ал эми окуу программасын исламдын эрежелерине ылайык иштелип чыкты. Гератта эркек балдар менен кыздарга окууга ар башка убакта келсин деген буйрук болду. Кыздар хиджап кийип жүрүүгө милдеттендирилди.

"Талибдер биз окуган корпусту кайтарып турганда мен аябай кооптондум, бирок алар бизге тийишкен жок",-деди Рана окууга кайтып келген биринчи күнү.

Университеттерде студенттер кээ бир жерде залдын ичинде бөлүнүп алып окушууда.

"Көп нерселер мурункудай эле көрүндү. Кыздар менен эркектер бир аудиторияда, бирок эркек балдар алдыга отурушат, биз арттабыз",-дейт Рана.

Жаңы тартипти жаман көргөндөр окууга барбай калууда. Мазари-Шарифтеги медициналык факультеттин студенти университетте окуганга көңүлү жок болуп калганын айтты.

Afghan woman earing a burqua.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

Январь 2022 - Талибан хиджаб өнөктүгүн баштады

Пропаганда министрлиги бүтүндөй Кабул боюнча кара чадраны кийип, бетти жаап жүрүүгө чакырган плакаттарды чаптай баштады. Бул өнөктүк дари, пушту жана араб тилдеринде, анын мааниси: "Шарият боюнча мусулман аял хиджаб кийиши керек".

Плакаттарда сунушталган хиджабдын эки сүрөтү бар, кара вуал жана беткап, көгүш вуал жана беткап.

Burqa-clad women travel in a vehicle along a street in Kandahar on 18 December

Сүрөттүн булагы, Getty Images

26-декабрь 2021 - Аялдар алыс сапарга жалгыз чыга албай калды

Талибандын кезектеги директивасы үйдөн алыска чыккан аялдарды эркектер коштоп жүрүшү жөнүндө болду. Министрлик 72 км алыс аралыкка жолго чыккан аялдарды үйдөгү эркектердин бирөө коштоп жүрүшү керек деп билдирди, ал эми таксисттерге бети-башын жаппаган аялдарды тейлебегиле деген көрсөтмө берилди.

"Мага жаман эле болду,-дейт Кабулдан акушерка Фатима. «Мен жалгыз көчөгө чыга албай калдым. Эгер балам ооруп турса, күйөөм алыста болсо эмне кылышым керек? Талибан биздин бактыбызга каргаша болду… Мен баарынан ажырадым, бактыман, эркимен да ажырадым».

An Afghan woman adjusts the headscarf of a presenter before recording at the Zan TV (Women's TV) station in Kabul (May 24, 2017)

Сүрөттүн булагы, Getty Images

17-сентябрь 2021 - аял журналисттерге Кабулда иштегенге болбой калды

Журналисттердин эл аралык федерациясы аял журналисттерге иштегенге тыюу салынганын жана талибдер келгенден кийин 153 массалык маалымат каражаты, анын ичинде радио жана телеканалдар, вебсайттар жабылганын кабарлады.

TOLOnews каналынын мурдагы кызматкери, Афганистандагы эң белгилүү кабарчылардын бири Аниса Шахид өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон көп журналисттин бири.2021-жылы ал "жылдын журналистти" жана Free Speech Hub тандоосу менен "Сөз эркиндигинин жүзү" деп аталып, Би-Би-Синин "Жүз аял" тизмесине кирген эле. «Кандай гана өзгөрүүлөр болбосун, Афганистанды тынчтык заманда көрөм деп үмүт кылам. Мекениме кайтып, үйүмө келип, өзүмдүн ишимли улантам деп тилек кылам», — дейт ал.

Women protest against working restrictions imposed by the Taliban

Сүрөттүн булагы, Getty Images

19-сентябрь 2021 - өкмөттөгү аял кызматкерлер үйдө отуруп калды

Талибандын өкмөтү расмий кызматтагы аял кызматкерлерге үйүнөн чыкпоону буйруду. Алар эркектер аткара албаган иши бар аялдар гана убактылуу ишке чыга аларын эскертишти. Анын ичинде конструктордук-инженердик бөлүмдө жана аялдардын дааратканасында иштегендерге уруксат болду.

Taliban replace a sign of the Department for Women's Affairs with the Ministry for the Promotion of Virtue and Prevention of Vice in Kandahar, Afghanistan on October 20, 2021

Сүрөттүн булагы, Getty Images

17-сентябрь 2021 - Аялдардын иштери боюнча министрлик жоюлду

Талибдер бийликке келгенден бир айдан кийин эле Аялдардын иштери боюнча министрлик жоюлуп таркатылды. Анын ордуна Адеп-ахлак министрлигинин белгиси илинди. Бул министрлик мурда талибдер биринчи жолу бийликке келгенде туура эмес кийинген же көчөдө коштогон эркеги жок аялдарды уруп-сабоого алгандыгы менен элге жаманатты болгон эле.

Аялдар иштери боюнча министрликте иштеген кызматкерлерди мекеменин имаратына киргизбей, кубалап салышты.«Аялдар үчүн бул жакта эми эч нерсе жок», — деди бир кызматкер. «Баарыбыздын үй-бүлөбүздө өзүбүздүн милдетибиз бар… Биз билимдүүбүз жана үй менен чектелгибиз келбейт".

Afghan women play cricket in Herat in December 9, 2015.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

8-сентябрь - Аялдарга спорттук мелдештерге катышууга тыюу салынды

Талибандын маданият иштери боюнча комиссиясынын башчысынын орун басары Ахмадулла Васик Афган аял спортун "ылайыксыз жана керексиз" деп жарыя кылгандан кийин афган аялдарына спорттук мелдештерге катышууга тыюу салынды.

"Крикет ойноп атканда алардын жүзү жана денеси ачылып калышы мүмкүн. Ислам аялдардын мындай көрүнүшүнө жол бербейт",-деди Васик Австралиянын телекомпаниясына.

Азыр көп спортчулар чет өлкөгө кетишкен, ошол жактан мелдештерге катышмакчы болууда.

Сахар футболдук командада үч жыл ойногон. Талибдер бийликке келгенде ал өзүнүн үй-бүлөсүн алып, өлкөдөн чыгып кетти. «Мен эми ойнобой калдым, ошого абдан капамын. Өзүмдүн спорттук формамды, кроссовкамды жана топту көргөндө көзүмө жаш келет»,-дейт Сахар.

Taliban Interior Minister Sirajuddin Haqqani and Deputy Prime Minister of the Taliban Abdul Salam Hanafi attend a graduation ceremony for new Afghan police recruits at the police academy in Kabul on March 5, 2022

Сүрөттүн булагы, Getty Images

7-сентябрь 2021 - Талибандын өкмөтү жалаң эркектерден куралды

Талибан жалаң эркектерден түзүлгөн министрлер кабинетин жарыя кылды. Мурдагы өкмөттө төрт аял министр, ошондой эле эки аял губернатор бар эле.

Taliban members stop women protesting for women's rights in Kabul on October 21, 2021.

Сүрөттүн булагы, Getty Images

5-сентябрь 2021 - Талибдер аялдардын каршылык акциясын кууп таратты

Талибандын бийлиги Кабулда өздөрүнүн укуктарын коргоп чыккан ондогон аялдардын нааразылык акциясын кууп таратты. Аларга каршы көздү бууган газ жана ачуу аэрозол колдонушту.

Аял активисттердин бири Разия Баракзай ошол акыркы нааразылык жыйындарына катышкан.

«Мен башкаларды карап отургум келген жок. Эмне болсо да демонстрацияга катышайын деп чечтим»,-дейт Разия. - Биринчи күнү бизге мамлекеттик сарайдын жанынан кол салышты. Бирок журналисттер карап тургандыктан биз уланта бердик».

«Мен акыры бир күнү акыйкаттыкты эңсеген ушул аялдардын кыялындагыдай Афганистанды көрөбүз деп тилек кылам».

Кээ бир ысымдар коопсуздук максатында өзгөртүлүп берилди.