Афган согушунун тарыхый тактары

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афганистандагы жарандык согушта өзүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн дээрлик он жыл бою кан кечип, согушуп келген советтик жоокерлер бул өлкөдөн 1989-жылы 15-февралда чыгарылган.
Дээрлик он жылга созулган Афган согушу миллиондогон адамдардын жүрөгүндө өчпөс дарт калтырды. СССР кезинде бийлик тарабынан кабыл алынган, ойлонулбаган чечимден Кыргызстандын да миңдеген жоокерлер азап чегишкен. Каза болгондордун жакындарынын күйүтү али күнчө басыла элек.
Заманынын кыстоосу менен согушка аттана берген Асан ал учурда окууну жаңы бүтүргөн бала болгонун Би-Би-Сиге айтып отурду:
“Онунчу классымды бүткөнүмдө эле чакыруу келди. Дароо эле жолго чыкканбыз. Ташкентте бир күн күтүп, андан ары поезд менен Ашхабадга бардык. Ал жакта бизди алты ай даярдаган соң, Кундузга алып барышты. Биз жашпыз, согушка алып барбаса керек деп ойлоп жатканбыз. Кундузга жетер менен жерге түшүп катарга тизилип жатсак атышуу башталды”.
Согуштун ардагери Асан ал учурдагы кыйынчылыктарды айтып жатып, ошол учурда мекенине, апасына арнап жазган катты айта албай жашып кетти. Ушунан да катаал күндөрдү түшүнүүгө негиз бар.
“Кадимки согуш талааларында күн өтүп жатты. Биз үйгө кат жазбай эле жүрө бердик. Жашпыз да. Бир күн улук лейтенантыбыз үйгө кат жазышыбызды айтып калды. Мен атам жок өскөн бала болчумун. Апамдын сарсанаа болушун сезбей, балалыкка салган экем...”, - деп улутунат Асан.
Мына ошол алаамат согушка катышкан жоокерлерибиздин жүрөгүндө кара так калтырып, ал эми окко учуп, мезгилсиз оо дүйнөгө сапар тарткан эр-азаматтарбыздын энелеринин жүрөгүндө айыккыс дартка айланган Афган согушун азыркы жаштар кандай кабылдайт? Алар бул согуш тууралуу эмнелерди билет?
23 жаштагы Азамат афган согушу тууралуу көп маалымат билбесе да, ата-энесинен угуп жүргөн. Бирок мектепте, жогорку окуу жайында бул теманы анчейин көп окубагынан жашырбайт.
“Афган согушкерлери тууралуу жаштар чындыгында көп биле беришпейт. Мектептен деле басым жасап өтпөгөн экенбиз. Ата-энем айтып калчу “баланча согушка барган, мындай согуш болгон” деп. Алардын айтып берүүсү боюнча билем. Бул Афганистандагы согушка Советтер Союзуна кирген бардык өлкөлөрдөн жоокелер барган”.
Ал эми Дастан өзү окуган окуу жайдын эң алдыңкы жаштарынын бири. Ал бул согуш тууралуу көптү билет. Бирок өзү теңдүү жаштардын бул боюнча маалыматы аз экенин айтып, азыркы учурдагы абалды салыштырууда.
“Миңдеген жоокерлердин өмүрүн алган афган согушуна кыргыз жоокерлери өздөрүнүн интернационалдык милдетин аткаруу үчүн, бийликтин тапшырмасы менен кеткен. Бардыгы бир максатты көздөп, улутуна карабай согушкан. Азырчы, такыр башка. Ар бир өлкө өзү үчүн гана күйөт. Жана Сириядагы, Афганистандагы согуштарга эч ким барбайт. Анткени бирдиктүү тапшырма, үстөмдүк кылган бийлик жок”, — дейт Дастан.

Сүрөттүн булагы, Getty Images
Афган согушу
Күндүн башкы жаңылыктарын Би-Би-Синин WhatsApp каналынан окуңуз
Катталыңыз
Жарыянын аягы
Афган согушу 1979-жылдын 25-декабрында башталып, 1989-жылдын 15-февралына чейин созулган. Анда 2,5 миллион афган эли каза тапкан.
Он жылга созулган согушка 620 миң советтик аскер кызматкери катышкан. Алардын 14 миңден ашууну согушта курман болгон.
Ал согушка Советтик Кыргызстандан дагы барып катышкандар көп болгон. Алардын саны 7 миңден ашык болуп, 248 кыргызстандык ал ооган согушунда курман болгон. Бир жарым миң кыргыз жоокери жаракат алып, кырчындай болгон жаш жигиттер майып болушкан.
Кайратмандыгы, эрдиги жана каармандыгы үчүн 200 миңден ашык аскер кызматчылары, жумушчулар жана кызматчылар СССРдин орден, медалдары менен сыйланышкан.
66 аскер кызматчысы Советтер Союзунун Баатыры наамына татыктуу болушкан. Алардын ичинде эки кыргызстандык Сергей Гущин менен Юрий Исламов да бар.
Ош облусунун Базар-Коргон районунун Арсланбоб кыштагында туулган кенже сержант Юрий Исламовго курман болгондон кийин Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилген.
Ушундай жогорку сыйлыкка Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну капитан Сергей Гущин дагы татыктуу болгон.
Интернационалист жоокерлер согушуп эле тим болбостон, Афганистанды калыбына келтирип, азык-түлүк, медициналык каражаттар менен камсыздашып, социалдык объекттерди курушкан.
Расмий маалыматтарга караганда, согуштук аракеттер учурунда Афганистанда дайынсыз жоголгон жана туткунга кабылган советтик аскерлердин саны 417 киши делет. Алардын 130у советтик аскерлер чыгарылып жаткан мезгилде бошотулган. Советтик аскерлер чыгып кеткенден кийин туткундарды бошотуу боюнча сүйлөшүүлөр Афганистандын жана Пакистандын өкмөтүнүн ортомчулугу менен жүргөн.
Айрым маалыматтар боюнча, кийин туткундан бошотулган бирин-экин советтик жоокерлер СССРге өткөрүлгөн учурлар болгон. Бирок туткунга түшкөн жоокерлердин тагдыры оор болду. Арадан отуз жыл өткөндөн кийин Ооганстандан дареги табылган орусиялык жана украиналык советтик аскерлер болгон. Алар ооган жеринде үйлөнүп, бала-чакалуу болуп калгандары тууралуу даректүү тасмалар дагы тартылган эле. (SA/EA)













